Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Эл азаматтарын эскерди


Бакиев режиминин кулашына алып келген 7-апрель окуясынын үч жылдыгы мурдагыдан айырмаланып өзгөчө шаан-шөкөтсүз курмандыктарды эскерүү күнү катары белгиленди.

Борбордук аянттагы “Эркиндик” монументинин алдына гүлчамбарлар коюлуп, кандуу окуянын курмандыктары жаткан “Ата-Бейит” көрүстөнүндө куран түшүрүү зыйнаты болду.

2010-жылы борбордук аянтта окко учкан жарандарды эскерүү иш-чарасынын башында төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин 7-апрель окуясынын курмандыктарына багышталган кошогу жаңырып турду.

Андан соң мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков жана өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев аскердик кароолдун коштоосунда “Эркиндик” эстелигине гүлчамбар коюшту.

2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта каршылык акциясына чыккан 100гө жакын адам окко учуп, төрт жүзгө жакыны жараат алган.

Андан ары мамлекеттин саясий жетекчилиги, 7-апрелде окко учкан жарандардын жакындары, жараат алгандар жана коомчулуктун башка өкүлдөрү “Ата-Бейитке” барып, апрель курмандыктарынын арбагына багыштап куран окушту.

2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта окко учкан 27 жаштагы Алимбек Аракеевдин жасаты “Ата-Бейитке” коюлган. Анын атасы Токтобек Аракеев небереси менен алыскы Алайку өрөөнүнөн эскерүү иш-чарасына келди. Токтобек аксакал быйыл маркум уулунун жазган ырларын китеп кылып чыгартканын белгиледи:

- Мына ошол кезде эки жаштагы уулу азыр бешке чыкты. Атасы эмне болуп окко учканын айтып, түшүндүрүп койолу деп быйыл өзүбүз менен кошо ала келдик. Үч жылдан бери канча кайгырсак деле уулубузду эми таба албайбыз. Апасы ошонун айынан сыздап жүрүп оорукчан болуп калды. Уулум ыр жазчу эле. Китеп кылып чыгарса дегенде эки көзү төрт эле. Ошол каалоосун аткарып, ырларын чогултуп, быйыл китебин басып чыгардык.

7-апрель окуясында оор жараат алган жарандардын айрымдары ушул кезге чейин мамлекеттин эсебинен дарыланышууда. Борбордук аянтта жарадар болгондорду тез жардам машинасына жеткирүүгө көмөктөшүп жүрүп, өзү бутуна ок жеген Дуулат Бейшеналиев буга чейин бир нече жолу операция болгон.

Дуулат Бейшеналиев мамлекеттин камкордугу болгону менен саламаттыгы жылдан-жылга начарлап жатканын айтты:

- Дарыланып эле жатабыз. Бирок организм дарыны деле көтөрө албай калат экен. Өкмөт колунан келген жардамын берди. Мамлекеттин эсебинен батир алдык. Бирок ден соолукту кайтарып алыш кыйын экен...

7-апрель алдында мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев телекайрылуу менен чыгып, Апрель ынкылабы ондогон жылга тете тарыхый жылышка из салганын белгиледи. Буга чейин президент Атамбаев уюштуруу комиссиясы сунуштаган ыңкылаптын үч жылдыгына карата майрамдык иш-чараларга каршы болгон. Ошондуктан эскерүү күнүнө байланыштуу мурда мерчемделген концерттик программа, спорттук мелдештер жана ат оюндары болбой калды.

7-апрель окуясынын катышуучуларынын бири Анарбек Аалыев бул тууралуу мындай дейт:

- Эми биз бул жерге майрамдайлы деп келген жокпуз. Бирок эскерүүнү мамлекеттик деңгээлде даярдап, жетекчилер мына ушул өткөн үч жылда эмне болду, кандай өзгөрүү болду деген мазмунда баяндама жасап коюшса болмок.

Эскерүү иш-чарасына келген коомчулук өкүлдөрү үч жылдан бери бийликтин табияты кандайча өзгөргөнүн өз ара талкууга алып турушту. Үй-бүлөлүк кландык режим жоголгон менен бийликтеги коррупциянын деңгээли жогору бойдон калганы белгиленди. Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев бийлик алмашкан менен анын табияты өзгөрбөй жатканына токтолду:

- Өз өмүрүн тобокелчиликке салып, окко учкан жигиттердин мээнети азырынча актала элек. Бийликте мурдагы эле шылуундар аралашып жүрөт. Ошондуктан бийликте бир тазалануу болсо гана өлкөдө жылыш болмок. Ал үчүн саясий эрк керек.

2010-жылы 7-апрелде аянтта кайтыш болгондордун 28инин сөөгү “Ата-Бейитке” коюлган. Анда бийликти жаңыдан колго алган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү таза жана акыйкат иштөөгө ант беришкен болчу.

Үч жылдан кийин...
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00

XS
SM
MD
LG