Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Рысбеков: Конгантиев элди атпагыла деген


Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Рысбеков.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Рысбеков.

2010-жылы 6-апрелде борбордон Таласка милициядан кошумча күч барган эле. Алардын арасында Бишкек шаардык милициянын коомдук коопсуздукту камсыздоо башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси, учурда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Рысбеков да болгон.

“Азаттык”: 2010-жылы 6-7-апрель күндөрү Таластагы окуяларды эстеп, айтып бересизби? Бишкектен кантип барып калдыңар, ким жөнөттү, кандай буйрук болду...

Улан Рысбеков: Ошол убакта чукул арада чогулгула деген көрсөтмө болду. Биз деген форма кийген, погон тагынган адамдарбыз да. ППСтин полкунда чогулдук. Андан ары аэропортко бардык. Ал жактан эки учак, беш тик учакка отуруп, Таласты көздөй сапар алдык. Ошондо 15 жылдай убакыттан бери Таласка учак каттаган эмес экен. Атайын каражат, атайын кийим менен баратканбыз. Учкучтар Таласка кантип конобуз, көптөн бери каттачу эмес элек деп коркуп жатышты. Барсак чын эле эл жаалданып күтүп туруптур. Ал жактан облустук ички иштер башкармалыгына бардык. Ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров, ИИМдин орун басары Жакыпбек Азизов бар эле. Кырдаал өтө оор болду. Губернатор барымтада отурат деген маалыматты орусиялык телеканалдар бере баштады...

Ошол жерден оперативдүү штаб түзүлдү. Кырдаалды талкуулап, ар ким өз оюн айтты. Мен “келгиле, операцияны таңкы саат 4тө баштайлы, барымтадагы адам бир аз отуруп турар, элди үркүтүп албайлы” деп сунуштадым. “Жок, болбойт, көрсөтмө жогору жактан болуп жатат” дешти. Ошол кезде башкы кол башчы Курманбек Бакиев эле да. Ал болсо “тезинен бошоткула, тезинен ошол жердеги элди талкалагыла, тезинен камай турганын камагыла, атчусун аткыла” дегендей көрсөтмө берип жатты.
Талас облусунун администрациясы. 2010-жыл, 7-апрель.
Талас облусунун администрациясы. 2010-жыл, 7-апрель.
Биз чогулдук. Алты топко бөлүнүп, аянтты көздөй аттандык. Аянтта ушундай эл көп экен. Дөңгөлөктөр өрттөнүп атат, элдин колунда да от жүрөт. "Падыша кетеринде же жок болорунда өз элине кас болот" деген сөз бар эмеспи. Бул жерде дал ошондой болду. Биз аянтка жакындаган кезде эл бизге чабуул койду.

Анан эмне дейбиз... Атайын даярдыктагы отрядды “Алга!” дедик. Бийлик элди ушунчалык тажаткан экен, бизден эч ким качкан жок. Тарсылдаган граната ыргытсак, ал жарыла электе тосуп алып, кайра бизге ыргытып жатышты. Даярдалган отряд калкан менен элди сүрүп отуруп, облакимчиликтин оң жагын бошотуп, губернаторду сууруп чыкты. Аянтты тазаладык. Кармаш кызып, элди токтотуу кыйын болду.

Биз болгону бир сааттай эле аянтты таза кармап турдук. Андан кийин эл көбөйүп, бизди кысып салды. Биз облакимчиликтин имаратына кирдик. Таштар, күйгөн бөтөлкөлөр ыргып жатат. Ак үйдүн чыгыш тарабына барып он милицияны коюп келсем, алар ”таш ыргытып атышат” деп артымдан качып келди. Командирлер чогулуп, эмне кылыш керек деп сүйлөштүк. Ичинде калууга болбойт эле. Чогулган эл каптап кирсе, окуя жаман жагына өнүгөт болчу. Мен “келгиле эми сыртка чыгалы” деп сунуштадым. Буйрукту аткаргыла деп буйрук берип, эшикти тээп, сыртка чыктым. Ошол замат таш жаады. Түркия берген калкан, атайын кийим жакшы эле туруштук берди. Ошондо үнүмдүн болушунча “айланайын эл-журт, биз силер мененбиз, ушул жерде 20 жаштагы, үйлөнө элек балдар да бар, аларды аягыла, бизге жол ачып бергиле, элге кошулабыз” деп кыйкырдым. Ошондо ушундай катуу кыйкырган экем, тамагыма доо кетиптир, үнүм азыркыга чейин жакшы чыкпайт. Элден айланса болот, жол ачып берди.

Ушул ызы-чуунун алдында Молдомуса Конгантиев мага телефон чалды. Ал кезде Бишкекте болчу. Мен кырдаал тууралуу маалымат берсем, “Улан, бир дагы ок чыгарбагыла, бул буйрук, элдин кыжырына тийбей, ачуусун күчөтпөй, кырдаалга карап иш кылгыла, бир ок чыгарсаңар капа болбогула, жеке курамды сактагыла” деп буйрук берди. Ал убакта ок деле атылып кетиши мүмкүн эле. Биз октордун баарын жок кылдык, катуу тепки жедик. Эң башкысы эл аман-эсен болду...

“Азаттык”: Ошол кездеги ИИМ министри Молдомуса Конгантиев кантип эл арасында калып калды?
Молдомуса Конгантиев.
Молдомуса Конгантиев.
Улан Рысбеков: Конгантиев Таласка эртеси күнү келип, элге чыкты. Эми министрби же кайсы жетекчи болбосун, тополоң болуп жаткан жерден алып качып кетсе болот. Мен ошондо штабды өзгөртөлү, Талас районунун борборуна баралы деп айткам. Анан министр түндө таяк жеген, баштары жарылган, канжалаган балдарды көрүп, “ушул балдардын ата-энесине мен эмне деп жооп берем” деп кейигени эсимде... Милициянын дээрлик 90дон ашык пайызы сабалган эле. Конгантиев “мен эч жакка барбайм, ушул балдар менен болом” деп кетпей койду. Бишкектен ИИМден келгендер министрди алып кетели деп бул жакка, тигил жакка дешти, ал болбой койду. Ошентип тополоңдо калып калды. Революция болду.

Бишкектен эки жүздөй милиция барган. Ошонун 198и токмок жеди. Өтө оор жаракат алышты. Мен бирок элге ыраазы болдум. Ушунчалык болуп жатса да, баары бир эл сактады. Эми кээ бир жаш балдар туура эмес иштерге барды. Мен мисалы, катуу таяк жедим, өрттөйбүз, дарга асабыз дегендер да болду. Канжалап, эсиме келип-келбей жатсам бирөө бут кийимимди чече баштады, анан экинчиси келип, "Эй, өлгөн адамдын бут кийимин кийбейт" дегенде чокоюмду ыргытып, ары басып кетти...

“Азаттык”: Бишкекке кайра чогулуп кантип келдиңер?

Улан Рысбеков: Биз жаракат алган милицияларды ооруканага жеткиздик. Мен өзүм да ооруканага түштүм. Айрымдарын Кара-Буурага алып кеттик. Ал жакта негизинен түштүктөн барган кызматкерлер болду. Анан жергиликтүү эл биздин балдарды кийинтип-ичинтип, милицияда иштейбиз деп айтпагыла деп таксилерге салып жөнөтүп жатышты.

Ошондо Кудай сактады, Кудайга ыраазыбыз, Таластын касиети менен милиция тараптан да, эл тараптан да бир да адам өлгөн жок...
XS
SM
MD
LG