Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

7-апрель бир топ адамдын турмушун өзгөрттү. Өткөн жылы 7-апрелде коррупцияга, үй-бүлөлүк, кландык башкарууга, кымбатчылыкка нааразылыгын билдирип Ак үй алдына чыккандардын 87си окко учуп, ондогон адам майып болду.

7-апрель күнү канчалаган адамдар атасыз, баласыз калды. Айрым үй-бүлөлөр ушул күндүн айынан ажырашты. Кээ бирлери аркалап аткан кесибинин бийик экенин дагы бир ирет сезди.

Жуулуп кеткен өкүнүч...

Эки бала, эки кыздын атасы, 50 жаштагы Восток Алмамбетов 2010-жылдын 7-апрелинде жоон топ элге "Форумдун" алдында, эртең мененки саат ондор чамасында кошулган экен.

Кесиби боюнча ширетүүчү Алмамбетов Ак үй алдында биринчилерден болуп бутунан жараат алган. Буга чейин буту-бутуна тийбей, чуркап иштеп жүргөн ал учурда 2-топтогу майып. Сокулук районунун тургуну.

“Ошол убактагы бир топ коррупциялык көрүнүштөр, жашоо-турмуштун начарлашы митингге чыгууга мажбур кылды”,-дейт биздин маектеш. Анын пикиринде ошондогу үмүттөр азырынча актала элек.

Восток Алмамбетов
- Ошондо саат экилер чамасы болуш керек. "Жүргүлө, артынан баралы" деп жаңы эле жылганда мага ок тийди. Мага биринчилерден болуп тийди. Жанымда 18-19 жаштардагы бала мээси чачырап экөөбүз жаттык. Кишилер мага келе албай койду. Ошондо он жашар бекен, бир бала келип колун сунду. Ошондон кийин төрт бала келип мени сүйрөп кетишти.

Жашоодо эч нерсе деле өзгөргөн жок. Баягы эле эски куйруктар келди. Өзгөрөт го деген үмүт бар болчу, сотту болсо көрүп атасыңар. 2-топтогу майып болдум. Дагы 3-4 жыл балдак менен жүрөм го. Баса албайм, бутума темир койгон, эки жолу операция болдум.

Ошентсе да Алмамбетов 7-апрелде көпчүлүк менен чогуу, коррупция, үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыкканына кымындай да өкүнбөйт.

- Мен Бакиевдер качып кетпегенде өкүнмөкмүн. Азыр өкүнбөйм. Ал бийлик жакшылыкка алып келмек эмес, мамлекет жоголмок. Мен балдар үчүн, келечек үчүн, эркиндик үчүн баргам. Эч нерсеге өкүнбөйм.

Баласын көрбөй кетти...

Ал эми Бакытбек Белеков 32 жашында көптөн күткөн ымыркайын көрбөй кетти. Гүлзат Кийизбаева 30 жашында жесир калып, ошол кезде кош бойлуу эле. Курсактагы балага алты ай болгон. Кийизбаеванын айтымында, жолдошу экөө чогуу тигүүчү цехте иштечү экен. Ошол күнү түшкү саат экилерде достору менен байланышып үйдөн чыгып кеткен.

- Койо бербегенге болгон жок же ажал арбадыбы, билбейм. Ошол күнү кайненем да үйдө болчу. Экөөбүздү тең уккан жок. Кечки саат сегиздерде бир келип, тамак ичип чыгып кетти. "Чыккандан кийин аягына чейин биротоло чыгыш керек" деп айтты.

Гүлзат Кийизбаева
"Баатыр" наамы берилген маркум Бакытбектин жесири Гүлзат жолдошун ошол кезде үйдөн чыгарбай койбой деп өкүнгөнү менен, ажал менен күрөшө албасын мойнуна алып турду. Ал биз менен маектешип жатып, ошол кезде жолдошунун абалы туурасында мындайча эскерди.

- Өкүнөм. Андай айтып деле, мындай айтып деле ойлоносуң. Бирок кетип калгандан кийин кайра кайрый албайт экенсиң. Жолдошумдун башына ок тийген. Ал 35 күн ооруканада жатып каза болду. Ошол боюнча эсине келген жок. Көзүн ачып, жалдырап эле, көзүнөн жашын агызып эле карап жатты. Күткөн баласы эле, көрбөй кетти. Баламдын атын Эрбол койдук. Биринчи Баатырбек койолу дешти, анан Баатыр болбой эле койсунчу дедик...

Гүлзаттын жашоосунда көп нерсе деле өзгөргөн жок. Учурда жашоо-тиричилигине туугандары каралышып турат экен. Ал Кыргызстанда деле жашоо өзгөрүп кетти деген ойдон алыс. “Мурда эл, эл арасында кандай жашасак, ошондой эле жашап келатабыз”- деп ойлойт. Жолдошунун "Баатыр" наамын алганына сыймыктанат. "Бирок балама кийин эмне деп жооп берем" деп ичтен сызат.

- Балам чоңойгондо сураса ошону ойлоп аябай кайгырам, "эмнеге койо бердиңер" деп айтабы дейм. Жолдошумду "Баатыр" деп атады. Бул биз үчүн бир чети сыймык, бир чети күйүт...

