Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:45

Алтынбек Сейитказиев былтыр 7-апрелде ок жаап жатканына карабай кийимин чечип салып, Ак үйдүн дарбазасына кирип барган. Алтынбек ошол күндү эскерип, "Азаттыкка" маек курду.

Бул көрүнүш тасмага тартылып, көптөгөн телеберүүлөрдөн көрсөтүлгөн жана интернет барактарында дагы эле жүрөт. Бул жигитти көпчүлүк эл ошондо мас болсо керек деп ойлогон.

Алтынбек Сейитказиев көлдүн кулуну экен. 7-апрель ыңкылабына бир жыл болгон соң “Азаттыкка” маек куруп, ал күнү мас болбогонун, бийликти алмаштыруу ниети менен гана аянтка барганын айтты.

“Азаттык”: Кээ бир тасмалардан көрдүк, чечинип алып, Ак үйдүн дарбазасынын оозуна чейин барганыңарды. Элди атып жаткандарына карабай алдыга чыктыңар. Ошондо эмне максат менен чыктыңыз эле?

Сейитказиев: Жашоо-турмушту көрүп турбайсыңарбы, жаштар кыйналып кетти, анан үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатса чыгасың да.

“Азаттык”: Ошондо деле октон киши коркот да. Ошол тасманы көргөндүн баары эле "бул октон коркпогон кандай неме" деп айтып жатат. Сизде ошол кезде октон коркуу болдубу?

Сейитказиев: Мен деле корктум, менин деле балам бар. Бирок ал жерде он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек балдар өлүп жатты. Канды, өлүктү жана балдарды көргөндөн кийин өзүңдү жоготот экенсиң. “Өлсөм мен да өлөм” дейт экенсиң. "Ушундай жашоодо жашаганча өлүп деле калган жакшы" деп кирип кетет экенсиң.

“Азаттык”: Ошол жерде болгон окуяны өзүңүз айтып берсеңиз. Мисалы, чечинип алып дарбазага кирейин дедиңиз. Башка дагы эмнелер болду ал жерде?

Сейитказиев: Мен дарбазага кирип барганда деле атып жатты. Кирип бардым, “атсаң мени деле ат” деп. Чечинип, туруп да бердим “ат” деп. Ата алышкан жок.

“Азаттык”: Ошол кезде эл арасында күжүрмөн жүргөн адамдарды атып жаткан экен. Ал эми эмне үчүн сизди аткан жок деп ойлойсуз?

Сейитказиев: Анысын билбейм. Мен алар менен бетме-бет сүйлөшкөн жокмун да. Ажалым жок болуш керек.

“Азаттык”: Кээ бирөөлөр сизди тасмалардан көрүп алып, бул ичип алса керек, же болбосо дары колдонуп алган окшойт деген сөздөрдү айтышты. Ал түгүл Бакиев да бир курдай "7-апрелде Ак үйгө кол салган балдар аң сезимге терс таасир этүүчү каражаттарды колдонуп алган, болбосо октон коркот эле да" деп таң калганы бар. Сиз ошондо мас эмес белеңиз?

Сейитказиев:
Таптаза, соо болчум. Эгер мен мас болсом, жинди болсом көрөт эле да эл деле. “Бул мас экен” деп айтмак да. Сыналгыдан алдымдан, артымдан көрсөтүп жатат, мен темтеңдеп жыгылган жокмун. Мастар деле болду ал жерде, сыналгыдан көрсөтүп жатты. Элден угуп жатам, “ичип алган, же тигинтип алган” деген сөздөрдү. Бирок менде анын бири да жок болчу.

“Азаттык”: Ал эми 7-апрелде элге кантип кошулуп калдыңыз эле?

Сейитказиев: “Эл аянтка барат экен, митинг болот экен” дегенди угуп келатканбыз. Биз жете электе эле ок атып, адамдар өлүп жатат деп айтып жатышты. Мен ошол учурда келдим. Мен келгенде атып, өлтүрүп жатышыптыр. Адамдар жыгылып-жыгылып жатат. Тез жардам алып кеткенге жетише албай жатыптыр. Менин жанымда бараткан баланы чекеге атканда мээси бутума жабышып калды. Ошол учурда “атсаң мени да ат” деп, мен да кирип кеттим. Жолду ачып бердим элге.

“Азаттык”: Сиз ушундай аракетиңиз менен 7-апрель күнү эрдик жасадым деп ойлойсузбу?

Сейитказиев: Мен эрдик кылдым деп ойлойм. Кантип ойлобойсуң? Октун алдына кирип жатсаң, мылтык менен мээлеп турса көзгө атарлар, ошого барып атсаң. Мен муну эрдик деп эле ойлойм. Башкалар кандай ойлосо ошондой ойлосун, бирок мен кылганыма сыймыктанам жана аны туура деп эсептейм.

“Азаттык”: Аянтта канчага чейин болдуңуз эле. Ак үйдү алганга катыштыңызбы аягына чейин?

Сейитказиев: Мен ошондо чечинип, кирип, элге жол ачып берип коюп, анан артка чыгып кеттим. Мага ошол учурда үйдөн келинчегим телефон чалды “үйгө кел” деп. Ошондо сыналгыдан түз көрсөтүп жатыптыр да. “Чык, үйгө бар” деп, айылдан чала башташты. Ошондо мен келинчегимди баламды ойлодум. Эң биринчи баламды ойлодум. "Кой, кетейин, эртең баламдын жашоосу эмне болот" дедим. Ак үйдүн ичине кирип, талкалагандарга мен катышкан жокмун.

“Азаттык”: Сиз тасмаларда Ак үйдү кайтарып тургандарга бир нерсе деп кыйкыргандай болдуңуз? Ак үйдү курчап турган күч кызматкерлерине эмне деп айттыңыз эле?

Сейитказиев: “Баарын атып бүттүңөр, мени да аткыла” дедим. Биринчи “токтоткула, эмне үчүн элди атып жатасыңар, өзүңөрдүн эле агаңарды, иниңерди атып жатасыңар” дедим. Жанымдагыны аткандан кийин, “мени да ат” дедим.

“Азаттык”: Эгер 7-апрелде жаштардын күжүрмөндүгү жана эрдиги болбогондо окуя башкача аякташы мүмкүн беле?

Сейитказиев: Жаштар болбогондо мурдагыдай эле калмак. Баягы эле бийлик отура бермек, баягы адамдар эле башкармак. Элди коркутуп, үркүтүп, кубаламак. Мурдагыдай эле үй-бүлөлүк башкаруу болмок. Жаштардын руху, демилгеси болбогондо, Ак үй да алынбайт болчу. Ошончо милийса киргизбейт да болчу. Эл тарап-тарап кетмек.

“Азаттык”:
Сиз “бийликти жаштар алып берди” дедиңиз. Ал эми 7-апрелден кийин жаштардын турумушунда эмне өзгөрдү?

Сейитказиев: Өзгөрүү болгон жок. Мурдагыдай эле калды. Өзгөрүлсө бийлик гана алмашты, башка эч нерсе өзгөргөн жок. Бийликке баягы кишилер отурду. Депутаттар да ошол эле адамдар. Мына азыр да иштебей, эч нерсе кылбай жатышат.

“Азаттык”: Ал эми сиздин жеке турмушуңузда ыңкылаптан кийин өзгөрүү болдубу?

Сейитказиев: Менин өзүмдө эч кандай өзгөрүү болгон жок. Жеңилдик болсо телефонго жеңилдик болду. Ар бир чалуу үчүн алтымыш тыйын алынып салынды. Башка эч бир өзгөрүү жок. Кайра кыйын болуп баратат го дейм.

“Азаттык”: "Ушул бала элди баштап алдыга чыкты эле" деп эстеген адамдар болдубу?

Сейитказиев: Көңүл бурган жок десем болот. Мэриядан гана бир аз буруп жатты. Бирок акчалай же бир жардам катары эч нерсе алган жокмун. Ал түгүл көңүл буруу да болгон жок. “Ушул Ак үйдүн астына чыгып, жол ачып берди эле, жаштардын арты менен биз бийлике келдик эле” деп, көңүл буруп коюшкан жок.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG