Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:07

Казакстандын ички иштер органдары Тараздагы террордук чабуулда колдонулган гранатомёт Кыргызстандан сатылып алынган болушу мүмкүн деген божомолун жарыялады.

Серепчилердин баамында, мындай божомолдун орун алышына Кыргызстанда өткөн жылы апрель жана июнь окуяларында көптөгөн курал-жарактар жоголуп, анын көпчүлүгү кайтарылбай жаткандыгы себеп болушу мүмкүн.

Жакында Казакстандын Тараз шаарындагы кол салууда жанкечти колдонгон гранатомёт Кыргызстандан сатып алынган болушу мүмкүн деген божомолун Жамбыл облусунун ички иштер департаментинин башчысынын орун басары Марат Кожаев билдирген болчу. Бирок Кыргызстандын тартип коргоо органдары бул боюнча расмий комментарий берише элек.

Тараздагы кол салуудан кийин, 12-ноябрь, 2011-жыл

Тараздагы кол салуудан кийин, 12-ноябрь, 2011-жыл

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Кутуев казакстандык ички иштер органдары өздөрүнүн божомолун далилдер менен тастыктаса болмок деген ойдо:

- Муну жөн эле шылтоо катары жарыялашыптыр. Эгерде ошондой күмөнү болсо далилдердин негизинде “мурда жоголуп кеткен, Кыргызстандын кайсы бир аскер бөлүгүнө тиешелүү курал экен” деп бир негиздеме келтирсе туура болмок. Болбосо жөн эле факты жок эле оозуна келгенди айта берген коңшу мамлекеттин милициясына абийир алып келбейт. Бул эми алардын өз жоопкерчилигин бирөөлөргө оодара койууга жасаган аракети болушу мүмкүн. Эгерде чынында ошондой болсо, атайын суроо-талап кылып, бул жакка маалымат жөнөтүп, ошонун негизинде анан маалымат таратса туура болот эле.

Серепчилердин айтымында, өткөн жылы Кыргызстанда көптөгөн курал-жарактардын жоголушу жогорудагыдай божомолдордун чыгышына негиз берүүдө. Анткени ушуга чейин ошол куралдардын кырк пайыздан ашууну гана кайтарылган.
Бул багытта маалымат жана үгүт өнөктүгүн жайылтып, калктын калың катмарын курал-жарактарды тапшырып берүүгө үндөшүбүз керек.

Былтыркы апрель жана июнь окуяларынын учурунда жоголгон курал-жарактардын саны жалпысынан 1177 даананы түздү. Анын 876сы 6-7-апрель күндөрү тартылып алынса, үч жүздөн ашууну июнь коогалаңында жоголгон.

Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун жетекчиси Рахматилло Ахмедов жоголгон курал-жарактарды табуу боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз улантылып жатканына токтолду:

- Жоголгон курал-жарактарды өз ыктыяры менен тапшыргандар бар. Ошондой эле биздин кызматкерлер ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кимде мына ошол куралдар бар экендигин иликтеп чыгып, иштин бетин ачкан учурлар да арбын. Аларга карата атайын жоопкерчилик каралган. Бирок өз ыктыяры менен куралдарды тапшыргандар чынында эле кандайдыр бир иштерге тиешеси жок болсо, анда аларга карата суроо-сопкут болбойт.

Сыйлыктар да ачалбаган “сырлар”

Жоголгон курал-жарактарды кайтарып алуу иштеринин жай жүрүп жаткандыгын серепчилер ага тиешелүү адамдардын кылмыш жоопкерчилигинен коркуп жатышы менен байланыштырышат.

Анткени кайтарып бергенде мына ошол куралдын кайсы бир кылмыш ишинде колдонулгандыгы аныкталып калышы ыктымал. Себеби коомчулукта жоголгон курал-жарактардын көбүн уюшкан кылмыш топтору сатып алып коюшу мүмкүн деген божомолдор бар. Мына ошондуктан ички иштер органдары куралды мыйзамсыз алып жүргөндөр өз каалоосу менен кайтарса, аларга кепилдик берип, бул үчүн атайын сыйлык жарыяланган болчу. Буга байланыштуу мамлекеттик казынадан бир жарым миллион сом бөлүнгөн.

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Бирок Өмүрбек Кутуев куралдарды өз ыктыяры менен кайтаруу үчүн берилүүчү сыйлыктын өлчөмү аз экендигин белгиледи:

- Бул мамлекеттик маанилүү иш-чара болгондон кийин мамлекет тарабынан бериле турган акчалай сыйлыктын өлчөмү көбүрөөк болсо жакшы болмок. Азыр сунушталып жаткан сыйлыктын өлчөмү өтө эле аз. Анткени миң сомдон беш-алты миң сомго чейинки бериле турган сыйлык үчүн эч ким мына ошол куралдарды тапшырбайт. Андан көрө көмүскө базарда сатып жиберишет. Анткени ал жакта бир эле тапанча миң доллардан ашык экендигин билишет.

Мына ошондуктан учурда куралдарды кайтарып алуу боюнча үгүт өнөктүгү жана түшүндүрүү иштери күчөтүлө баштады. Бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрүнөн жана мамлекеттик бийлик өкүлдөрүнөн турган бирдиктүү жумушчу топ бул боюнча атайын иш мерчемдерин иштеп чыкты.
Куралдарды өз ыктыяры менен тапшыргандар чынында эле кандайдыр бир иштерге тиешеси жок болсо, анда аларга карата суроо-сопкут болбойт.

“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бул багытта батыл иш-чараларды алып баруунун зарылдыгын айтты:

- Азырынча жыйынтык ойдогудай эмес болгондуктан бул багытта чечкиндүү жана натыйжалуу иш алып баруу милдети турат. Биз ошондуктан атайын жумушчу топ түзгөнбүз. Бул багытта маалымат жана үгүт өнөктүгүн жайылтып, калктын калың катмарын курал-жарактарды тапшырып берүүгө үндөшүбүз керек. Биз мына ошол курал-жарак тартылып алынган Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарында түшүндүрүү иштерин алып барабыз.

Өткөн жылы апрель жана июнь окуяларынын учурунда ички иштер органдарына, мамлекеттик күзөткө, Улуттук коопсуздук комитетине, аскер бөлүктөрүнө жана чек ара бекеттерине таандык ар түрдүү курал-жарактар жана ок дарылар жоголгон болчу. Жалпысынан буга байланыштуу жыйырма беш кылмыш иши козголгон.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG