Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:00

Кыргызстанда армияга акы төлөп, бир айлык кызмат өтөө жоюлду. Мындай мыйзамга өлкө президенти кол койду.

Жаңыдан өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, 12 миң сом төлөп, анан бир ай кызмат өтөө менен аскердик милдеттен кутулуу тартиби жокко чыгарылды.

4-5 жылдан бери иштеп келген бул эреже жоюлушун Коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча башкармалыгын жетекчиси Эрнис Элеманов “Азаттыкка” төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бир айлык кызмат толугу менен жоюлду. Мындан кийин биздин жарандар альтернативдик жана бир жылдык кадимки кызматты гана өтөшөт. Бир айлык кызмат эффективдүү болбогону үчүн жоюлду. Биз бир ай ичинде толук кандуу аскерди даярдай албайт экенбиз. Анан көпчүлүк 12 миң сомду төлөп коюп эле, 24 күндүн ичинде аскердик кызмат өтөдүк деп кетип жатышпайбы.

Аскерге жашы жеткен уландар үчүн жеңилдетилген кызмат өтөөнү жоюу тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков иштеп чыккан. Мыйзамдын демилгечисинин айтымында, кызмат өтөөнүн бул түрү ансыз деле араң жан турган армиядагы коррупциялык иштердин көбөйүшүн жана армиянын курамдык сапаты начарлашын шарттоодо:

- Бул кызмат эч кимге пайда алып келген жок. Тескерисинче азыркы бир жылдык кызматка залалын тийгизип, жарандардын материалдык абалына жараша бөлүп, айрымдардын укуктарын тебелеп жатат. Бир жылдык кызматка көпчүлүк барбай калды. Мындай резервди даярдоодон өткөндөр эгер эртең согуш чыга турган болсо, эл эмес, өзүн да коргой албайт.

Кыргызстанда 12 000 сом төлөп, бир айлык даярдыктан өткөрүүнү мурдагы бийлик армиядагы коррупцияны ооздуктап, бул тармактагы сол чөнтөккө кетип жаткан каражатты өлкө казынасына буруу аракети менен түшүндүргөн. Бирок коомчулукта бул тууралуу карама-каршы пикирлер айтылган эле.

Маселен Кой-Таш аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Азиз армиядагы теңсиздикти “Азаттыктын” кабарчыларына мындайча баяндаган:

- Жанакы мобилазациялоого чакыруу деп бир ай кызмат өтөп жатышпайбы. Буга жалаң эле бардар адамдардын балдары келет. Карапайымдар болсо минтип аскерге келебиз. Алар келгенде жүрөгүбүз “тыз” этет, эмне үчүн алар бир ай, биз бир жыл деп. Негизи баарына бирдей шарт түзүш керек. Биз армиядан чыгып жумуш таппай, ар кимге жалданабыз, ал эми бир ай кызмат өтөп коюп, чоң кызматтарга отурушат.

Эми бул тартип толугу менен күчүн жоготту. Муну менен катар аскердик милдетти өтөө тууралуу мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, армияга чакырылчу уландардын жашынын чеги 27тен 25ге ылдыйлады жана офицерлердин пенсияга чыгуу курагы 3 жылдан 6 жылга чейин узартылды. Мыйзам демилгечилери бул өзгөртүүлөр тажрыйбалуу кадрларды мамлекет пайдасына иштетип, армиядагы абалды жакшыртарын айтууда.

Анткен менен бул өзгөртүүлөр армиядагы абалдын жакшырышына өбөлгө түзөөрүнөн күмөн санагандар арбын. Алардын бири Улуттук Гвардиянын мурдагы кол башчысы, генерал Абдыгул Чотбаев:

- 27 жаштан 25 жашка түшүрүп коюу менен эч нерсе өзгөрбөйт. Ал эми офицерлерди 3 жыл дагы иштесин деген туура. Себеби, бизде офицерлер 50 жашында пенсияга кетет. 50 жаш күчкө толуп, бардык жагынан акылдуу болуп турган убагы да. Бирок мындан кийин эле бир нерсе өзгөрөбү деген суроо коюлуп жатат. Мындай өзгөрүүдөн эч нерсе деле жакшырып кетпейт. Мунун ордуна армияга акча бөлүп, анын шартын оңдош керек.

Мобилизациялык резерв түзүү 2009-жылы сентябрда мурунку президент Курманбек Бакиевдин жардыгы менен башталган. Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, бул мезгил аралыгында 17 000ден ашуун аскерге жарактуу улан кызмат өтөөнүн дал ушул түрүн тандашкан.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG