Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Аба ырайы: жаан карга айланат


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 23-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын жаайт. Тоолуу аймактардагы жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз 0…5 градус жылуу болот. Таласта түнкүсүн -2…-7 градуска чейин төмөндөп, күндүз 1…6 градуска көтөрүлөт. Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6 градус, күндүз 2…7 градус жылуу болот. Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9 градуска чейин суук болот, күндүз 0…5 градус жылыйт. Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11 градус, күндүз 0…-5 градус, бийик тоолуу райондордо -12…-17 градуска чейин, күндүз -4…-9 градуска чейин төмөн түшөт.

23-октябрда Бишкек шаарында жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү температурасы 3…5° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG