Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Кыргызстанда Кытай жарандары көп иштейт


Кытайлык жумушчулар.
Кытайлык жумушчулар.

Кыргызстандагы чет элдик жумушчу күчүнүн 77 пайызын кытайлыктар түзөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Түркия жарандары – 8,6%, Түштүк Корея – 2,3%, Украина – 1,7%, Пакистан – 1,5%, АКШ – 1,2%, Индия – 0,8%, Өзбекстандыктар – 0,7 пайыз. Жыл башынан бери Кыргызстанда иштөө боюнча 2380 арыз түшүп, анын 1836сы канааттандырылган.

Кытай жарандары көбүнчө автожолдордун курулушу, Бишкек Жылуулук борборун реконструкциялоо, мунай, газ жана алтынды кайра иштетүү тармактарына тартылган.

Жалпысынан өкмөт быйылкы жылга чет элдиктерге 15 миңге чукул квота бөлгөн. Анын 12 миңге жакыны 79 мамлекеттен келген жарандарга берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG