Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Давид Гаүзер: Кыргыз жаштарынын эрдигине таң калдым


Давид Гаүзер тарткан сүрөт
Давид Гаүзер тарткан сүрөт

Франциялык изилдөөчү, Кыргызстан боюнча адис Давид Гаүзер (David Gauzere) былтыр 7-апрелде Ала-Тоо аянтындагы кандуу окуяларга капысынан күбө болгон адамдардын бири.

Ал ошол жерден тартып алган тасманын негизинде даректүү фильмдин үстүнөн иштеп жатат. "Азаттыкка" курган маегинде Гаүзер былтыркы окуяларды эскерип, кыргыз жаштарынын эрдигине таң калганын айтып берди.

"Азаттык": Сиз былтыр Ала-Тоо аянтында болгон экенсиз. Ал жакка кандайча барып калдыңыз эле?
Бир снайперди эл арасынан ага чейин куралданып алган бирөө атып өлтүргөнүн да көрдүк.


Давид Гаүзер: Ооба, тагыраак айтсам мен аянтта түшкү саат бирден 15 мүнөт өткөндөн саат экилерге чейин болгом. Мен ал кезде Кыргызстандын жогорку окуу жайларында сабак берип жүргөм.

Америкалык университеттен Эркиндик бульварында жайгашкан Дипломатиялык академияга баратып, Ала-Тоо аянтынан өтүп калдым. Ал жерде франциялык бир таанышыма жолугуп, сүйлөшүп калдык. Бир убакытта октун үнү чыга баштады. Адегенде аянтта эл аз болчу. Менимче, 60-70тей эле киши болсо керек.

Милициянын кордону аянтты Киев көчөсүнөн бери курчоого алган. Демонстранттар баалардын кымбатташына каршы нааразылыгын тынч билдирип жатышты. Кээ бирлери колдоруна плакаттарды көтөрүп алышкан. Андан кийин милиция 2 мүнөттөй желим ок менен атып атты. Ошондо эч ким деле коркуп кеткен жок. Бир убакытта чыныгы окторго өтүштү.

Артка эмес, алга

"Азаттык": Ок атылганда эмне кылдыңыз?

Давид Гаүзер: Менин жанымда франциялык бир таанышым бар болчу. Ал камерасын алып чыгып, айланада болуп аткандарды тарта баштадык. Кызык нерселерге күбө болдук. Ок атылганда аялдар менен балдар корккондорунан кача баштаса, эркектер, тескерисинче, алдыга, милицияга карай жылышты.

Биринчи катардагылар окко учуп жатып калганда, арттагылары жер жерде жарадар болуп жыгылган, же өлүп жаткан адамдарга карабай, бир да мүнөт ойлонбой алдыга агылышты. Алардын эски режимге ушунчалык каарданып, ачууланып турганын, Бакиевдерди кетирүүгө канчалык чечкиндүү экенин көрдүк. Милиция менен бетме-бет тирешип, куралдарын тартып алып жатышты. Ошондо чыныгы кармаш башталды. Снайперлер да бар болчу.

"Азаттык": Сиз снайперлерди өз көзүңүз менен көрдүңүзбү?

Давид Гаүзер
Давид Гаүзер: Ооба, мен 5 снайперди көрдүм. Экөө "Агропромдун" чатырында, дагы экөө Ак үйдүн маңдайындагы аянттын өзүндөгү аркаларда, бирөө прокуратуранын чатырында болчу. Бир снайперди эл арасынан ага чейин куралданып алган бирөө атып өлтүргөнүн да көрдүк.

"Азаттык": Ошондо корктуңузбу? "Тез арада бул жерден качайын" деген сезим пайда болду беле?

Давид Гаүзер: Бир четинен ооба, сиз айткандай эле болду, экинчи жагынан тынбай ок жаадырып жатышса, кокусунан ошонун бирөөнө кабылбайын деп, эч жакка жылбай турууну чечтик.

Артка кайтпай, өмүрлөрүн тобокелге салган уландарды көргөндө өзүнчө толкундандым. Арасында менин студенттерим да бар эле. Эң башында бир бала, 16 жашта болсо керек, колуна “Бакиев кетсин” деген плакатты кармап күлүп-жайнап баратканын көргөм. Кийин ал кансырап жерде жатты. Ошондо “мен булардай эр жүрөк боло албаймынбы” деп өзүмө айттым.

Күбөнүн көзү менен жазылган китеп

"Азаттык": Өлөөрүн билип туруп, артка кайтпаган жаштардын эрдигине таң калган турбайсызбы?

Давид Гаүзер: Ооба, алардын эрдигине таң бердим.

"Азаттык": Милиция атат же тактап айтканда чоңдор атууга буйрук беришет деп күттүңүз беле?

Давид Гаүзер тарткан сүрөт
Давид Гаүзер:
Жок, эч күткөн эмесмин. Башында социалдык талаптар менен чыккан эл, кыргын күчөгөн сайын Бакиевдин кетишине көбүрөөк басым жасай башташты.

"Азаттык": Сиз Кыргызстан жөнүндө китеп жазгансыз. Чыгармаңызда 7-апрел окуяларына кандай аныктама бересиз? Азыр Кыргызстандын өзүндө "ал төңкөрүш болгонбу же элдик ыңкылап беле" деген талаш уланууда. Сиздин көз карашыңыз кандай?

Давид Гаүзер: Башка өлкөнүн жараны катары мен так аныктама бере албайм. Бирок ал элдик көтөрүлүш болгон деп ойлойм. Азыркы президент Роза Отунбаевадан тышкары саясий партиялардын бир катар лидерлери бир нече күн мурун камалган. Студенттер арасында, блогдордо кандайдыр бир нааразылык, өз оюн эркин билдирүүгө умтулуу сезилип жатты. Дүйнөлүк ири өлкөлөр да ыңкылап болуп кетет деп күн мурунтадан ойлошкон жок.

Кыйыр да болсо таасири тийди

"Азаттык": 7-апрел Кыргызстанга оң өзгөрүүлөрдү алып келдиби, кандай дейсиз?

Давид Гаүзер: Менимче, жакшы жагына өзгөрүүлөр байкалат. Албетте дагы көп нерсе жасалыш керек. Калың эл гана эмес, жада калса экс-президент Бакиевдин мурдагы партиясы парламенттик системанын жардамы менен өз оюн эркин билдирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул чоң жылыш болду. Демократия менен эркиндикке карай ири кадам жасалды.
Эң башында бир бала, 16 жашта болсо керек, колуна “Бакиев кетсин” деген плакатты кармап күлүп-жайнап баратканын көргөм. Кийин ал кансырап жерде жатты.


"Азаттык": Кыргызстандагы былтыркы окуялар азыр араб дүйнөсүндөгү көтөрүлүштөргө кандайдыр бир таасир эттиби?

Давид Гаүзер: Бул суроого жооп берүү оңой эмес. Кандай болсо да региондор бири биринен алыс жайгашкан эмеспи. Ошол эле маалда жыл этегинде Тунисте болгон толкундоолор Бишкекте 7-апрелде болгон окуялардын сценарийин кайталады. Демонстранттар бир аянтка чогулуп, социалдык талаптарын билдирип жатышты. Так ошондой эле полиция элге ок атты, президент шашып качып кетти, армия эл тарапка өттү.

Египетте окуялар бир аз башкача өнүктү. Ливияда болсо козголоң эмне менен бүтөрүн азыр айта албайбыз. Анын үстүнө Кыргызстандагы окуяларды "ал-Жазира" каналы да кеңири чагылдырып турган. Араб өлкөлөрүнүн эли да аларды көрүп турууга мүмкүнчүлүк алган.

XS
SM
MD
LG