Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:57

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө милдеттүү аскер кызматын өтөп жүрүп, күтүүсүз өлүмгө кабылган жоокерлердин саны акыркы төрт жылда алтымыштан ашты.

Алардын 70 пайызы өз жанын кыйгандар деп эсептелет. Бейпил жашоодо катталган мындай өкүттүү фактылар өткөн аптада Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды.

“Республика Ата-Журт” фракциясынан депутат Руслан Казакбаевдин билдирүүсүндө, аталган фракцияга акыркы эки жылда бир жарым миңге жакын кат келсе, анын көпчүлүгүндө коргоо тармагынын, аскер кызматкерлеринин ишмердиги сынга алынган. Мындан улам депутат кыргыз армиясындагы реформага олуттуу маани берүүгө чакырды:

- Балдары армияда милдетин өтөп жүргөн жарандардын кайрылуусу акыркы кезде көп болуп кетти. Алар аскерде шарт начар экенин, балдары качып жатканын билдирип жатышат. Биз да Аскер прокуратурасынан маалымат алып, суицид көбөйгөнүн билдик. Жоокерлер өз жеринде, өз элинде кызматын өтөп жатышат. Былтыр ЕККУнун адистери кыргыз армиясынын абалын иликтеп, мыйзамсыз зомбулуктан тышкары шарт начар, медициналык камсыздандыруу жок деген тыянак чыгарышкан. Бир жоокердин күнүмдүк тамак-ашына 60 сом кетет. Ал эми түрмөдөгү кылмышкерге 80 сомдон ашык каражат бөлүнөт.

Аскер бөлүктөрүндө жана коомчулукта жоокерлердин өз өмүрүнө кол салуусунун түрдүү себептери айтылып келатат. Алардын катарына биринчи кезекте “дедовщина” деп аталып калган алдуусу алсызына үстөмдүк кылуу фактору бар. Муну отставкадагы генерал Ашырбек Бакаев коомдогу социалдык көйгөйлөрдүн уландысы катары баалады:

- Мындай нерсе коомдо бар. “Дедовщина” элдин аң-сезимине киргенден кийин армияда да уланып жатат. Коом кандай болсо, армия да ошондой болот.

Аскер курагындагы уландардын аргасыз кадамдарына кызмат өтөөгө алдын ала даярдыксыз барышын себеп катары карагандар да бар. Алардын бири - запастагы полковник Мазалбек Кабаев:

- Жай турмушта 60тан ашык жоокердин каза болгону Кыргызстан үчүн чоң трагедия. Аскерлерди бала кезден катуу текшерип, психикалык жактан ал армияга барып милдет өтөөгө даярбы-жокпу аныктоо керек. Мына ушул иштер жакшы жүрбөгөндүктөн, уландар аскердеги кыйынчылыктарга чыдабай атышат.

Кабаев бул көйгөйдөн арылуунун жолун үй-бүлөдө багыттоочу тарбиядан жана мектептерде аскерге даярдык деген сабакты киргизүүдөн көрөт.

Социолог адистердин иликтөөлөрүнө таянсак, аскер курагындагы жаштардын сезимтал болуп калышына миграциялык агымга байланган токсонунчу жылдардагы өткөөл доор да таасир эткен. Балдар маселелери боюнча адис Гүлзат Шамсутдин Коргоо тармагы жоокерлерди тарбиялоодо ушул психологиялык өксүктү эске алышы керек деп эсептейт:

- Ал кездеги бурулуш доордун таасиринен жапырт миграция агымы башталган. Ата-эненин жетиштүү тарбиясын көрбөгөн балдар азыр аскер курагына келип, мекен алдындагы милдеттерин өтөп жатышат. Алар союз урагандан кийинки доордун балдары. Көпчүлүгүнүн ата-энелери балдарын туугандарына таштап кеткен. Жанында жүрсө деле жетиштүү көңүл бурган эмес. Маселенин тамыры ушунда.

Кандай жагдай болбосун, күлгүндөй эр-жигиттердин кайгылуу кадамдарга барып жатышы жалпы коом үчүн олуттуу көйгөй экенин “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова белгиледи:

- 19-22 жаштагы акыл-эстүү балдардын мындай кадамга барышына кандайдыр бир терс окуялар түрткү берип жатат да. Ата-энелер алты саны аман балдарын аскерге жиберип, кээ бир учурларда алар майып болуп кайтып же сөөгү келип жатканы өкүндүрбөй койбойт.

Ошол эле учурда тигил же бул жоокердин күтүүсүз өлүмү үчүн жоопкерчиликти аскер тармагы же андагы кайсы бир жетекчилик өз мойнуна алгандыгы тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе.

Аскерде өз жанын кыюу фактылары менен катар уруп-сабоо, үстөмдүк, зомбулук күч экени буга чейин да айтылып келген. Акыркы жолу Чоң-Алайдагы “Карамык” тозотунда чек ара кайтарууга эмес, мыйзамсыз аңчылыкка жөнөтүлгөнү аныкталган катардагы жоокер Бексултан Бааридиновдун изи 9 айдан бери табылган жери жок. Ал эми балдарынын сөөгүн алган ата-энелер арасында өз жанын кыйды деген расмий тыянакка ишенбей, чындык издеп жүргөндөр аз эмес.

Армияда көйгөйлөр бар экенин күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да моюна алып келатышат. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалымат кызматынан “Азаттыккка” билдиришкендей, маселенин себептери жана андан арылуу жолдору ушу тапта укук коргоочулар менен чогуу иликтенүүдө. Анын тыянагы жакында коомчулукка жарыяланат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG