Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Аскер адамы катышкан дагы бир мушташ катталды


Бишкекте Улуттук гвардиянын кызматкери өзүнүн шериктери менен мас абалында жөн-жай адамдарга кол салган.

“Эркиндик үнү" укук коргоо уюмунун өкүлү Асел Орузбаеванын айтымында, окуя 30-июндан 1-июлга караган түнү Бишкектеги Улуттук гвардиянын башкы имаратынын жанында болгон.

Ошол кечте "Жетинчи асман" аттуу рок фестивалдан чыгып, үйүнө келаткан 3 жигит жана 2 кызга чоң жолдун боюндагы дүкөндөн чыгып келаткан мас абалындагы үч жигит тийишкен.

Сөз менен башталган кайым айтыш күчөп, кандайча мушташка айланганын жабырлануучулардын бири Назгүл Жумаева мындайча айтып берди:

- Алар бизди карап эле оозго алгыс сөздөрдү айтып, "орустар, силер эмне үчүн бул жакка кирип бара жатасыңар" деп үстөмдүгүн көрсөтүп, сөгүнө башташты. Чындыгында баарыбыз эле кыргыздар болчубуз. Анан биз менен кетип бараткан жолдошубуз аларга барып, тынчтандырууга аракет жасай баштаганда алардын бири капысынан өтө катуу уруп жиберди. Анан экинчи жигит барып ажыратууга аракет кылса, ага да кол көтөрүп жыга чабышты. Ал жерге эсин жоготуп жыгылган соң буттары менен башка тепкилеп киришти. Биздин кыйкырып, жардам сурап, ажыратууга кылган аракетибизден майнап чыккан жок. Атүгүл кыз болгонума карабай мени да бетке бир сокту. Ушинтип алар баарыбызга кол көтөрүштү. Анан биз милиция чакырдык. Алар келип бизди урган балдарды коё берип жиберди. Ал балдар Улуттук гвардиянын имаратына кирип кеткенин көрүп калдык. Анан териштирип көрсөк же ушул гвардиянын алдындагы окуу жайдын курсанттары, же келишим менен кызмат өтөгөн жоокерлери экен. Ошол түнү эле гвардиянын имаратынын кире беришинде муну тактоого аракет кылганыбызда Улуттук гвардиянын кызматкерлери муну жашырууга абдан аракет кылып жатышты.

Жумаеванын айтымында, ур-токмокко тушуккан үч жигит учурда ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алып, дарыланып жатышат. Алардын арасынан эң көп запкы көргөн Канат Абыкеевдин эки жаак сөөктөрү талкаланып, мээси чайкалып, оор абалда ооруканада.

Анын атасы Шакрет Абыкеевдин "Азаттыкка" билдиришинче, Улуттук гвардиянын кызматкерлери күнөөлүүнү жазалоо ордуна, окуяны жашырууга аракет жасап жатышат:

- Аябай сабашыптыр, бир соо жери жок. Буларга бандиттер дегенден башка сөз айта алчудай эмессиң. Анан да жетекчилеринен келип "байке, эмне кылабыз, коомчулукка чыгарбаңыз, биз эмне болобуз" дейт. Мен 30 жыл бөпөлөп багып, үч жогорку билим алып берген баламды ушунча сабаган адам менен кантип сүйлөшөм?

Бир кумалак бир карын майды чиритип...

Улуттук гвардиянын жетекчилери өз кызматкеринин катышуусу менен мындай окуяны танышпайт. Бирок жабырлануучулардын "жетекчилик окуяны бас-бас кылууга аракет кылды" деген дооматты четке кагып, тескерисинче күнөөлүүлөрдү таап, жазалоо аракетин көрүп жатканын Улуттук гвардиянын кол башчысы Мирбек Имаев мындайча айтып берди:

- Биз ушундай окуя болгонун тастыктайбыз. Учурда Улуттук гвардия бул боюнча кызматтык териштирүүсүн баштады. Бул териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык күнөөлүүлөр жазаланып, иш Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилмекчи.Териштирүүнүн алдын-ала жыйынтыктары боюнча мушташка катышты делген үч адамдын экөө бизге тиешеси жок адамдар, ал эми бири келишимдин негизинде кызмат өтөгөн кенже сержант Баатырбек уулу Руслан экен. Ошол эле учурда мушташтын чыгышына бир тарап эле эмес, эки тарап тең күнөөлүү экени анык болууда. Кандай болсо да бул иш Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилет жана тергөөнүн жыйынтыгында бул окуяга катышы барлар кызматынан бошотулат.

Имаевдин маалыматында, чатакка катышты делген Баатырбек уулу Русландын Улуттук гвардияга апрел айынын соңунда эле кызматка кирген. Мындан улам бир кызматкердин айынан жалпы аскер бөлүккө сөз тийгизүү туура эмес экенин кол башчы эскертүүдө.

Ошол эле учурда чатакка катышкан Баатырбек уулу Русландын жаныдагы эки шеригинин ким экени азырынча аныктала элек.

Жабырлануучулар окуядан соң Биринчи май РИИБсине арыз менен кайрылышкан экен. Бишкек ШИИБсинин маалымат кызматынын өкүлү Нургүл Нусупованын айтымында, бул иш боюнча күнөөлүүлөр такталып, териштирүү жүрүп жатат:

- Бул факт Биринчи май РИИБсинин кылмыштарды каттоо дептеринде катталган. Учурда бардык зарыл документтер, түшүнүктөр топтолуп жатат. Арыз жазган учурда кол салган адамдар ким экени аныктала элек болчу. Азыр бул адамдар аныкталып, тергөөчүлөр иштеп жатышат. Эми иш ирети менен 3-июлда эртең менен Аскер прокуратурасына өткөрүп берген жатабыз. Себеби иш аскерге байланыштуу болгондуктан бул орган карашы керек. Андан соң алар кылмыш ишти ачуу боюнча чечим кабыл алышат.

Бул окуя куралдуу күчтөр же тартип коргоо кызматкерлеринин катышуусу менен болгон алгачкы окуя эмес. Армиядагы жана аскер окуу жайларындагы бири-бирине кол көтөргөн тартипсиздик маал-маалы менен кайталанып келет. Мунун акыркысы болуп, жакында эле Бишкекте ИИМ академиясынын курсанттары ресторанда мушташ чыгарган эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG