Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Кыргызстандын Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайдын 69 курсанты качып кеткендиги аскерде адам укугун коргоо жана ички тартиптин аксап жаткандыгын дагы бир жолу айгинелегендей болду.

Акыркы беш жылда аскерде сексенден ашык жоокер көз жумса, анын 37си кызмат өтөп жүрүп өз жанын кыйган. Буга эмне себеп? Эмне үчүн армияда СССРден мурас калган улуулар кичүүлөргө ыдык көрсөткөн жосун тыйылбай жатат?

“Арай көз чарай” талкуусуна Коргоо боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы штабынын тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Бакыт Жапаров, Башкы штабдын аскердик билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтык Эрматов жана “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова катышты.

“Азаттык”: Азиза айым, Дайыр Асанов атындагы аскердик окуу жайдан 69 курсант качып кеткендигинин чыныгы себептери ачык айтылбай жатат. Алар эмне себептен качып кетишти? Мындай массалык каршылык көрсөтүү мурда болгон жок эле. Демек бул абалдын өтө курч экендигин далилдеген окуя болду го? Буга кандай баа беребиз?

Азиза Абдирасулова: Биз Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук комитеттин жана акыйкатчынын өкүлдөрү менен бирге качып кеткен 69 баланын ар бирине жолуктук.

Чынында, балдар уруп-согууга же кыйноого дуушар болушкан эмес, бирок кыйноонун мамлекеттик деңгээлдеги формасына дуушар болушкан деп айтсак болот. Анткени балдардын 10 чактысы сланцы кийип алышыптыр, себеби буттары шишип, кабарып кетиптир.

Алар Башкы штабдын, окуу жайдын буйругу менен каникулдан 29-июлда чакыртылып алып, Эгемендиктин 25 жылдыгына карата 31-августта боло турган парадда басуу үчүн даярдыктан өтүп жатышыптыр. Анан алар өтүк кийип алып, күнүнө 7-8 саат жер тепкилеп жатышыптыр, ошондон буттары ылжырап, кыйналып кетишкен экен. Ошон үчүн балдар эс алууга бара алабызбы деген адам укугунун чегиндеги эле суроону беришкен экен, ага жооп алышпагандан кийин ата-энелерибиз угаар бекен деп үйлөрүнө кетип калышкан.

Парадга даярдоо учуру алардын эс алуу мезгилине туш келгендиктен балдардын эс алуусун да жөнгө салуу керек болчу, демек берилген буйрук дыкат иликтенбей даярдалган.

“Азаттык”: Бакыт мырза, акыркы алты жылда 84 жоокер каза болуп, анын 37си өз жанын кыйыптыр. Эмне үчүн эгемендик алган 25 жылдан бери армияда СССРден мурас болуп калган улуулардын кичүүлөргө чоңсунган жоругун тыя албай жатабыз? Аскердик окуу жайдан да курсанттар басмырлоонун, зордук-зомбулуктун айынан качып кетишкени туурабы?

Бакыт Жапаров: Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинин курсанттарына ушул маанилүү парадды ачуу милдети жүктөлгөн. Ага биздин келечегибиз ушулар деген ой камтылган эле. Эгер анын маңызын түшүнгөн болсо бул чоң сыймык. Себеби, алар менен бирге эле 25 жылдан бери кызмат өтөгөн офицерлер дагы алар менен бирге даярдыктан өтүп жатышат. Бул жерде курсанттар жаштык сезимге алдырган аракетке барышты.

Алар өтүк кийип алып, күнүнө 7-8 саат жер тепкилеп жатышыптыр, ошондон буттары ылжырап, кыйналып кетишкен экен.

“Азаттык”: Бакыт мырза, мен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын мурдагы башчысы Жаныбек Капаровдон армиядагы абалдын эмне үчүн жакшырбай жаткандыгын сурасам, эң башкы себебинин бири аскердик милдет өтөөгө уландардын үй-бүлөдө жана коомдо даярдалбагандыгы деп жооп берди. Сиз ага кошуласызбы? Жоокерлер чыныгы аскердик кызмат эмне экендигин, аскердик тартип эмне экендигин билбей келип, анан кыйынчылыкка чыдабай жатышабы?

Тынчтык Эрматов: Мен Жаныбек Капаровдун оюна кошулам, чынында биз аскердик тарбия берүүдө катуу аксап жатабыз. Аскердик окуу жайынын окуучуларынын эс алуусу боюнча укуктук-ченемдик актыларда 30 күндөн кем эмес эс алуу убактысы берилет деп жазылган, демек курсанттардын эс алуусун чектеген аракет болгон эмес.

Бир гана кемчилик - курсанттарга эс алуу мөөнөтү жана мамлекеттик маанидеги парадга катышууга даярдык көрүү милдети тууралуу толук жана жеткиликтүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул ишке жооптуу адам ишинен убактылуу четтетилди жана азыр иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG