Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:40

Президент Алмазбек Атамбаев “Аксы окуясынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 7-апрель жылнаамада кызылга боёлуп, эс алуу күн, 17-24-март эскерүү менен катар иш күнү бойдон калаары жазылган.

Жарлык Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди. Бийликтин эки ыңкылапка эки башка статус берүү демилгеси саясатчылардын арасында кандай бааланып жатат?

Президенттин жарлыгында “2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясы, 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциялары кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунда Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы эң зор үч ашуу болгон” деп жазылат.

Ошондой эле 7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү деп Эмгек кодексинде белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталды.

Президенттин бул жарлыгы саясатчылардын арасында талаш пикир жаратты.

24-март, 2005-жыл

24-март, 2005-жыл

2005-жылы 24-мартты “Элдик революция күнү” деп өзгөчө макам ыйгаруу демилгесин көтөргөндөрдүн бири, Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Азимбек Бекназаров элдин күчү менен авторитардык бийликти кулаткан эки ыңкылаптын бирине өзгөчө статус берүүнү чагымчыл кадам катары баалады:

- Акылга сыйбаган иш деп эсептейм. Майрам күн деп айткан туура эмес. Себеби бул тарыхый күн. Жок дегенде элди аткандардын соту бүтө элек. Мүмкүн Атамбаев үчүн бул жеңиш күн болгондур. Анткени ал бийликке жетти да. Бирок революциянын максаты ишке ашкан жок. Ошондуктан бул күндөргө этияттык менен мамиле жасашыбыз керек. Бөлүп-жаруу туура эмес. Эгер быйыл Тарых жылы деп так тастыктайбыз десек, бардыгын талдап, болгон окуяны болгондой, меники-сеники дебей калыс болушубуз керек. Президент өзү баш болуп калыстыкты карманыш керек.

2005-жылдагы март ыңкылабын 2010-жылдагы апрель окуясына теңөө туура эмес деген пикирди карманган Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова 7-апрелди эс алуу күн менен бекемдөөнүн маңызы алты жыл мурда каза болгон балдарга куран окуу, жер-жерлерде эскерүү иш-чараларын өткөрүү үчүн зарыл экенин айтат.

- 24-март менен 7-апрелдин таптакыр окшоштугу жок. Эки окуя эки башка нерсе. Биринчи ыңкылапта Аскар Акаев унчукпай эле чыгып кеткен. Элин Бакиевдей аткан эмес. Бул күнү мен каза болгондорду эскерем, куран түшүрөбүз. 24-март менен 7-апрелдин айырмасы асман менен жердей.

7-апрель, 2010-жыл

7-апрель, 2010-жыл

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев жылнаамага өзгөчө саясий окуялар болгон датаны кызыл менен белгилөөдөн мурда, ага тарыхчылар тарабынан терең баа берилиши керектигин айтат. Ал кыргызстандыктардын жашоосун өзгөрткөн 90-жылдардын маанилүүлүгү да эске алынуусу керектигин кошумчалады.

- 2010-жылдагы ыңкылапты өзгөчө бөлүп койгон туура эмес. Эл эмне деп ойлойт? Нааразы болгондор чыгат. 2005-жылы революция болгон эмес беле? 90-жылдардын башында революция болгон эмес беле? Президентке мындай кеңешти ким берген? Эмне себептен мындай жазып койгону түшүнүксүз.

24-март 2012-жылга чейин календарда кызыл болуп белгиленип, эс алуу күн катары саналып келсе, кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган.

7-апрель календарда кызыл болбогону менен апрель курмандыктарын эскерүү күнү катары белгиленип келген. 11 жыл мурда март ыңкылабынын катышуучулары Аскар Акаевди кызматтан кетирүү, Жогорку Кеңешти кайра шайлоо талабын коюшкан. Бирок талаптар аткарылбай, аймактардан Бишкекти көздөй жүрүш башталып, 24-мартта бийликке Курманбек Бакиев кан төгүүсүз келген. Ал эми беш жылдан кийин апрель окуясында Курманбек Бакиев кызматынан кетүүгө мажбур болуп, элге ок чыгарып, 90дой адам курман болгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG