Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Тогуз-Тородо кайберендерди мыйзамсыз атуу иликтенүүдө


Райондогу Кан-Ачуу коругунан мыйзамсыз кийик аткан аңчылардын иши боюнча жакында тиешелүү чечим кабыл алынат. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Эмил Мантыбаев “Азаттыкка” билдирди.

Бийик тоолордогу оор кардан улам өрөөнгө түшкөн кийиктерди мыйзамсыз аткан аңчылар 4-февралда кармалган. Алардын арасында Тогуз-Торо райондук жаратылышты коргоо инспектору Майрамбек Жапаркулов да болгон.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги Кан-Ачуу коругунун кызматкери катышкан мыйзамсыз аңчылык тууралуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн “Азаттыкка” маалымдашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG