Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Аскерге чакырылган жоокерлердин арасында ден соолугу талапка жооп бербей, кайра артка кайтарылгандардын саны өсүүдө.

10-июлда Коргоо министрлигинин Кой-Таш айылындагы аскерий бөлүгүндөгү көчмө жыйынында белгилүү болгондой, жыл башынан бери армияга байланыштуу 31 кылмыш иши катталган.

Булар пара алуу, кызматынан кыянат пайдалануу жана өзүн-өзү өлтүрүү фактылары. Жарым жылдагы бул көрсөткүч өткөн жылга караганда эки эсе көп. Былтыр бул сыяктуу 17 гана окуя катталган.

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевдин айтымында, жыйында бул өнөкөттөрдөн арылуу зарылдыгы талкууланды.

- Бул иштер менен күрөшпөсөк болбойт. Биз айтып жаткан коррупциядан баштап, шалаакылык боюнча кемчиликтердин баарын министрликтин коллегиясында көтөрдүк.

Көчмө жыйынга катышкан Коргоо министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин төрагасы Токтогул Какчекеев муну Коргоо министрлигинин өзүн-өзү тазалоо аракети катары баалады. Ал бүгүнкү кыргыз армиясындагы терс абалга бир гана Коргоо министрлиги же аскер адамдары гана эмес, мамлекет да күнөөлүү деп эсептейт. Ал аскер адамдарынын турмуш-шартына, айлык-акысына көңүл буруу зарылдыгын билдирди.

- Бүткүл дүйнө өз аскерлерин сыйлайт. Бизде болсо сүйлөсө оозун толтуруп, көбүртүп Манасты айтышат. Ал эми Манас деген аскер башчы болгон да. Ошондуктан бүгүн аскерди өз деңгээлине алып келиш керек. Аскердин иши оор жана татаал. Аны түшүнбөй эле, “антет, минтет” деп айтышат. Эгер куралдуу күчтөр болбогондо, 2010-жылы июнь окуясында өлүм-житим төрт-беш эсе көп болмок.

Реформа - мезгил талабы

Бүгүнкү кыргыз армиясындагы дагы бир көйгөй - ага чакырылгандардын физикалык жана психологиялык абалынын начардыгы. Маселен, өткөн жылы кызмат өтөөгө келген 22 жоокер ден соолугу начар, аскерде кызмат өтөө талабына жооп бербейт деп, кайра артка кайтарылган. Ал эми быйылкы жылдын алты айында эле андай жоокерлердин саны 33 адамга жетти.

Министрлик бул аскер комиссарларынын ишинин чабалдыгынан, медициналык кароонун сапатсыздыгынан деп мойнуна алууда. Министр Таалайбек Өмүралиев:

- Биз күнөөлүү адамдарга сөгүш жарыялап койсок натыйжасы болбойт экен. Эми кескин чараларга барабыз, барганда да чоң кадамдар жасалат. Бирок заматта эле баары жакшы болуп кетет деп айта албайм. Бул иштердин натыйжасы күзгү аскерге чакырууларда анча көрүнбөйт, бирок эмки жазгы чакырылышта анын жемиши болушу мүмкүн.

Ал эми эксперт Имамберди Жалиловдун айтымында, армияда акыркы кездери болгон окуялар бул маселеге сергек кароого мажбурлап отурат.

- Бүгүнкү чындык бизге аскердеги абалды көрсөтүп жатат. Мисалы, Ошто №2065 аскер бөлүгүндө бир бала өзүн-өзү асып алды. Бишкекте аскер институтунун курсанты да өзүн өлтүргөн. Баткенде да чек ара тосотунда бир бала өзүнө өзү кол салды. Мунун баары бизди бул маселелерге башкача көз караш менен караганга мажбурлайт.

Жалилов кыргыз армиясынын интеллектуалдык деңгээли да болуп көрбөгөндөй түшүп кеткенин белгилейт. Ал азыр армияга орто мектепти аяктабагандар, дүйнө таанымы тар жана армиядан уулун алып калууга шарты жок бей-бечаралардын балдары келип жатат дейт.

- Баягы Буденный айткан атты минип алып, Зарница мылтыгы менен жүрө турган заман азыр кетти. Бүгүн Мекенди коргоо эң ириде интеллектуалдык, илим-билим жана техникалык базанын айкашында жүрүп, ага ошондой балдарды алыш керек. Учурда балдар айлап-жылдап, мектепке барбай жатат. Ошол бала аскерде эмнени кыла алат? Бери эле дегенде алар жөнөкөй жоопкерчиликти билеби?

Кыргызстанда жылына 30 миңдин тегерегинде жигит аскерге чакырылып, бирок алардын ичинен армияга 6 миңдей гана адам алынат. Адистер 10 миңдеген уландардын арасынан акылы тетик, ден соолугу чың балдарды тандап алууга болорун белгилешүүдө. Бирок министрликтин жыйынында айтылгандай, аскер комиссариатындагы паракорчулук, медициналык кароонун сапатсыздыгы азырынча ага мүмкүнчүлүк берчүдөй эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG