Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Кыргызстандын аба мейкиндиги мындан үч жыл илгери кайра түзүлгөн асман чабуулунан коргонуу күчтөрү тарабынан көзөмөлгө алынат.

Мында жайгаштырылган советтик үлгүдөгү зениттик-ракеталык түзүлүштөр бир топ эскилигине карабастан, өлкөнүн аскер аба тармагындагы кенемтени толуктап келет

Көк мелжиген мейкиндик көзөмөлдө


Аба мейкиндиги кадимки чек ара тилкеси сыяктуу куралдуу күчтөрү тарабынан күнү-түнү кайтарууга алынып турат.

Кыргызстандын асман чабуулунан коргоо күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрү Чүй өрөөнүндө жана Ош облусунун аймагында жайгашкан. Алардын негизги өзөгүн Бишкек шаарынын чет жакасындагы зениттик-ракеталык бригада түзөт. Мында кызмат кылышкан аскерлер абадан коргонуунун усулдары боюнча күн сайын машыгуулардан өтүп турушат.

Зениттик-ракеталык түзүлүш аны атайын ишке киргизүүчү станциядагы башкаруу пульту аркылуу жөнгө салынат.

Аскер бөлүгүнүн зениттик-ракеталык түзүлүштү аракетке келтирүүчү атайын бекеттинде асман мейкиндигин көзөмөлгө алуу, чоочун учактарды аба чек арасына киргизбөө жана коркунучтуу сигналдар түшкөндө чечкиндүү чараларды көрүү боюнча мерчемдер иштелип чыгат. Ошондой эле абадан кол салууга каршы зениттик-ракеталык түзүлүш күнү-түнү даярдыкта турат.

“Куу” дегенди түшүнгөн, кубалап жүрүп түшүргөн”

Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрү алыскы аралыктагы жана континенттер аралык ракеталык комплекстерге ээ болгон мамлекеттердин катарына кирбейт. Бирок Кыргызстанда мурдагы союз учурундагы Түркстан аскер округунан мураска калган зениттик-ракеталык түзүлүштөр 2002-жылдан баштап ар кайсы аскер бөлүктөрүнөн чогултулуп, алгач аскердик батарея, андан кийин 2007-жылы өз алдынча бригада катары түзүлгөн. Мында советтик үлгүдөгү кичи жана ортоңку алыстыкка атылуучу ракеталар окуп үйрөнүлөт.

Бул бекеттеги аскер бөлүкчөсүнүн штаб зардалы, капитан Алтынбек Оркошев башкарылма түзүлүштөгү бул ракеталар объектини кубалап жүрүп атып жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин белгиледи:

- Бул түзүлүш аба мейкиндигиндеги бутаны табуу жана ага карата ракетаны багыттап, коштоп учуу милдетин аркалайт. Алгач ал чоочун учакка эскертүү берилип, эгерде ал каттамын токтотпосо сокку урууга аргасыз болобуз. Бул башкарылма ракеталык түзүлүш болуп саналат. Объект аба мейкиндигинде качып уча турган болсо, аны кубалап жүрүп атып түшүрүүгө болот. Ракета үч чакырымга чейин башкаруусуз учат. Андан кийин башкарылуучу тилкеге жеткенден кийин объектинин артынан калбай коштоп жүрүп олтурат.

Эсте калган "С" класс, же эскиден калган мурас

Анткен менен зениттик-ракеталык аскер бөлүгүнүн жетекчилиги колдо бар техникалык жабдуулардын моралдык жана техникалык жактан эскилиги жеткендигин жашырышпайт. Ошол эле учурда ата мекендик зениттик-ракеталык түзүлүштү дүйнөлүк алдыңкы аскер техникасы менен толуктоо өкмөттүн чөнтөгү үчүн оор экендигин эстен чыгарышпайт.

Зениттик-ракеталык бригаданын командиринин орун басары Бакыт Усубалиев аскердик жабдуулар эски болгондугуна карабастан, аны шашылыш алмаштырууга азырынча негиз жок деп эсептейт:

- Биздеги аскердик жабдуулардын дээрлик бардыгы, ракеталар деле союз учурунан калып кеткен. Өндүрүштөн болжол менен өткөн кылымдын 60-70-жылдары чыгарылган. Бирок аталган жабдууларды эски жана өркүндөтүлгөн эмес деп айтууга болбойт. Анткени Югославияда, Иракта жана башка коогалаң орун алган аймактарда ушул муундагы эле ракеталар кубаттуулугу жагынан азыр жаңыдан чыгып аткандардан кем калышпай тургандыгын көрсөттү. Мына ушул техника менен эле аба мейкиндигин коргосо болот. Өткөн жылы КМШнын алкагында өткөн абадан коргонуунун жамааттык системасы боюнча машыгууда биздин аскер бөлүк алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишти. Бул тармактагы аскердик даярдыктын деңгээли боюнча Тажикстандан алдыда турабыз.

Зениттик ракета - адистешкен аскерчилик

Зениттик-ракеталык аскер бөлүгүндө кызмат кылуу атайын адисдештирилген аскердик-инженериялык билимди жана тажрыйбаны талап кылат. Мындагы аскердик жетекчиликтин айтымында, башында тийиштүү кесипкөй адистердин жетишсиздиги байкалып, бирок ал өксүк чет өлкөдөн билим алып келген аскерий жаш адистердин келиши менен толукталган.

Бригаданын 7-аскер бөлүкчөсүнүн командиринин милдетин аткаруучу Жамбул Турсуналиев бул жакка катардагы жоокерлер да атайын сынак менен тандалып алына тургандыгына токтолду:
- Аскерге чакырылуучулар каттала баштаган учурда эле биз аскер комиссариаттарына өтүнүч келтирип, мектепти жакшы окуган же жогорку окуу жайын жаңыдан бүтүргөн, саламаттыгы жакшы, кабыл алуусу жогору, зирек жана талантуу жигиттерди тандап алабыз. Анан аларды аскер өнөрүнөн сырткары зениттик-ракеталык түзүлүш менен иштөө жана аскер техникасын башкаруу боюнча окутабыз. Аскердик мөөнөттү бүткөндөрдүн ичинен даяр болуп калгандарын өзүбүзгө алып калабыз.

Мына ошондуктан зениттик-ракеталык бригада Кыргызстандагы тандамал аскер бөлүктөрүнүн катарына кире тургандыгы белгиленди. Бул жерде ракеталык батареяда оператордук кызмат өтөгөн Кайрат Абдиев катардагы аскердик милдетин аяктаган соң, анысын келишимдик негизде кайра улантууну чечкен.

Ага сержант Кайрат Абдиев аскердик дымакты алган тажрыйбадан сырткары, өзү жазган ырлары аркылуу да бекемдеп тураарын белгиледи:

"Эгемен эркин кыргызым,
Кут толсун мекен ырысым,
Желбиреп көккө байрагың,
Чеп кылып мени байлагын,
Чекемден чыгып тамчы тер
Чегиңди бекем кармайын" - деген ырын окуп берди Кайрат Абдиев

Аскерий эксперттер зениттик-ракеталык түзүлүштөр жана аскер авиациясы Кыргызстандын коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоонун негизги өзөгү экендигин айтып келишет. Бирок алар каржылык тартыштыктан улам, жабдууларды жаңылоо жагынан Кыргызстан өзүнүн жакынкы эле коңшуларынан ат чабым артта калгандыгын дайыма эске салышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG