Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Апрель соту создукту


Соттун жүрүшүнөн бир көрүнүш, 17-ноябрь, 2010-жыл
Соттун жүрүшүнөн бир көрүнүш, 17-ноябрь, 2010-жыл

Үч жылдан бери уланып жаткан сот жараяны качан акырына чыгат?

1-апрелде Бишкекте 7-апрель окуясы боюнча сот жараяны уланды. Анда 2010-жылы 7-апрель окуясына катышып, кийин каза тапкан жарандардын өз учурунда тергөөгө берген көрсөтмөлөрү окулду.

Көрсөтмөлөр калды

1-апрелдеги сот жараяны 2010-жылы 7-апрелде Ак үйдүн алдында жараат алган жабырлануучуларды суроо менен башталды. Ал күнү бутуна көздөн жаш агызуучу гранатанын сыныгы тийген Азат Төлөгөнов көрсөтмө берип, бирок окуялардын болгон жерин жана убактысын чаташтырып жатты.

Андан соң апрель окуясында жараат алып, бирок кийин каза тапкан 4 адамдын көрсөтмөлөрү окулду. Алардын үчөө октон, ал эми бири БТР тепсеп кетип, жараат алган.

Соттун жүрүшүнөн бир көрүнүш, 22-ноябрь, 2010-жыл
Соттун жүрүшүнөн бир көрүнүш, 22-ноябрь, 2010-жыл
Окуядан 1-1,5 жыл өткөн соң каза тапкан бул адамдар: 1963-жылы туулган Рысбек Шадыбеков, 1982-жылы туулган Руслан Исмаилов, 1959-жылы туулган Бекказы Үмөталиев жана 1967-жылы туулган Авазбек Кадыров.

Алар 2010-жылы апрель окуясынан кийин тергөөдө берген көрсөтмөлөрүндө 7-апрелде Ак үй алдындагы көргөн-билгендерин баяндап беришкен. Алардын көрсөтмөсүн мамлекеттик айыптоочулар окуду.

“Бакиевдин саясатына каршы болуп чыккан адамдардын митингине кошулуп калдык. Башында Чүй көчөсүндө турганбыз. Бизге милиция тарабынан ар кандай куралдардан жана көздөн жаш агызуучу куралдардан атып жатышты”, - деп жазышкан 2011-жылы каза тапкан апрель окуясынын катышуучулары өз көрсөтмөлөрүндө.

Сотто айтылганга караганда, бул төрт адамдын үчөө жүрөк кан-тамыр дартынан, башкача айтканда жүрөгү кармап каза тапкан. Бирок алардын өлүмүнүн себеби апрель окуясында алган жарааттарына түздөн-түз байланышы жок экендиги да айтылды.

Сот адилеттигине үмүт

Ушул аптада 7-апрель окуясына үч жыл толот. Бирок сот иши али акырына чыга элек. Жабырлануучулардын “Мекен шейиттери” коомдук уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев анын бир канча себебин атады:

- Бул жөнөкөй сот эмес. 28 киши соттолуп жатат, анын ичинде мурдагы мамлекет башчысы да бар. Ошондой эле жаракат алган 306 жабырлануучунун, каза болгон 87 адамдын өкүлдөрү келип, суралыш керек болду. Дагы бир себеби, соттолуучу тараптын сот жараянын улам ары созууга аракет кылгандары байкалат. Мындан тышкары бул соттук териштирүүгө бүт дүйнө карап турат. Ошондуктан териштирүү калыс жүрүп, сурала тургандар толук суралып, жагдайлардын баары такталыш керек.

Апрель соту боюнча айыпталуучулар. 22-ноябрь, 2010-жыл.
Апрель соту боюнча айыпталуучулар. 22-ноябрь, 2010-жыл.
Анткен менен соттук териштирүү эки-үч айдын аралыгында акырына чыгып калышы мүмкүн дейт Жамансариев. Ал 87 адамдын өмүрүн алган окуяда сот адилеттүү чечим чыгарат деген үмүттө.

Азыркы мезгилге карата жабырлануучулардан тышкары 150дөн ашык күбө жана айыпталуучулар да көрсөтмө берип бүтүштү. Андыктан соттук жараян акыркы баскычына жакындап калгандыгын соттолуп жаткандардын адвокаты Руслан Долаев да белгилейт. Бирок ал соттук териштирүүдө айыпталуучулардын күнөөсү далилденбегенин айтат.

- Бүгүнкү күнгө карата сотто айыпталып жаткандардын күнөөсүн далилдеген айкын фактылар жок. Бир жагынан күнөөсүз адамдар өлдү, экинчи жагынан аскерлер өз милдетин аткарды. Эми муну сот чечиш керек. Сот мыйзамга таянабы, же сүрмө топтун каалоосун аткарабы деген маселе бар.

Ошол эле кезде Долаевдин оюнча, адамдарга Ак үйдү кайтарып турган аскер кызматкерлери ок атканы далилдене элек.

7-апрель, 2010-жыл, Бишкек
7-апрель, 2010-жыл, Бишкек
Апрель соту боюнча 28 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бүгүнкү күндө ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиевдин орун басары Нурлан Темирбаев тергөө абагында отурат. 2010-жылы жогорку кызматтарда турган Мурат Суталинов, Нурлан Турсункулов, Элмурза Сатыбалдиев, Каныбек Жороев жана башка адамдар үй камагында. Ал эми Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек жана Жаныш Бакиевдер баштаган бир нече адамга издөө жарыяланган.

Ошол эле кезде башка бир кылмыш иши - мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча февралда Курманбек Бакиев 24 жылга, Жаныш Бакиев өмүр бою сыртынан соттолгон. Ал эми экономикалык кылмыштары үчүн Максим Бакиев өткөн аптада сыртынан 25 жылга кесилди.

XS
SM
MD
LG