Ажал менен күрөш

7-апрель күнү ооруканалар канга бойолуп, дарыгерлер ажал менен күрөшкөндөй эле болушту. Ок жеген апрель каармандары биринен сала бири жеткирилип, операциялык бөлмөлөр толуп калды деп эскерет башкы уролог Акылбек Усупбаев.

Акылбек Усупбаев
Акылбек мырза 7-апрель күнү жана 8-апрелге оогон түнү 30га чукул операция жасап, бир тобунун өмүрүн сактап калды.

- Ошол күнү биринин артынан бири келе баштады, оор операцияларды жасадык. Көзүм алдымда элестеткенде – кадимки эле согуш болду. Согушта жардам бергендей эле болдук. Анткени коридорго жараат алгандар толуп чыкты, бүт эле кан. Ошентип биздин жамаат 150дөй кишиге жардам көрсөттүк. Алардын отузуна операция жасадык.

Усупбаевдин айтымында, операциялардын көбү оор болгон. Элге карай ок атылат, массалык түрдө адамдар көз жумат деп эч кимдин оюна да келбесе керек, ооруканаларда кан, дары-дармек жетишпей бир топ кыйналдык дейт башкы уролог.

- Автоматтын октору болуп атты, өйдөдөн ылдый карай атылган көзгө атарлардын огу. Өпкө жактан тийип ичек-карынын аралап, бөйрөк жактан чыгып кеткен оорулар. Алардын бирөө да “кың” дебей, "бул жерим ооруп баратат, өлүп баратам" деп бирөө да айткан жок. Эң эле оору жана өкүнүчтүүсү - бизге келген беш жаш жигит кайтыш болуп кетти. Аларга жардам бере албай калдык. Ошол күнү 18 саат тике туруп, тамак ичпей, эс албай операция жасаптырмын.


Турмушту өзгөрткөн бир күн

Ал эми 39 жаштагы Канатбек Мухамметалиевдин турмушун 7-апрель бир топ өзгөрттү. Бутуна ок тийип, ооруканада жаткан кезде жубайы кызын алып үйүнөн кетип калыптыр. Уулу болсо учурда 89 жаштагы энесинин колунда экен.

Биздин маектеш 7-апрелге чейин үй-бүлөсү менен батирде туруп, “Кыргыз Курулуш” ишканасында куруучу болуп иштечү. Эки жолу Бишкекте жана Москвада операция болду. Азыр деле балдак менен араң басып, ошол окуяда бирге болгон мекендештерине аралашып,апрель сотуна катышсам дейт. Учурда биздин маектеш Канатбек майып эжесинин колунда калган.

- Аялым болсо кетип калды. Эки балам бар, бир кыз, бир уул. Бири жетинчи, экинчиси бешинчи класста. Уулумду апам багат, ал киши да 89га чыгып калды. Аялым кабар албайт деле, унчукпайт. Ал эми бизнесмен болуп кетти...

Апрель каарманы деп атайбызбы, же курмандыгы деп атайбызбы Канатбектин айтымында, көпчүлүк жаштар Бакиев режимин кулатуу үчүн эмес, жашоо-турмуштун кыйынчылыгын бийликке жеткирүү максатында барган. Бул үчүн алар бир апта мурда эле даярданган экен. "Ак үйдүн алдына барган көк ЗИЛ унаасы, андагы идиштерге куюлган бензиндер, Ак үй дарбазасын сүзүү алдын ала сценарийде бар болчу",-дейт Мухамметалиев.

- 7-апрелге бир жума даярданганбыз. Акаев качып кеткенден кийин, Бакиев келип ал деле анын жолун улап туруп албадыбы. Үй-бүлөсү башкарып калбадыбы. Машинелерди даярдадык. Дарбазаны барып сүзөбүз деп, билесиз да. Мындай сүйлөшкөнбүз да, ар бир киши ондон киши ээрчите бармак. Ошентип 15 киши 150 болуп бардык. ЗИЛ аянтка барганда от албай калып, түртүп эптеп от алдырбадыкпы. Желекти көтөргөндө Алиясбек Алымкуловго ок тийип, жыгылып калбадыбы. Анан кийин эле мен жыгылып калыптырмын.

Канатбек ошол күнү таң калтырган бир нерсе болду дейт.

- Санитар деп койот го, колуна кызыл чүпүрөк байланып жүргөндөр. Аларды көзгө атарлар атпайт. Алар жыгылып калгандарды ташыйт. Алардын бардыгын даярдаганбыз. Ок тийген адам бир аздан кийин эсине келип турайын десе, кайра ошону атып атпайбы. Ошого таң калдык. Анан өлсөк өлдүк, кыргыз эли үчүн дедик. Анда эмнени ойломок элең? Балаңды ойлот экенсиң, энеңди ойлот экенсиң, ал эмне дейт ошонун жүрөгү ооруп калбаса экен деп...

Кандай болгон күндө да апрель каармандарынын жашоо-турмуш оңолуп, өлкө алдыга жылат деген үмүттөрү дале чоң...

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG