Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Дин иштери боюнча комиссия жетекчисинин мурунку орун басары Канат Мурзахалилов катуу сабалганы кабарланды. Феликс Кулов коалицияга кошулуу боюнча сүйлөшүүлөр баштады.

Канаттын "канатын" ким кайрыды?

Курманбек Бакиевдин мезгилинде бийликке каршы болгон адамдар ур-токмокко алынып, айрым учурларда өлүмгө дуушар болчу. Азыркы президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев да кезинде аябай сабалып, жабыр тарткан.
Канат Мурзахалилов "Азаттыктын" студиясында. (Архивдеги сүрөттөн)

Тагдырдын тамашасы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын мурунку орун басары Канат Мурзахалилов 12-апрелде өткөн жылдагы ажылыкты уюштуруудагы коррупция боюнча парламенттик комиссияга маалымат берүү алдында, 11-апрелдин кечинде катуу сабалып, өмүрүнө коркунуч туулуп турат. Өткөн жылы ажылык жаңжалы чыкканда Канат Мурзахалилов бул ишке Эмилбек Каптагаевдин уулу Кубан Каптагаевдин тиешеси бар экенин парламенттин жабык жыйынында айтканы маалым.

Канат Мурзахалиловдун катуу сабалганы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты
Каныбек Осмоналиев парламентти да кабардар кылды:

- 11-апрель күнү түнү үйүнөн алып чыгып, түнү өлөрчө сабап бир буту, бир колу иштебей калыптыр. Биз кандай мамлекетте жашап жатабыз? Бандиттик мамлекетте жашап жатабызбы? Азыр эми ата-энеси ыйлап-сыктап, оорукандан алып чыгып, ар жерде жашырып, баланы дарылап жатыптыр. Берген суроолорго жооп бере албайт. Абалы абдан чатак. Мурдагы директор Абдырахмановдун изи жок. Биздин ажылык боюнча комиссияны иштетпей жатат. Себеби мурдагы ажы башчылардын бири дагы сүйлөй албай жатат. Коркуп жатышат. Эмне деген мамлекетте жашап калдык? Биздин Жогорку Кеңеш эмне болуп калган? Ошол бир-эки бандит сымал адамдардын жетегинде жүрүп калдыкпы?

Канат Мурзахалиловдун сабалышын Аламүдүн райондук милициясы иликтеп жатканын кабарлаган. Бирок президент, өкмөт тарабынан мына ушундай өтө олуттуу ишке көңүл бурулбай жатышы таңкалыштуу.

Башкы прокуратура тарабынан да эч кандай чара көрүлгөн эмес. Болгону Аламүдүн райондук милициясынан иликтөө жүргүзүлүп жатканы жөнүндө маалымат алынган. Муну Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев тастыктады:

- Тергөөчүгө тапшырылды деген кагаз келген. Анда Аламүдүн райондук милициясы иликтөө жүргүзүп жатканы айтылган. Азырынча башка маалымат жок окшойт. Болсо бизге беришет эле.

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболов мындай чырлуу иш болгондо Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, тергөөнү көзөмөлгө алыш керек эле дейт:

- Башкы прокуратура бул факты боюнча кылмыш ишин козгош керек. Өтө жогорку деңгээлде иликтөө жүргүзүлүш керек. Мамлекеттеги чоң чиновниктин кулагы чыгып турганда негизги күбө сабалса, анда кылмыштуулукка каршы күрөштө ким күбө болот? Эң негизгиси ушул иш боюнча Отунбаеванын тегерегиндеги чиновниктердин кулагы чыккандан кийин Байболовго тагылган моралдык-этикалык нормалар бул жерде да иштеш керек. Ошондуктан иш Башкы прокуратурага алынып, ошол жерде жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик менен тергелип, жанагындай кулагы чыккан чиновниктер сөзсүз кызматтан кетиш керек.

Кубатбек Байболовдун пикиринде, бул ишти иликтөөгө бардык органдар тартылууга тийиш.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова Мурзахалиловдун сабалышын чектен чыккан иш катары баалап, бул ишти иликтөөгө киришерин билдирди.

Азыркы мезгилде Канат Мурзахалиловду жакындары жашырып жүрүшөт. Депутат Каныбек Осмоналиев аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын, туугандары анын өмүрүнөн аябай чочулап жатканын билдирди.

Коалициядагы карама-каршы багыттар

Узап бараткан жумада өкмөттүк коалициянын айланасында түзүлгөн
кырдаал өнүгүүсүн улантты. Бир жагынан президент Роза Отунбаева коалиция тарай турган болсо, парламент да тарап кетиш мүмкүндүгүн эскертсе, экинчи жагынан өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев “Ар-намыс” фракциясынын он депутатынын кошулушу коалицияны бекемдегенин билдирди. Бирок он депутаттын коалицияга кошулуусунун юридикалык жагы дагы эле талаш бойдон кала берүүдө. Бул талашка “Ар-намыс” фракциясынын лидери жакын арада чекит коёру күтүлүүдө. Белгилүү болгондой 20-апрелде кечинде фракциянын лидери Феликс Кулов өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, кеңири коалиция түзүүнүн жолдорун сунуштады. Бул багыттагы сүйлөшүүлөр келерки жумада улантылмакчы. Айрым маалыматтарга караганда, Алмазбек Атамбаев менен Феликс Куловдун сүйлөшүүсүндө негизги маселе Атамбаев президенттик шайлоого кеткенден кийин өкмөт башчы ким болот дегенде болууда.

Куловго ыңгай эми келди

“Ата-Журт”, “Республика” жана КСДПнын келишими боюнча Алмазбек Атамбаев президенттик шайлоого аттангандан кийин анын ордуна Өмүрбек Бабанов келиш керек болчу. Бирок КСДП менен “Республика” мындай милдеттенмелерди камтыган келишимдин ичиндеги тиркемеден баш тартты. Анын үстүнө Өмүрбек Бабановдун өкмөт башчылыгына келиши анын айланасындагы жаңжалдарга байланыштуу азырынча мүмкүн эмес болуп калды. Ошондуктан Феликс Куловдун өкмөт башчылыкка келүү аракетинин оңтою келип тургандай.

Алмазбек Атамбаев менен Феликс Куловдун сүйлөшүүсүнө катышкан Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун айтымында, Феликс Кулов Атамбаев менен жолугушууда башкаруучу коалицияга кирген он депутатынын кадамын колдоорун билдирген. Ошондой эле президенттик шайлоо учурунда ким өкмөт башчы болоору боюнча маселе көтөрүлүп, ал жана башка маселелер боюнча орток пикир табылганын Турсунбеков тастыктады:

- Феликс Шаршенбаевич ал жерде көтөргөн маселелердин көбү эле
талкууланып, көп эле маселелер боюнча орток пикир табылды. Ошон үчүн биздин позицияларда аябай айырмаланган аз эле нерсе калды. Ал дагы кийинки жолугушууда такталат.

Чыныбай Турсунбековдун айтымында, социал-демократтар өкмөттүн структурасын өзгөртүүгө кызыкдар болууда. Мына ушундай эле демилгени “Ар-намыс” фракциясы дагы көтөрүп келген. Структары өзгөргөндө министрликтер кыскартылууга тийиш.

Маалым болгондой “Ар-намыс” фракциясынын лидери коалицияга кирүүнүн бирден-бир шарты катары өкмөт башчылык аларга берилишин атап келген. Анткени партиянын шайлоо алдындагы программасын аткаруу үчүн мына ушул маанилүү кызмат керектиги белгиленген.

"Ата-Журт" эмне дейт?

“Ар намыс” фракциясы менен КСДПнын кеңири коалиция боюнча сүйлөшүүсү, коалициялык келишимдин тиркемесинен “Республика” менен КСДПнын баш тартуусу “Ата-Журттун” ичинде нааразылыктын жаңы толкунун пайда кылууда. Бул фракциянын ичинде коалиция боюнча бирдиктүү пикир буга чейин эле бузулган. Камчыбек Ташиев башында турган 21 депутат коалициядан чыгууга даярдыгын билдирип, ал эми Акматбек Келдибеков башында турган топ тескерисинче андай аракеттерди айыптаган. “Ар-намыстын” кадамынан кийин “Ата-Журттагы” мына ушул жарака кайрадан кеңейе турган болууда.

Анткени “Ата-Журттун” лидерлеринин бири Акматбек Келдибековго кеңири коалиция түзүлгөн кезде да төрагалык убада кылынып жаткандыктан, ал кандай болбосун коалицияда калууну жактайт. Ал эми фракциядагы экинчи топ “Ата Мекен” менен жакындашып, оппозициянын ролун аткарууну ылайык көрүп турат. Атамбаев менен Куловдун сүйлөшүүсүндө “Ата-Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевди өзгөчө тынчсыздандыра турган тема көтөрүлгөнү маалым болду. Феликс Куловдун жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, ал Атамбаев экөө кылмыш иши козголгон депутаттардын кол тийбестигин алып, жоопкерчиликке тартууга жолтоо кылбоону макулдашкан. Ал эми Камчыбек Ташиевге каршы Башкы прокуратура депутат Бахадыр Сулаймановдун сабалышына байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

"Ата Мекен" Бажы биримдигине шашпоого чакырат

Маалым болгондой, өкмөт Бажы биримдигине кирүү чечимин кабыл алган. Шаршемби күнү бул маселени “Ата Мекен” фракциясы талкуулап, өкмөттүн кадамын туура эмес деп баалады. “Атамекенчилер” Бажы биримдигине кирүү маселеси дыкат иликтенип, андан кийин чечим кабыл алыныш керек деген пикирде.

Мамлекетке кайтырлган мүлктөр сатылат

Өкмөт өткөн жылы апрель окуясынан кийин мамлекетке кайтарылган 47 объекттин 30ун аукцион аркылуу саттыкка койгону жатат. Мүлк министрлигинин мамлекетке кайтарылган мүлктөрдү башкаруу боюнча дирекциясынын башчысы Дайырбек Кенекеев мүлктөр сатылардан мурда баасы аныкталаарын белгиледи:

- Көз карандысыз баа койгон уюмдар бар, ошолор бизге тактап, баа коюп берет. Базар баасы аныкталгандан кийин тендер жарыялап, ачык аукциондо сатыкка коёлу деген ниетибиз бар. Бул ишти июнь айынын ортосунан тарта аткарууга киришебиз деп турабыз

Кенекеевдин айтымында, саттыкка коюла турган объектердин ичинде “Бешинчи канал”, “Пирамида” телеканалдары дагы бар.

Өкмөт мамлекеттик мүлктү сатуу, менчиктештирүүдөн 3 млрд. 740 млн. сом каражат табууну көздөп жатат. Бирок бул каражат менен 21 млрд. сомдон ашуун бюджеттин тартыштыгын жабуу мүмкүн эмес.

Орусиядан суралган 30 млн. доллар жана Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан суралган 200 млн. доллардын качан берилиши азырынча белгисиз. Орус өкмөтү жаңы насыя берүүдөн алдың мурунку карыздарды төлөө талабын кескин койду. Натыйжада өкмөт Орусиядан алынган карыздын 15 млн. долларга жакын үстөк пайызын тез арада төлөөгө аргасыз болду.

"Центерра" сактайбы?

Жергиликтүү экономисттер мына ушундай катаал шартта бюджеттин тартыштыгын толтуруу үчүн “Центерра голд инктеги” Кыргызстандын 33% акциясынын 2.5-5% сатууну сунуштап жатат. Муну менен Кыргызстан 150 млн. доллардан 200 млн. долларга чейин каражат аларын белгилешүүдө.

Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев:


- Бул акцияны убагында сатып, убайын көрүш керек. Акциянын максаты ушул да кымбаттаганда сатыш керек, арзандаганда бирөөдөн сатып алыш керек мүмкүн болушунча. Ошентип пайдаланыш керек. Азыркы кезде 77млн. 400 миңдей акциябыз бар. Анын баасы 17 доллардан болгондо 1млрд. 300 млн.-1млрд. 400 млн. доллар. Ошондуктан сатканы туура болот. Эми чечкиндүүлүк керек. Азыр тоо өнөр жайы менен, өндүрүш менен иштеген эч ким жок болуп жатат. Бир эле саясат, талаш-тартыш.

Оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков акцияны сатуудан түшкөн акчанын бюджеттин тартыштыгын жабууга жумшалуусуна каршы болуп, аны мындайча негиздеди:

- Эгерде Кумтөрдөгү 5% акцияны сатып, 150-200 млн. доллардын тегерегинде пайда ала турган болсок, биз аны жеп-ичүүгө эмес, өнүгүүгө жумшашыбыз керек. Эгерде тапкан акчабызды жеп-ичкенге жумшай турган болсок, анда биздин мамлекет катарында, улут катарында келечегибиз болбойт. Эгерде биз 5% акцияны сатып туруп, андан түшкөн акчаны билим берүүгө, же жаңы технологияга, же адам ресурстарын өнүктүрүүгө сала турган болсок, анда бул колдой турган идея болот. Ал эми бюджеттин тансыктыгын жабууга кетире турган болсок, бул жеп-ичүүгө гана кетет деген сөз.

Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев да “Центерранын” айланасындагы талкууга карата өз пикирин айтты. Анын айтымында, өкмөт “Центерра” жана “Кумтөрдүн” жетекчилигине, финансылык, оперативдик ишине таасирин күчөтүүнү каалайт.

Бирок өкмөт башчынын максатын ишке ашыруу үчүн “Центерранын” директорлор кеңешинде Кыргызстандын өкүлчүлүгүн көбөйтүү керек. Белгилүү болгондой диреткорлор 7 кишиден турат. Анда Кыргызстандын эки өкүлү гана бар. Ошондуктан добуш берүүдө алардын таасири аз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG