Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:32

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришти. Кыргызстан эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында кала берүүдө.

1-декабрда Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришти. Конституцияга ылайык, ал алты жылга шайланды.

Алмазбек Атамбаевге президенттик кызматты өткөрүп берип жатып, Роза Отунбаева өз ишине канааттануу бар экенин билдирип, негизги жетишкендиги катары өлкөнүн бүтүндүгүнүн сакталып калышын, бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүү салтын калыптандырып жатышын атады.

Эки жылга жакын президенттик кызматты аркалаган Роза Отунбаева билим берүү, маданият жана эл аралык байланыш багытында фонд түзөөрүн билдирди.

Алмазбек Атамбаев президент катары Роза Отунбаевага караганда кыйла таасирдүү болоорун болжоп жатышат. Анткени анын парламентте таянаар өз фракциясы жана бир катар фракцияларда ага ылым санаган депутаттар тобу бар. Мына ошол күчтөргө таянган Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүндөгү өкмөт башчысын жана парламент төрагасын шайлап алууну көздөп жатканы да байкалып турат.

Бирок парламентте өз алдынча саясат жүргүзүүнү көздөгөн лидерлер да жок эмес. Аларды бир командага алып келип, жетелеп алуу кыйын. Кыязы Атамбаевдин президенттик кызматка киришүүдөгү эскертүү сөзү мына ошол лидерлерге, топторго багытталды:

- Президент катары менин негизги милдетим - бардык бийлик бутактарынын ишин элдин үмүтүн актоого багыттоо. Бийликтин ар бир бутагы өлкө алдындагы жоопкерчилигин так, даана аңдап түшүнүүсү зарыл. Эгер бардык бийлик бутактары белгиленген шартты аткара албаса, мен президент катары элге түз кайрылуу укугумду пайдаланууга аргасыз болом.
Биздин өлкө башчылар Орусиянын да, Грузиянын да президенттери чакыруу жолдогон. Ким келет, келбейт, бул алардын иши.

Жаңы Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кыскартылганы менен, анын мүмкүнчүлүктөрү дале олуттуу. Биринчиден, ал кризистик шартта өкмөткө таасири күчтүү. Экинчиден, президент Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги, Эсеп палатасы, сот органдарына зор таасири бар. Мына ушул органдар аркылуу президент коррупция жана кылмыштуулукка чечүүчү сокку ура алат.

Роза Отунбаева коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш жүргүзө алган жок. Кыязы убакыт аз болду. Андан сырткары апрель, июндагы калаймандар ага мүмкүнчүлүк берген жок.

Коррупция демекчи, ал Кыргызстанда өөрчүп жатканын "Транспэренси интернешнл" уюмунун кезектеги отчету тастыктады. Уюмдун маалыматы боюнча, Кыргызстан дүйнөдө коррупция боюнча 164-орунда турат. Кыргызстанга караганда Тажикстанда коррупциянын деңгээли төмөнүрөөк болуп чыкты.

Регионалдык, глобалдык алкактагы маселелер

Жаңы президенттин алдында кошуна мамлекеттер менен жакшы мамилени калыптандыруу милдети турат. Бул жагынан алганда проблемалар арбын. Ал элдин күнүмдүк турмушунан да байкалып, терс таасирин тийгизип турат.

Маселен, Казакстан менен газ боюнча жетишилген келишим туруктуу болбой жатат. Кошуна өлкө каалаган мезгилде газ басымын азайтып, ыңгайсыздыктарды жаратууда. Түштүк региондо болсо газ бир күн бар, бир күн жок. Кыш мезгилинде бул калкты абдан түйшүккө салууда.

Кыргызстандын жаңы президентинин алдында Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдыруу милдети турат. Акыркы жылдары бул маселеде дээрлик жылыш болбой калды.

Тышкы саясат боюнча Алмазбек Атамбаевдын алдында регионалдык эле эмес, глобалдык алкактагы маселелер да бар. Регионалдык алкакта Бажы биримдигине, андан ары Евразия экономикалык биримдигине кирүү, кошуналар менен тил табышуу милдети турса, глобалдык масштабда Орусия менен АКШнын тирешүү белгилери ачык байкалып бараткан мамилесинде Кыргызстандын алгылыктуу ордун аныктоо турат.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы саясаты кандай болоорун инаугурация учурунда мындайча аныктады:

- Кыргызстан бардык өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен өз кызматташуусун өнүктүрүүгө даяр. Албетте биздин негизги стратегиялык өнөктөшүбүз - Орусия. Бажы биримдигине мүчө болсок деп ниеттенип жатабыз. Бул кадам биздин өнөр жайыбызды жандандырат. Өлкөбүздүн коопсуздугун бекемдейт. Коңшу өлкөлөр ортосундагы чек араларды ачат. Орусия жана коңшу өлкөлөр менен биздин тарыхыбыз да, келечегибиз да бир.

Бирок Орусия менен баары “май менен сүттөй” деш да кыйын болуп калды. Кичинекей алешемдик же өзүм билемдик Кремль тарабынан дароо жазаланууда. Бул Тажикстандагы учкучтардын окуясынан даана көрүндү. Ал эмес, 1-декабрдагы инаугурациядагы көрүнүш да Орусиянын кырс мүнөзүнөн кабар берип койду.

​Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясына катышууга орус президенти Дмитрий Медведевди чакырган. Ал колу бош эместигин айтып, администрация башчысы Сергей Нарышкин башында турган делегацияны жиберерин билдирген. Бирок ал да келген жок. Нарышкиндин ордуна Бишкекке Орусиянын бийлик сересинде үчүнчү катарда турган чиновник келди. Москванын мындай кадамы грузин президенти Михаил Саакашвилинин Бишкекке келиши менен байланыштуу экени айтылууда.

Саясат таануучу Марат Казакпаев Нарышкиндин келбей калышында Кыргызстандын эч кандай күнөөсү жок дейт:

- Орусия президентинин администрация башчысы Нарышкин Кыргызстанга эмне үчүн келбей койду? Бул биздин маселе эмес. Орусия менен Грузиянын ортосундагы маселелер бар да. Бул алардын өзүнүн иши. Кыргызстанга тиешеси жок. Биздин өлкө башчылар Орусиянын да, Грузиянын да президенттерине чакыруу жолдогон. Ким келет, келбейт, бул алардын иши. Ошон үчүн мунун кыргыз-орус мамилесине эч тиешеси жок.

Кыргыз-орус мамилесиндеги кыйчалыш учур Евразия антикризистик фондунан бөлүнө турган 106 млн. доллар насыяга байланыштуу да байкалууда. Насыя бөлүүнүн кечиктирилишине Алмазбек Атамбаев таарынычын жашырбай да калды. Фонддун өкүлдөрү насыя маселеси келерки жылы чечилерин айтууда.

Кыргызстан Орусиянын инвестициясы менен ГЭСтерди курууга кызыкдар. Бирок азыркы кезде Москва бул долбоорлорду ишке ашырууга даяр эместей. Анткени аларда да шайлоо мезгили жүрүп жатат. 4-декабрда Мамлекеттик Думага, эрте жазда президенттик шайлоо болот.

Орусияны Кыргызстанга карата шектенткен жагдай дагы эле "Манастагы" Транзиттик борборго байланыштуу болушу ыктымал. Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев 30-октябрдагы шайлоодон кийин эле Транзиттик борбор 2014-жылы жабылууга тийиштигин билдирген. Бирок Роза Отунбаева бул маселеде шашпай, Ооганстандагы кырдаалга жараша чечим кабыл алуу зарылдыгын эскертти.

Экономист Азамат Акелеев 106 млн. доллар насыянын кечиктирилип жатышын Транзиттик борборго байланыштуу маселенин бир жактуу чечилбей жатышы менен байланыштырды.

Кыргыз-орус мамилесиндеги көп маселелер 19-декабрда Москвада боло турган Евразия экономикалык шериктештигинин саммитинде талкууланышы мүмкүн. Ал саммитке Алмазбек Атамбаев президент катары алгачкы ирет катышмакчы.

АКШ болсо Кыргызстанга кызыгуусун басаңдата элек. Анын үстүнө АКШнын чабуулунан Пакистандын 24 жоокеринин каза табышы, буга байланыштуу Исламабаддын кескин талаптары Вашингтондун абалын татаалдантып, Кыргызстан, жалпы эле түндүк багыттагы жолдордун маанисин көтөрүп койду.

Команда түптөлө баштады, коалиция чачырады

Президент ишке киришип, командасын түптөй баштады. 2-декабрда Президенттин аппарат башчылыгына акыркы мезгилде Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектеп келген Жантөрө Сатыбалдиев дайындалды.

Бул дайындоого удаа эле Социал-демократиялык фракция башкаруучу коалициядан чыкканын жарыялады. Муну менен коалиция тарады. Эми президент кайсы бир фракцияга коалиция түзүүнү тапшырат. Жаңы коалиция төрт фракциядан тураары айтылууда. Анын алдында өкмөт башчылык жана төрагалык кызмат үчүн айыгышкан күрөш жүрүүдө. Анын бир көрүнүшү катары 30-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын төрага Акматбек Келдибеков менен кайым айтышын атоого болот.

“Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Азамат Арапбаев “Ата Мекендин” чабуулун төрагалык үчүн күрөш катары баалады:

- Чабуулдар аябай эле көп болуп жатат. Мына ошондой чабуулдардын бири деп кабыл алып жатабыз. Бирок алардын эч кандай негизи жок. Анын максаты биздин лидерди, төраганы каралоо болуп жатат. Аны “Ата Мекендин” лидери ишке ашырып жатат. Мунун артында төрагалык орунду алуу максаты турат. Мен муну ачык эле айтайын.

“Ата Мекен” фракциясы Акматбек Келдибековду "криминалдык төбөлдөр менен жакын болгон", "KG номерлерди ар кимге берген", "кеңешчилерин ыксыз көбөйткөн", "бай-манаптык жорук-жосундарга барган", "шектүү учактар менен бир нече өлкөлөргө чыккан" деп айыптап, мына ошолордун негизинде ишеним көрсөтпөй турганын жарыялады.

“Ата Мекен” фракциясы бул маселени палатанын кароосуна алып чыгууга камданып жатканын фракция мүчөсү Туратбек Мадылбеков тастыктады:

- Эми жакында парламентке чыгат. Маселе парламентте каралат.

Белгилей кете турган нерсе, Өмүрбек Текебаев Акматбек Келдибековдун ордуна барбай турганын билдирди. “Ата Мекендин” лидеринин көздөгөнү башкаруучу коалициянын лидери болуп жатканы айтылууда.

Бюджеттеги кошумча-алымчалар

Мына ушундай күрөштүн жүрүп жатканына карабай президент жана парламенттин алдында аракетке жөндөмдүү өкмөт түзүү милдети турат. Муну өлкөдөгү финансы-экономикалык кырдаал талап кылып жатканын эксперттер эскертип жатышат. Анткени бюджеттин тартыштыгы чечиле элек.

Өкмөт быйылкы жылдын он айында бюджеттин киреше бөлүгүнө 50 млрд. 274 млн. сом түшүп, ал 100.7% аткарылганын, тартыштык болгону 7 млрд. 136 млн. сомду түзүп калганын билдирип чыкты. Ал эми октябрь айында бюджетке өзгөртүү жана кошумча киргизилгенде тартыштык 20 млрд. 800 млн. сом деп белгиленген эле.

Өкмөт тартыштыкты 13 млрд. сомдон ашуунга эмненин эсебинен азайтканы белгисиз. Ал эми айрым депутаттар, өкмөт айлык акылар үчүн каражат таап, ал эми капиталдык салымдарды каржылоону токтотуп койду деген пикирди айтып келет.

Бюджет тартыштыгынын айланасындагы сандардын жеңил-желпи өзгөрүүсү бюджеттин начар түзүлүүсүнөн кабар берерин адистер белгилешүүдө.

Экономист Азамат Акелеев бюджеттин айланасындагы өзгөрүүлөргө мындай ой-пикирин билдирди:

- Бул жерде чоң маселе жатат. Ал бюджеттик жараяндын ачык болбошуна барып такалат. Бюджет кантип түзүлгөнү эч кимге белгисиз. Ошондуктан ушундай маселелер чыгып жатат. Башында бир долбоорду беришет. Анан аягында башкача болуп калды. Мына 13 млрд. сомго айырмасы чыгып жатат. Андан да көп суммага айырма болууда. Анткени тартыштыкты жаап, ал эмес 2 млрд. сом профицит болот деп жатышат. Мындай ресурстар каяктан табылып жатканы мага белгисиз. Эмнеден үнөмдөлүп жатканы маалым эмес. Ошондуктан суроолор көп жана бул бюджеттин жараяндын ачык-айкын болбой жатканынын белгиси.

Өлкөдөгү оор финансы-экономикалык абалга карабай өкмөт башчылык үчүн умтулгандар арбын. Алардын эң алдыңкы сабында “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов келатат.

“Ата Мекен” фракциясы бул кызматка Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин сунуштаарын ачык айта баштады. Башка фракциялар, топтор да өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүп, өкмөт башчы жумшак рейтинг менен аныкталчудай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG