Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:06

Австрия Эрдогандын үгүт жүргүзүшүнө каршы


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия өз кезегинде расмий Венанын мындай турумун “кош стандарт” катары сындап чыкты.

Маалыматтарга караганда, 16-апрелдеги конституциялык референдумду утурлай президент Режеп Тайып Эрдоган Европанын түркиялык жарандар көп жашаган өлкөлөрүндө үгүт өнөктүгүн жүргүзүүнү мерчемдеген.

Бирок Австриянын тышкы иштер министри Себастьян Курц алар Эрдогандын үгүт өнөктүгү менен Австрияга келишин “кубаттабай турганын”, мындай иш-чара Австрияда ажырымды күчөтүп, өлкөдө жашаган 360 миңдей түрк азчылыгынын интеграциясына жолтоо болорун билдирген.

Түркиянын 16-апрелдеги конституциялык референдуму президенттин бийлик укугун Франция жана АКШныкы сыяктуу күчөтүүнү көздөйт.

Түрк бийликтери конституциялык өзгөртүү өлкөгө туруктуулук алып келет деп ырастаса, оппоненттер бир адамдын бийлиги орнойт деп кооптонууда. (UE)

XS
SM
MD
LG