Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Сотто УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 7-апрелде митингчилерге ок атууга буйрук бербегенин билдирди. Бирок жабырлануучулар Суталиновдун көрсөтмөлөрү чындыкка коошпорун айтууда.

Буга чейин катуу ооруп жатканы кабарланган УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов 14-январдагы соттук жараянда 5 саатка жакын көрсөтмө берди. Анда Апрель окуясы боюнча башкы айыпталуучулардын бири болгон Суталинов өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, 7-апрелдеги окуялар учурунда митингчилерге каршы ок чыгарууга буйрук бербегенин, аянтка нааразылык акциясына чыккан элди атууга УКМКнын атайын даярдыктагы “Альфа” отрядынын кызматкерлери катышпаганын билдирди:

- Мен бүгүн “Альфанын” кызматкерлери элге ок аткан эмес деп толук ишеним менен айта алам. Себеби мен аларга ок атуу боюнча буйрук берген эмесмин. Бишкектеги “Форум” ишканасынын жанында митингчилер милиция кызматкерлерин сабап салган соң гана эскертүү иретинде асманга ок чыгаргыла дегем. Андан башка буйрук болгон эмес. Бирок мыйзам боюнча биз курал колдонууга укугубуз бар болчу.

Ошол эле кезде Суталинов ошондогу кан төгүүлөр боюнча моралдык жоопкерчилиги чоң экенин айтты. Учурунда өлкөдө түзүлгөн кырдаалга кандайдыр бир таасир тийгизе албай калганына өкүнөөрүн, ошол себептен ооруп калганын кошумчалады.

Мурат Суталиновдун көрсөтмөлөрүнө караганда, 2010-жылдын 6-апрелинде Таластагы окуялар башталгандан тарта эле күч органдарынын жетекчилери Ак үйдө кеңешмелерди өткөрө башташкан. Анда көбүнчө Мамлекеттик күзөт кызматынын ошондогу жетекчиси, мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиев үстөмдүк кылып буйруктарды берип туруптур. Ошондуктан Суталинов элди атууга буйрукту ким бергенин так айтпаса да, буга Жаныш Бакиевдин тиешеси болгонун кыйытты:

- Мен Жаныш Бакиевдин "ок аткыла" деп буйрук бергенин уккан эмесмин. Бирок ал окуялардан кийин Жаныш Бакиев орус телеканалдарынын биринен "курал колдонууга мен буйрук бердим, эл арасында куралчан жүргөндөрдү түзмө-түз эле аткыла, ал эми Ак үйдүн тосмосунан киргендерди бутка аткыла деген буйрук бердим" деген маегин мен өз көзүм менен көргөм.

Мурат Суталинов “Форум” ишканасынын жанында жаалданган элди көргөн соң 7-апрель күнү түшкө жуук келип, Курманбек Бакиевге кызматтан бошотууну суранып арыз жазганын да билдирди. Бирок ошол кездеги президент анын арызын кабыл алган эмес экен.

Ошондой эле Суталинов Казакстанга качып кетти деген сөздөр жалган экенин айтты. Анын айтымында, Апрель окуяларынан соң чет өлкөгө качпастан Кыргызстандын эле аймагында болуп, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан коркуп, жашырынып жаткан.

Анткен менен жабырлануучулардын жакындары сурак жүрүшүндө Суталиновдун көрсөтмөлөрү чындыкка коошпойт деп ишенбей жатышат.

Маселен, Апрель окуяларынан жакындарын жоготкон жана жабыркагандар түзгөн “Мекен шейиттери” уюмунун башчысы Осунбек Жамансариев Суталинов айыптан качуу аракетин көрүп жатат деген пикирде:

- Эми бул жоопкерчиликтен кетүү амалын көрүп жатат. Көпчүлүк маалыматтарды башын чыгарып эле айтпай коюп жатат. Мындай жүрүп отурса, соттун бүтүшү күмөн болуп жатат.

Мурат Суталинов Апрель окуясынан кийин дайынсыз кетип, кийин сотко өзү келген. Ден соолугуна байланыштуу азыр ал үй камагында.

Муну менен катар бүгүнкү соттук териштирүүдө Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Данияр Дунгановдун адвокаты ден соолугуна байланыштуу аны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирди. Ишти карап жаткан Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков бул боюнча 15-январда чечим кабыл алмай болду.

2010-жылдын 7-апрелиндеги бийликке каршы митинг учурунда токсонго жакын адам окко учкан. Бийлик алмашкан соң бул окуя боюнча бир канча адамга кылмыш иши козголгон. Айыпкерлердин тизмесинде мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары, ошол кездеги күч кызматтарынын жетекчилери, Ак үйдөгү таасирдүү чиновниктер бар. Жалпысынан 21 киши. Бакиевдер жана айрым соттолуучулар өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу сыртынан соттолууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG