Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:13

Учурда жүздөгөн жарандар курулуш компанияларына акчасын алдырып же үйдөн жок, же жылдап чогулткан акчасынан куру жалак отурушат. Буга чейин "Анкомон строй", Master Group, “Иска строй” компаниялары да кардарлардын үлүш акчасын алып, убадасын аткарбай жатканы маалымдалган.

Жарандар батир алуу үчүн үлүшкө кирип, бирок компания тарабынан келишим аткарылбай жатканда өз укуктарын кантип коргошу керек? "Азаттыктын" суроолоруна СССРдин эмгек сиңирген архитектору, архитектура жана курулуш агенттигин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков жооп берди.

“Азаттык”: Батир алам деп үлүшкө кирип алып, келишим аткарылбай, үйдү ала албай калган учурда жарандар эмне кылыш керек?

Ишенбай Кадырбеков: Бул жагынан келгенде Жарандык кодекстин негизинде эки тарап келишим түзүп, ошол документтин негизинде иштеп жатышпайбы. Бирок жарандар келишимге кол коюп жатканда көп көңүл бурбай жатышат. Мындайча айтканда, акчасын берип жаткандар өзүнүн акчасын күрөө катары коюп жатат, ал эми курулушчу болсо эгерде үйдү курбай калса, кандай жоопкерчилиги бар деген жагына көп көңүл бурбай жатат. Ошондуктан ушундай келишимдин негизинде келечекте утуш кыйын.

“Азаттык”: Бизде адамдардан акча чогултуп, үйдү салбай качып кеткен шылуун компаниялар көп болсо керек. Адамдар абийирдүү компания менен шылуундарды кантип айырмалай алат?

Ишенбай Кадырбеков: Азыр ар бир компанияны эмне курганын билип алуу оңой эле. Жөнөкөй эле компаниянын сайтына кирсе бардыгы кенен жазылуу болушу керек. Биз болсо көпчүлүк учурда тарыхына эмес, компания куруп жаткан батирдин баасына качырып жатпайбызбы.

Эми бул жерден дагы өкмөттүн сыртка чыгып жатканы туура эмес. Себеби бул маселе эбак эле Орусия жана башка өлкөлөрдө жаралган. Ошондуктан биз дагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Мисалы, инвестор үлүш менен үй куруп атса, сөзсүз камсыздандыруучу компаниялар менен келишими болушу керек. Эгерде андай келишим жок болсо, мамлекет үй курууга уруксат бербеши керек. Себеби компания банкротко учурап кала турган болсо, камсыздандыруучу компания үлүшүн бергендерге акчасын кайтарып берип же курулушту аягына чейин курууга келишим менен иштеши керек.

“Азаттык”: Үлүшкө киргендердин укугун, милдеттерин так аныктаган мыйзамдык база жок деп айтылып жатат, демек бул көрүнүш алдамчы компаниялардын колуна ойноп жатабы?

Ишенбай Кадырбеков: Жок, бул Жарандык кодекстин негизинде эле эки тарап жөнгө салып алса болот. Андыктан кардар менен куруучунун ортосунда келишим болгондуктан, эки тараптын тең жоопкерчилиги болушу керек. Курулуш компаниясы койгон талаптай эле үлүшкө кирип жаткан адамдар дагы өзүнүн талаптарын калчай билиши абзел.

“Азаттык”: Мамлекет дагы ипотекалык компанияны жарыялап жиберип, ошол бойдон угулбай калды. Негизинен айрымдары бул статистика үчүн эле программа болгонун, чындыгында мамлекеттик кызматкерлерди үй менен камсыздоо мүмкүн эмес экенин айтып жатат. Сиз мамлекеттик ипотекалык компаниянын түшүмдүү иштерине ишене аласызбы?

Ишенбай Кадырбеков: Мамлекеттик компаниялар алгач эле кардарлардан алгачкы салымдын көлөмүн азайтыш керек. Азыр үйдү берип жатканда дароо 30 пайыз акчасын төлө деп жатышат, мынча көлөмдү төлөө мамлекеттик кызматкер үчүн мүмкүн эмес. Экинчиден, 20-30 жылга берилген ипотека 6-7 пайыздан ашпашы керек. Эгер башка банктардагыдай эле 14-20 пайыз кылып койсо, ипотекалык компаниянын беркилерден эмне айырмасы бар?

Мисалы, мугалимдер биринчи кирүү акысы 30 пайыз акчаны эч качан бере албайт. Бир чарчы метри 600-500 доллар болсо, анын 30 пайызы чоң акча да. Ошондуктан социалдык долбоор болгондон кийин өкмөт биринчи кирүү акчасын өз мойнуна алгандай болушу керек.

XS
SM
MD
LG