Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:49

20-январда Гонконгдон Бишкекке дагы бир жүк учагы келет


Cайттагы маалымат
Cайттагы маалымат

Turkish airlines компаниясына таандык учак 20-январда эртең менен саат 6:25те Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна конот. Мындай маалымат аталган түрк компаниясынын сайтында жазылды.

“Манас” аэропортунун сурап-билүү кызматы ал жүк учагы экенин, май алмаштыруу үчүн Бишкекке конорун, андан ары Түркияга кетерин “Азаттыкка” билдирди.

16-январда Бишкектин четинде кырсыкка кабылган “Боинг-747-400” жүк учагы да Түркиянын АСТ авиакомпаниясына таандык эле. Ал Гонконгдон келатып “Манас” аэропортуна жакын Дача айылына кулап, 38 адам көз жумду. Ондогон үйлөр кыйрады.

АСТ компаниясы жүк Бишкекке жөнөтүлгөнүн айтса, кыргыз тарап аны төгүнгө чыгарууда. Маселенин чоо-жайын парламенттеги депутаттык комиссия иликтеп жатат.

Гонконг-Бишкек багытында түз аба каттамы жок. (SE)

XS
SM
MD
LG