Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Бишкекте коомдук унааларга жолдон тилке бөлүнөт


Бишкектин көчөлөрү.
Бишкектин көчөлөрү.

Бишкек мэриясы калаа жолдоруна коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында мэр Албек Ибраимов билдирди. Маалыматка караганда, баш калаага жаңы автобустарды алып келүү жана жол тилкесин даярдоо боюнча атайын программа иштелип жатат.

-Учурда Бишкекте коомдук транспорттун орточо ылдамдыгы саатына 12 км. Бул эсептен алганда 600 автобуска муктаждык бар. Эгер ылдамдыкты 18 чакырымга көбөйтсөк, анда 400 автобус сатып алыш керек. Ушул маселенин үстүндө ойлонуп жатабыз,- деди Ибраимов.

Учурда автобус сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бишкектин жолдорунда коомдук жана жеке автоунаалар аралаш жүрөт. Автобус, троллейбустардын аялдамадан аялдамага жетүү убактысы ар кандай. Алардын эркин каттоосуна жолдогу тыгын тоскоолдук кылат.

XS
SM
MD
LG