Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Жоокерлер мончодо жоолашты


Кыргыз армиясы - улут сыймыгы...бы?
Кыргыз армиясы - улут сыймыгы...бы?

Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн жоокерлеринин катышуусунда мончодо жапырт мушташ катталды.

Анын кесепетинен катардагы он жоокер денесинен жаракат алып, аскер ооруканасына жаткырылды.

Серепчилер аскер бөлүктөрүндө жоокерлердин акча талап кылып, бирин-бирин басмырлоосу, өз өмүрүнө кол салуу жана жапырт мушташ учурлары көп катталып жаткандыгын аскерий жетекчиликтин ишинин шалаакылыгы менен байланыштырышууда.

24-мартта түштөн кийинки саат төрттөр чамасында Коргоо министрлигине караштуу аскер бөлүгүнүн мончодо жуунуп жаткан жоокерлери өз ара араздашып, ал жапырт мушташка айланган. Мушташ Бишкектеги бир аскер бөлүгүнө караштуу эки отряддын жоокерлеринин ортосунда чыккан.

Бул боюнча материалдар Аскер прокуратурасына берилип, окуянын себептерин иликтөө иштери башталды.

Аскер бөлүктөрүндөгү мындай тартипсиздиктер биринчи жолу эмес. Өткөн жылы 9-сентябрда баш калаадагы ички аскер бөлүгү менен Улуттук гвардиянын жоокерлеринин ортосунда орун алган мушташтын айынан 18 жаштагы бир жоокер мерт кеткен эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков аскер бөлүктөрүндөгү мындай абалды күжүрмөн даярдыктын начардыгы менен байланыштырды:

- Бул жерде маселе жанагы күжүрмөн аскердик даярдыктардын абалы кандай? Мына ошого бөлүнгөн каражат максаттуу берилип, өз дарегине жетип жатабы же жокпу? Мына ушуга окшогон уруш-мушташ аскерлердин бекерчилигинен келип чыгат. Менин байкашыма караганда тиешелүү күжүрмөн даярдыктын туура жүргүзүлбөгөндүгүнөн ушундай маселелер чыгып жатат.

Кептин баары тартипте

Ошол эле учурда Коргоо министрлиги айрым парламент депутаттарынын мындай баа берүүсүнө макул эмес. Аскер бөлүктөрүндөгү тартипсиздиктердин себептерин коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов бейбаш жоокерлерге карата жазалоо чараларынын жумшактыгы менен байланыштырды:

- Сот системасы жана укуктук база мына ошол тартип бузган жоокерлерге карата ашкере боорукердик кылып келди. Мына ошол гумандуулуктун айынан мурда тартип бузган ошол эле бейбаш жоокерлер кайрадан мушташ уюштуруп отурушат. Мыйзамдын жумшактыгынан тартип бузган жоокерлерге иш козгоп, жазалоонун ордуна алар менен кайра иштешүүгө туура келип жатат.

Ошол эле кезде дагы бир парламент депутаты Ирина Карамушкина жоокерлерге тарбия берчү офицерлердин өздөрүнүн жүрүм-турумунда маселе бар экендигин белгиледи.

Ал аскер бөлүктөрүндө мурда кандайдыр бир иштер боюнча жоопко тартылып, бирок кийин соттон акталган отуздан ашуун офицер дагы деле иштеп жаткандыгын мисал келтирди. Ошондуктан аскер бөлүктөрүндөгү командирлердин жана башка аскерий аткаминерлердин иштөө усулдарын текшерип чыгуу демилгеси көтөрүлдү.

Аскер иштери боюнча эксперт Кубанычбек Сарыбаев офицерлерди даярдоонун сапаты талапка жооп бербей жатканына токтолду:

- Коргоо министрлигине караштуу жогорку аскердик окуу жайы жылына 200дөн ашуун офицерди бүтүрүп чыгарат. Бирок анын окуу-материалдык базасын жана каржылоо деңгээлин карасаң көйгөйдүн каяктан келип чыгып жатканын түшүнөсүң. Биздин чакан армияга көп акча жумшап, ошончо сандагы офицер даярдоонун зарылдыгы бар беле? Андан көрө аз санда болсо да сапаттуу билим алган командирлерди даярдаганда ушуга окшогон маселелер азыраак болот эле. Мына, азыр катардагы жоокерден аларды башкарган офицерлер көп.

Аскер прокурору Марат Эшперов аскер бөлүктөрүндөгү кадр тандоонун начардыгы аскердик даярдык жана тарбия иштерин уюштурууга терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитети аскер бөлүктөрүндөгү абалды текшерип чыгып, тиешелүү чара көрүү чечимине келди.

XS
SM
MD
LG