Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

3-февралда Коргоо министрлигине караштуу Кой-Таштагы аскердик бөлүктөн катардагы жоокердин асылып турган денеси табылды.

Азырынча ал өзүн-өзү асып алган деп айтылууда. Бул ай башынан бери эле Коргоо министрлигинде кызмат өтөп жатып каза тапкан үчүнчү жоокер.

Коргоо министрлигинин тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Эрнис Элеманов 3-февралда каза тапкан жоокер тууралуу буларды билдирди:

- 3-февралда саат 12лер чамасында аскер бөлүгүнөн асылып, каза болгон жоокердин денеси табылган. Анын денеси казарманын жертөлөсүндө илинип турган экен. Бул боюнча кызматтык иликтөө башталды.

Азырынча жоокердин каза тапканы боюнча бир гана версия: ал өзүн-өзү асып алган деп айтылып жатат. 1994-жылы туулган катардагы жоокер Абдрасул уулу Кудайберген аскерге былтыр апрель айында Жалал-Абад облусунан чакырылган. Эки айдан кийин армиядан бошоп, үйүнө кетмек.

Бул бир айдын ичинде эле Коргоо министрлигинде өз өмүрүнө кол салган экинчи жоокер болуп калды. 10-январда Кант шаарындагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Элдияр Камчыбек уулунун да асынып турган денеси табылган. Анда да ал өзүн-өзү асып алган деп айтылган болчу. Ушул жазда үйүнө кайтмакчы болуп турган Элдияр Камчыбек уулунун атасы Камчыбек Асанов баласы өз өмүрүнө кол салды дегенге ушул күнгө чейин ишенбейт.

- Кантип эле мындай окуя болуп кетет? Анткени, ошол күнү телефондон биз менен байланышып, апасы жана досу менен сүйлөшкөн. Анан 1-2 сааттын ичинде эле мынчалык өзгөрүү болуп кетиши мүмкүн эмес. Аны көптөп, бир нерсе кылган болуш керек деп ойлоп жатам.

Булардан тышкары, 3-январда Оштогу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер каза тапкан. Аны 31-декабрда кесиптеши жаңылыш атып алганы, 4 күндөн кийин ооруканада жан бергени айтылган.

Аскердин амандыгына мамлекет жоопкер

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы, укук коргоочу Азиза Абдрасулованын оюнча, аскерде каза тапкан жоокерлер боюнча жазага тартылгандар жокко эсе.

- Өзүн-өзү өлтүргөн убакта дагы ага мамлекет жооп бериши керек. Себеби, ата-эне баласын чоңойтуп, 18-19 жашка чыгарып, мекенин коргосун, армияда кызмат өтөсүн деп жиберет. Ошондуктан, алардын коопсуздугуна, ден соолугуна мамлекет тарабынан кепилдик берилиши керек.

Жоокерлердин өзүн-өзү асып алышына чоңсунуу, башкача айтканда “дедовщина” башкы себеп болору айтылып келатат. Маселен, 2012-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн 11 жоокер өз жанын кыйса, бирөө ага аракет кылганда аман алып калышкан. Өткөн жылы 12 жоокер өз өмүрүнө кол салып, анын жетөө каза тапкан. Аскер прокурору Марат Эшперов аскердеги “дедовщина” боюнча буларга токтолду:

- Чоңсунуу учурлары да жок эмес. Андай учурлар болгондо биз күнөөлүүлөрдү таап, жоопко тартып жатабыз да. Бирок, суициддин себептерин аныктап келгенде бардык эле учурда “дедовщинадан” деп айта албайбыз. Көбүнчө өздөрүнүн жеке проблемалары болот. "Дедовщина” болгон учурда сөзсүз биз тараптан кылмыш иштери козголуп, тергелип, күнөөлүүлөр аныкталып, жоопко тартылып жатат.

Деген менен Коргоо министрлиги өз жанын кыйгандарга бир гана армияны айыптоо туура эмес деп эсептейт. Министрликтин тарбия иштери боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Эрнис Элеманов буга армияда эмес, өз үйүндө жүрүп да өмүрүнө кол салгандар бар экенин мисал тартты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG