Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

Былтыркы 7-апрелдеги кандуу окуя боюнча соттук процесс уланууда. Укук коргоочулар кеңеши соттун жүрүшүндө адвокаттарга кысымдар болуп атканын айтып, атайын билдирүү таркатышты.

2010-жылдын 7-апрелинде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга карата ок атылып, натыйжада ондогон адамдар мерт кетишкен.

Бул боюнча башкы күнөөкөр катары мурдагы президент Курманбек Бакиев, анын бир тууган иниси Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Мурат Суталинов, анын орун басары болуп турган Марат Бакиев, “Арстан” атайын бөлүгүнүн жетекчиси болуп турган Арстан Байыш уулуна кылмыш иши козголуп, тергөө бүткөн соң иш сотко өткөн.

Азыркы тапта жогоруда аты аталган башкы айыпталуучулар чет мамлекеттерде жашырынып жүрүшсө да соттук териштирүү уланып, айыпкерлерди сыртынан соттоо аракеттери жүрүп келатат.

Өткөн соттук кароодо Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында жаткан мурдагы коргоо министри Бактыбек Калыевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү суралган. Мындай кайрылуу менен айыпталуучунун адвокаты Руслан Далаев жана Жогорку Кеңештин 60 депутаты сотко кайрылышкан.

Мындай кайрылууга айыпталуучунун ден соолугу начарлап кеткени, бир жылдан бери тергөө абагында жатса да соттун чечими чыкпаганы себепчи болгон. Р.Далаев айыпталуучу эч кайда качып кетпесин, сотко үзгүлтүксүз катышып турарын убада кылууда.

Ошентсе да 7-апрелде жакындарын жоготкондор, жаракат алгандар буга нааразы болуп, Б.Калыевдин баш коргоо чарасын өзгөртпөө керектигин талап кылышууда. “Мекен шейиттери” кыймылынын өкүлдөрү Б.Калыев да башкаларга окшоп качып кетет деп чочулашууда.

Дал ушундай чочулоолордон жана соттук кароо маалындагы ар кандай кайым айтышуулардан улам 13-июлдагы териштирүү учурунда сот залында чатак чыккан болчу. Кайым айтышуу маалында жабырлануучулар суу куюлган желим бөтөлкөлөр менен айыпталуучуларды жана адвокаттарды ургулашса, айыпталып аткан “Альфа” атайын бөлүгүнүн аскери Сергей Цигельников каршылашкан тарапты отургуч менен чабууга аракет кылган.

Судья Дамир Оңолбеков
Буга байланыштуу Укук коргоочулар кеңеши билдирүү таратып, мамлекет апрель окуясы боюнча соттук процесстин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздай албай атканын, адвокаттарга кысым болуп атканын билдиришти.

Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын айтымында, жабырлануучулардын эмоцияга алдырып атканын түшүнсө болот. Бирок алар чатак чыгаруу, кысым кылуу аркылуу соттук териштирүүгө жолтоо болушууда:

- Кала берсе ал жерде сотко коопсуздук жок. Мен өзүм да катышып жаттым. Сот бир нерсе деп айтса, “өлтүрөбүз” деп бакыра беришет. Экинчи жагынан сотко жабыр тарткан балдар келе беришет. Албетте биз аларды түшүнөбүз. Бирок сот болгондон кийин териштириш керек да баарын. Кайсы жерден аткан, ким күнөөлүү - аныкташ керек да. Ошого жеткирбей эле бөтөлкөдөгү суулар, отургучтар менен сабап атышпайбы.

“Мекен шейиттери” кыймылынын төрага орун басары Нурия Айдабосунованын пикиринде, укук коргоочулар бир гана адвокаттарды жана айыпталуучуларды коргоп, бир жактуулук кылышууда. "Бирок бул жерде адвокаттар атайылап жабырлануучулардын жараларын чукуп, атайылап чагым жасап, соттук кароону үзгүлтүккө учураткылары келгендей" деди Айдабосунова.

Апрелде жакындарын жоготкондор, 12-май, 2010-жыл
Жабырлануучулар 60 депутаттын сотко кайрылып, Б.Калыевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, тергөө абагынан бошотуу сунушуна капа болушкан:

- Бул жерде судья эки жакка тең тартпай, аягына чейин чыгарайын деген максатта ишти карап атат.

Мына бир жылдан өттү, бул жакшы нерсе. Баарын калыс карайлы деп эле атышат. Бирок өзүңөр билгендей сот залында жалаң эле жабырлануучулар эмес, айыпталуучулар да отурат. Өткөндө жанагыдай чатак болмок эмес, эгерде Калыев деген мурдагы кКоргоо министрине 60 депутат арыз жазып, бошот дебегенде...


Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, бул жерде эки тарап тең эмоцияга алдырбашы керек. Анткени жабырлануучулар күйүттөн улам эмоцияга алдырышса, адвокаттар аңдабай сүйлөп коюп жатышат:

- Биринчиден, жаракат алгандардын, жабыр тарткандардын, балдары өлгөндөрдүн ичи ачышып турат. Аларды түшүнсө болот. Адвокаттар да ошол себептүү сүйлөштөн мурда байкап сүйлөш керек. Анткени залда балдары, күйөөлөрү, туугандары өлгөндөр отурат. Анан ага карабай эле кээ бири ойлонбой сүйлөп коюуда.

Өлгөндүн артына көмгөн кылып, адвокаттар берки тарапка карата туура эмес сөздөрдү айтып коюп атышат. Бирок экинчи тарап да адвокаттарды кемсинтип, аброюна шек келтирип жаман кылып атышат. Муну менен биз дүйнөлүк коомчулукка мыйзамды сыйлабаганыбызды, маданиятсыз экенибизди билдирип атабыз. Ошондуктан мен эки жакты тең сабырдуулукка үндөйт элем.

Кайсы жерден аткан, ким күнөөлүү - аныкташ керек да. Ошого жеткирбей эле бөтөлкөдөгү суулар, отургучтар менен сабап атышпайбы.

7-апрелдеги кандуу окуя боюнча кезектеги соттук кароо 20-июлда уланат. Соттук териштирүүгө Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков төрагалык кылууда.

Бул иш боюнча 28 адамга айып тагылган. Алардын мурдагы президент К.Бакиев баштаган алтооно эл аралык издөө салынган. Аларга массалык адам өлтүрүү, зомбулук көрсөтүү аркылуу кызмат абалынан пайдалануу сыяктуу беренелер боюнча айып тагылган. Учурда башкы айыпталуучу саналган алтоо тең чет мамлекеттерде жашырынып жүрүшөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG