Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:34

Эскерүү иш-чарасы жөө жүрүш менен уланат


Бишкектеги 7-апрель окуяларынан бир көрүнүш.

Бишкектеги 7-апрель окуяларынан бир көрүнүш.

Бир жыл мурдагы окуяларды эскерүүгө байланыштуу иш-чаралар тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна уюштуруу комитетинин мүчөсү, президенттин маданият тармагы боюнча кеңешчиси Султан Раев жооп берди.

"Азаттык": Элдик толкундоолордун бир жылдыгына карата акыркы күндөрү бир топ иш-чаралар өттү. Ыңкылап күнү деп саналып жаткан бүгүнкү күн Бишкекте кантип белгиленет?

Султан Раев: Бүгүн эртең менен саат ондо куран окулат. Андан кийин “Форум” ишканасынын жанында былтыркы окуяларга катышкандардын митинги өткөндөн кийин Ала-Тоо аянтына чейин жөө жүрүш болот.

Ала-Тоо аянтында саат төрттө митинг-реквием болот. Бул жерде шаар мэри Иса Өмүркулов сүйлөйт. Андан соң былтыркы окуялардын драмалуу учурун камтыган көрсөтүү болот.

"Азаттык": Чет өлкөлүк дипломаттар чакырылганбы?

Раев: Бул иш-чараларга Бишкек шаарындагы дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү, ошондой эле шаардын коомчулугу, маданият, искусство, көркөм жана илимий интеллигенция өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери, окутуучулар чакырылды.

"Азаттык": 87 адамдын өмүрүн алган, канчалаган адамдардын денесин гана эмес, жүрөгүн жаралаган бул күнү бардыгына тегиз көңүл бурулуп жатабы?

Раев: Албетте өкмөт тарабынан, бийлик тарабынан бир топ иш-чаралар болгонун өзүңүздөр билесиздер. Буга чейин ошол окуяларга катышкандарга батирлер берилди. Ошондой эле өкмөт тарабынан акчалай жардам көрсөтүлүп жатат. Менин оюмча, албетте баарына тегиз жардам берүү боюнча бир аз маселе бар. Бирок өкмөт "баарына тегиз жардам көрсөтсөк" деген ойдо турат.

"Азаттык": Бул күндү майрам күн катары белгилөө зарылдыгы барбы? Бул маселе комиссияда көтөрүлдүбү?

Баарына тегиз жардам берүү боюнча бир аз маселе бар.
Раев: Майрам күн катары белгилөө маселеси айтылып жүрөт. Уюштуруу комитетинде да бул маселелер айтылган. Албетте муну Жогорку Кеңеш карайт. Президент да карап, мындай бир негиздеш керек да. Азырынча ал аракеттер боло элек.

"Азаттык": Президентке бул багытта буга чейин сунуштар түштүбү?

Раев: Бир топ сунуштар түшкөн. Бирок бул күн өкмөт өзүнүн токтому менен, ошондой эле Жогорку Кеңеште кабыл алынышы керек. Бул эки бийлик бутагы бул маселени карап чечим кабыл алат го деген ойдобуз.

"Азаттык": Сиз өзүңүздү апрелдеги элдик толкундоолордун катышуучусумун деп эсептейсизби?

Раев: Жок, мен тилекке каршы 7-апрелдеги окуяларга катышкан жокмун. Себеби мен ал убакта Москвада жүргөм. Чынын айтканда, мен 7-апрелдеги окуяларды өз көзүм менен көрбөй калдым.

"Азаттык":
Рахмат.
XS
SM
MD
LG