Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:14

7-апрелдеги элдик толкундоолордо мерт болгон кыргызстандык жарандардын экөө Ички иштер министрлигинин академиясынын курсанттары болчу. Алардын бири - Эдил Такырбашев, экинчиси – Никита Кущ.

“Ала-Тоо” аянтында мерт болгон Никита Кущту анын апасы эскерет.

Лидия айымдын көз жашы бир жылдан бери кургабай келатат. Ал баласын акыркы жолу сабакка узатканын эскерди:

- Ал даярданып кеткен, Таласта тополоң башталган болчу. Формасын кийбей, камуфляж кийген, анткени аларды бир ай мурун даярдай башташкан. Адаттагыдай ал эртең менен кетти да, кайра кайткан жок.

Лидия 7-апрелдеги тополоң маалында жумушта экен. Ала-Тоо аянтына курсанттарды алып келгенин угуп, ал жакка чуркап жетишпей калганын айтып өксүдү.

- Мен жетинчи ооруканада иштейм. Аларды алып келди деп угарым менен жумуштан чуркап чыктым. Мен Никита жыгылган жерге бир квартал жетпей калдым. Бир квартал. Панфиловго чейин гана жеттим. Эң кыйыны – мен аны таппай калдым. Ал жактагылар жаракат алган балдар болчу, алардын бардыгын ооруканага алып кетишкен экен. Мен аны тапканымда ал каза болуп калыптыр.

Лидия Никитанын кичинекей чагын эстеди:

- Никита шаарда төрөлгөн, ал активдүү, эржүрөк болчу. Анткени мен аны кээде урушканда “Никита, ал жер кооптуу да” десем, ал “кооптуу болсо да мага кызыктуу”,- деп жооп кайтарчу. Никита аскер кийимдерине, ошондой маанайдагы ырларга кызыкан бала болчу. Мисалы “Любэ” тобунун “Комбат” деген ырына аскер адамдарын туурап басчу. Ал көп окучу, жаныбарларды жакшы көрчү.

Кичинекейинен эле намыскөй болчу. Биринчи классында сабактан эрте келип, “сизди мектепке чакыртып жатат” деп калды. Мен себебин сурасам “эже менин намысыма тийген сөздөрдү айтты” деп калды. Мен мектепке барып мугалим менен сүйлөшкөнүмдө чындыгында ал ошентип айтканы маалым болду. Мен мугалимге “ал кичинекей адам болсо да анын намысына тийишүү туура эмес” дедим. Анткени биз аны ошентип тарбиялаганбыз.

Окшош тагдырлар

Никита эркектен жалгыз экен. Лидия азыр кызы, Никитадан улуусу Оксана менен жашайт.

- Менин үй-бүлөм Никита болчу. Атасы каза болгон. Үй-бүлөдө өз милдетин так аткарчу, мен да ага “сенин милдетиң – үй-бүлө” деп айтчумун. Жакшы үй-бүлө болчубуз. Азыр менде үй-бүлө жок калды. Минтип калаар күнөөм жок эле. Азыр мен кызымдын жанындамын, күйөө балам уулдай болуп ордун толуктап жатат. Неберем Никитага абдан окшош. Небереме кубанам, ал жок болсо менин жашагым келмек эмес. Кимдир бирөөгө кам көрбөсөм жашоом маанисин жоготмок. Ошондуктан мен неберем болгонуна сүйүнөм.

“Бул окуя эки үй-бүлөнү бириктирди” дейт Лидия. Ал Эдилдин жакындары менен байланышып турарын айтып, Эдил Такырбашевди эстеп көзүнөн жаш кетти.
Никита аскер кийимдерине, ошондой маанайдагы ырларга кызыкан бала болчу.


- Эдилди аяйм. Абдан татынакай бала болчу, анын ата-энеси менен байланышып турабыз. Курсташтарынын айтымында, Никита абдан шайыр, өзүн да, досторун да коргоого шыктуу болсо, Эдил ак көңүл, жоош бала болчу. Мен Эдилге боорум ооруйт, өкүнүчтүү. Ушундай маңдайы жарык балдарды жоготтук.

Лидия Никита менен Эдил окуган академияга барып турат экен:

- Балам мен үчүн тирүү, мен академияга барганды жакшы көрөм, анткени ал жакка барганда мага ал ошол жерде жүргөндөй болот. Никитаны достору көзү өткөндөй айтышпайт, ошонусу мага абдан жагат. Биз мындай кылганбыз, биз тигидей кылганбыз деп айтышат. Никита тирүү, ал мени менен, ал достору менен...

“Никитанын достору абдан көп болчу. Бүгүнкү күндө балам жок болсо да, алар меникине дайыма келип турушат,”- дейт апасы.
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG