Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Учак кыйраган жерде чачылган буюмдар арасында кыргызча нускамалар табылды


Учак кыйраган жерден табылган нускамалар.
Учак кыйраган жерден табылган нускамалар.

“Азаттык” радиосунун кабарчысы “Боинг 747-400” учагы кыйраган Дача-СУ конушунан гаджеттер үчүн пайдалана турган кыргыз тилиндеги нускамаларды тапты. Чачылган буюмдар арасында электрондук жабдууларды колдонуу боюнча кыргызча документтер бар.

Мурдараак ACT Airlines компаниясы Бишкектин четинде кыйраган учак күйүүчү май куюу үчүн эмес, Кыргызстанга жүк жеткирүү максатында конуп жатып кыйраганын кабарлаган. Учак Түркиядагы аталган компанияга таандык.

Бирок “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы бул маалыматты төгүндөп, учак май куюуну жана экипажды алмаштырууну көздөгөнүн, борттогу жүктү Гонконгдон Стамбулга алып баратканын билдирген.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул маселени бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүп, өкмөт тезинен түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

АСТ авиакомпаниясынын 18-январдагы кагаз жүзүндөгү билдирүүсүндө айтылгандай, компания Кыргызстанда кыйраган Боинг 747-400 сыяктуу учактары менен Бишкектин башкы аба майданына буга чейин 52 ирет каттаган. (SDz/SE)

XS
SM
MD
LG