Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Кыргыз армиясы: дагы эки жоокер качты


Кой-Таштагы аскердик бөлүк, Чүй облусу,23-февраль, 2012. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)
Кой-Таштагы аскердик бөлүк, Чүй облусу,23-февраль, 2012. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок)

Балыкчы шаарындагы аскер бөлүктөн качкан эки жоокер Жалал-Абаддагы аскер прокуратурасына кайрылды.

Шаардык аскер сотто кызмат өтөөгө бөлүнгөн бул уландар жетекчилери кордоп-кодулап ур-токмокко алганын жана жалчы катары пайдаланганын айтып даттанып жатат. Коргоо министрлиги менен Аскер соту окуяны иликтөөгө киришти.

Самаган Жапаров Балыкчыдагы аскер бөлүккө ушул жазда Жалал-Абаддан чакырылган экен. Келери менен аскердик сотко бөлүнгөн. Армиядан качкан улан “Азаттыктагы” маегинде жетекчилеринин кордугуна кабылганын, чыдагыс абалга жеткенден кийин ушундай кадамга барууга аргасыз болгонун айтып берди:

-Улукбек Акунов деген старшина мени жана дагы бир кызматташымды сабап, башыбызды жарган. Камышбек Сыдыков деген подполковник өзүнүн жана башка бирөөлөрдүн үйүнө алып барып, кум жүктөтүп, бирөөлөрдүн алмаларын кайтартып, тердиртип жумуш кылдыртчу. Эмил Мелисбек уулу деген лейтенант, канцеляриянын башысы уруп-сабап, эркектик мүчөгө тээп, мойнубуздан бууп, түн бир оокумга чейин отургузуп-тургузуп, дүкөндөргө жумшап, арак-тамекини биздин эсебебизден алдыртып жүргөн.

Самаган Жапаров Арсен Талантбеков аттуу кызматташы менен 18-октябрдын кечинде качып чыккан. Жалал-Абадга жетип, 20-октябрда аскердик прокуратурага андан кийин Акыйкатчынын аймактагы өкүлүнө арыз менен кайрылган. Качкан уландын айтымында, коомдогу жердешчилик илдети ал кызмат өтөгөн жайда да байкалган экен:

- Мен армияга өз эрким менен, Ата Мекенди коргойм деп кеткем. Азыр деле кызматымды улантууну каалайм, бирок мени түштүк жакка которуп беришин сурайм. Прокуратура териштирип, баарын ачыкка чыгарып беришин сурап атам. Мен кызматымды сөзсүз улантам, токтотуп койбойм.

Коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эрнис Элеманов бул окуяны министрлик көзөмөлгө алып жатканын маалымдады:

- Сыдыков, Мелисбек уулу жана Акунов дегендер бизде эмес, Балкычы аскер гарнизондук сотунда иштейт. Бизге эки жоокерибиз Жала-Абадга качып кетти деген доклад келди. Учурда Сузак менен Аксынын аскер комиссарлары иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Жакын арада бул балдарды өздөрүн элеби, же ата-энелери менен чогуубу, айтор Балыкчыга алып келишет. Андан кийин такталып туруп, иш аскер прокуратурасына берилет.

Кызматкерлери жоокерлерди ур-токмокко алды деп айыпталып жаткан Аскер соту да кызматтык иликтөөгө киришти. Бул тууралуу аталган соттун юридикалык бөлүмүнүн башчысы Канат Абыканов билдирди:

- Төраганын буйругу менен комиссия түзүлгөн. Азыр кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Азыр качып кеткен себебин иликтеп жатабыз. Жыйынтыгы бүткөндөн кийин так жооп бере алабыз.

Аскер прокуроратурасы азырынча бул факт боюнча кылмыш иш козгой элек. Ппрокурордун орун басары Данияр Эркимбаев качкан жоокерлердин арызы Балыкчыга жолдонгонун “Азаттыкка” маалымдады:

- Алардан Жалал-Абадда көрсөтмө алып, экспертиза дайындап, материалды Балыкчы шаардык гарнизондук прокуратурасына жибердик. Балдарды ал жактан чакыргандын деле кажети жок. Себеби жол алыс, анан ал балдардын түшүнүк каттары, экспертизасы бар, эми тигил жактан чечим чыгарат.

Кыргызстанда армиядан бир-экиден, же жоон тобу менен качкан учурлар жылда эле кездешет. Прокурорлордун маалыматына ылайык, өлкөдө жылына орто эсеп менен армияга байланыштуу 300дөй кылмыш иш катталат. Уруп-согуу, аскер бөлүктү таштай качуу жана өз жанын өзү кыюу сыяктуу кылмыштар бири-бири менен тыгыз байланышкан.

XS
SM
MD
LG