Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Кыргыз армиясы: жүзү жана күчү


Кыргыз жоокери
Кыргыз жоокери

Өткөн жумада Кыргызстанда Мекенди коргоо күнү белгиленди. Буга байланыштуу "Азаттык" мекенди кимдер коргошот деп аталган макалалар топтомун сунуштайт.

Мекенди коргоого үйрөтүү мектептен башталаары айтпаса да түшүнүктүү. Кабарчыбыз Ыдырыс Исаков мектептерде жогорку класстарынын окуучуларын аскердик даярдыктан өткөрүү иштеринин абалы кандай? Кандай өзгөчөлүктөрү жана өксүктөрү бар? Ушул жана башка суроолорго жооп табууга аракет кылып көрдү.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00
Түз линк


Аскер курагындагы кыргыз жаштарынын саламаттыгы азыр жакшы эмес дешет адистер. Жаз, күз мезгилдеринде аскерге чакырылган жигиттердин дээрлик 50 пайызы жараксыз болуп калууда. Буга азыркы жигиттердин жетишсиз салмагы, малдан жуккан бруцеллез, эхинококк, альвеококк сыяктуу жугуштуу оорулар себеп болууда. Бүгүнкү кыргыз аскерлеринин саламаттыгын Бактыгүл Чыныбаева иликтеген.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00
Түз линк

Азыркы жигиттер, жаштар дене-тарбиясы чың, аскерге жарактуу, күчтүү болгонго караганда, назик, модалуу болууга көбүрөөк ыкташат. Бул көрүнүштү коомдун өнүгүү жолундагы кубулуштар дегендер да, эркектин күчүн, эркин талап кылган кесиптердин азайып баратышы менен да түшүндүрүшөт. Кененирээк Айгерим Акылбекованын материалында сөз болот.

please wait

No media source currently available

0:00 0:03:09 0:00
Түз линк

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөгөн жоокерлердин отуздайы өз жанын өзү кыйгандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда. Былтыр аскердик кызматын таштап качкан үч факт катталган. Аскер курагындагы жаштардын армияда ар кандай күтүүсүз кадамдарга барышына аларды моралдык-психологиялык даярдыктан өткөрбөгөндүк себеп болуп жаткан жокпу? Маселенин бул өңүтүнө кабарчыбыз Руслан Калматов кызыгып көргөн.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:00 0:00
Түз линк

Кыргызстанда мекен cакчыларын даярдоо системасы канчалык жаңырды? Өлкө үчүн кооптуу саналган сырткы күчтөрдүн мизин кайтарууга куралдуу күчтөрдүн чама-чаркы жетеби? 23-февраль – Ата Мекенди коргоо күнүнүн алкагында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысынын орун басары, полковник Жаныбек Капаров “Азаттыкка” ушул жана башка суроолордун тегерегинде маек курду. Аны кабарчыбыз Айзада Касмалиева кепке тартты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:54 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG