Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:57

Кыргыз коомчулугу өткөн жылы 7-апрелде эмне болгонун аңдап-билүүнүн үстүндө ой жүгүртүүдө. Айрымдар ыңкылап болгонун жана ал максатына жеткенин айтса, башкалар тескери пикирде. 7-апрелге чейин кандай абалда элек, азыр кандай абалдабыз?

Көтөрүлүштүн себеби

7-апрелде калктын козголуп чыгуусу үчүн мурдагы бийлик бардык шарттарды өзү түзүп бергени байкалып турат.

Биринчиден, маанилүү мамлекеттик объекттерди коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, бийликти узурпациялоого бекем багыт алган. Бул Конституцияны өз ыңгайына карай өзгөртүү, бир туугандарын, уулдарын мамлекеттик негизги кызматтарга коюу жана мамлекеттин финансы, коопсуздугун алардын колуна тапшырылуусу менен тастыкталып турат.

Экинчиден, оппозицияны саясий жараяндан четтетип, таасирлүү саясатчыларды айыгышкан каршылашына айлантты. Бул көрүнүштөр калктын кыжырын кайнатып, ал эми Евгений Гуревич сыяктуу чет өлкөлүтөрдүн бийликтин өнөгүнө айлануусу жарылууну тездетти.

Эмнеге жетиштик?

7-апрелдеги жарылуу жана андан кийин кабыл алынган Конституция бийликти монополизациялоого чек койду. Жең ичинен кеткен энергетикалык жана башка объекттер мамлекетке кайтарылды.

Бирок ал коррупцияга жана экономикалык каатчылыкка чек койо алган жок. Тескерисинче, бюджеттин тартыштыгы кескин көбөйүп, президент, өкмөт башчы карыз сурап дүйнө кыдырып кетти.

Апрель ыңкылабынан кийин айрым бийлик башындагылардын өз билемдиги, банктардын уячаларынан миллиондогон акчаларды каалагандай калчоосу, коррупциялык жаңжалдар, эң негизги коалициялык өкмөттүн бир багыттуу жана натыйжалуу ишинин жоктугу эл ичинде көңүл кайт болууну күчөтүүдө.

Эксперттер эмне дейт?

Коррупциялык жаңжалдар коалициялык өкмөттү өтө алсыратып, ал тарап кетүүнүн алдында турат. Муну өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев 7-апрелде тастыктады. Атамбаевдин айтымына караганда, парламенттеги мурунку бийликтин тарапкерлери төңкөрүш жасагысы келип жатат. Ошол эле мезгилде Атамбаев ыңкылап максатына толук жете бербегенин моюндады.

Ишенбай Абдуразаков
Саясатчы жана дипломат Ишенбай Абдуразаков азыркы мезгилде 7-апрелдеги ыңкылап максатына жетти, жетпеди деп баа берүү эрте деп эсептейт. Азыркы мезгилде ошол максатка карай бараткан жолубуз туура багыттабы деген маселе коюу туура деп эсептейт Ишенбай Абдуразаков:

- Кандай баратабыз? Мына башталышынан эле кээ бир кадамдарынан көрүнүп калат, туура баратабызбы же жокпу деген. Эми ошол жагын карасак буларда жасаган иштеринде чийкилик көп болуп жатат. Эл коррупцияны жоготууну, бийликке келген адамдардын таза иштеп беришин күтүп жатат. "Балык башынан сасыйт" деген сөз бар, эгерде бийлик башында турган адамдар таза болсо калган коомго да жакшы таасирин тийгизет эле деген тилек бар болчу. Эми азыр карасак, ошол азырынча такыр болбой жатат. Бирок ушуну менен баары ушундай болуп кете берет деп айтуу да туура эмес.

Саясат талдоочу Элмира Ногойбаева 7-апрелдеги ыңкылап кайсы бир деңгээлде максатына жетти деп эсептейт:

- Менин оюмча кээ бир деңгээлде ишке ашты. Бизде авторитардык бийликтин омурткасы сындырылды. Бул оң жагы. Ал эми кемчилиги - өлкөнү жаңылантуу жолуна салууну колдон чыгарып жибердик. Кээ бир системдүү иштерди жүргүзбөдүк.

Элмира Нойгойбаева
Апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген күчтөр парламенттик бийлик системасынын орнотулушун негизги жетишкендик катары белгилеп келатат. Бирок коалициялык өкмөттүн туруксуздугу жана андагы терс көрүнүштөр коомчулукта парламенттик система канчалык натыйжалуу деген суроолорду пайда кылууда.

Ишенбай Абдуразаков бул суроолорго мындай жообун берди:

- Бул мамлекетти башкаруунун ар кандай формалары болот. Мына алдыга чыгып кеткен өлкөлөр парламенттик система иштеп атканы үчүн эле прогресске жетишти дегендик эмес. Алар ошол системага акырындан, эволюциялык жол менен келишкен. Бул система чын эле өзүнүн натыйжалуу жактарын далилдеди. Бирок ал система автоматтык түрдө өнүгүүнү камсыз кылбайт. Ошол системаны туура колдонуш керек. Ошон үчүн биздеги саясий элита бышып жетиш керек ошого. Өздөрүнүн саясий маданияты, билими болуш керек. Анан эң негизгиси алдыңкы өлкөлөргө жетиш үчүн шарт түзөлү деген ниет менен иштеш керек. Бийлик өзү да тазаланыш керек.

Ишенбай Абдуразаков калк дагы парламенттик системанын натыйжалуу иштешин өзү шайлаган саясатчылардан талап кылыш керектигин кошумчалады.

Чет өлкөлүк талдоочулар да 7-апрелдин жыйынтыгы боюнча бир жактуу пикирде эмес. Айрымдар чыныгы ыңкылап катары бааласа, башкалар өлкөдөгү азыркы кырдаалга көз салып туруп, ыңкылап максатына жетпеди деген пикирде болууда.

Ал эми кыргыз коомчулугунда "көбүрөөк эркиндикке жетиштик, бирок тазалануу жолуна түшө албадык" деген ой үстөмдүк кылгансыйт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG