Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:49

7-апрелде Ак үйдүн алдында жараат алгандарга биринчи жардамды "спецполиклиника" көрсөткөн. Оорукананын башкы дарыгери Марат Сагынбаев ал күн тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Былтыр 7-апрелде Ак үйдүн алдында жаракат алгандарга Президенттин иш башкармалыгына караштуу Дарылоо, ден соолукту чыңдоо бирикмеси алгачкылардан болуп жардам көрсөткөн. Бул мекемени эл арасында “спецполиклиника” деп аташат.

Бирикменин директору жана башкы дарыгери Марат Сагынбаев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

"Азаттык": Былтыр 7-апрелде болгон Ак үйдүн жанында окуя сиздердин ооруканага жакын жерде болду эле. Ошондо жабыркаган жарандарга кандай жардам көрсөтө алдыңыздар?

Марат Сагынбаев: 2010-жылдын 7-апрели кыргыз эли үчүн тарыхтагы абдан татаал, кайгылуу күн болуп калды. Биз Ак үйгө жакын жайгашканыбызга байланыштуу анын тегерегинен жаракат алгандардын баары тең эле жүз пайыз бизге келип жатты. Карап көрсөк алардын баары эле атылып, ок жегендер экен.

Күндүзгү саат экиден он беш мүнөт өткөндө биринчи жарадарлар түшө баштаган. Түшкөндө да топ-тобу менен, отуз-кырктан келип жатты. Биз аракет кылып, оорукананын бардык жак тарабынан - түндүк, түштүк жана чыгыш жактарынан аларды кабыл алып жаттык. Атайын кабыл алуу бөлмөлөрүн да даярдадык.

Жамаатка ыраазычылык билдирсе болот. Ал күнү жамаат жумуштан кетпей, толук курамы менен ооруканада калышты. Эс алып жаткандар окуяны угар замат ооруканага келишти.

Кан суудай эле акканда...

"Азаттык": Жаракат алгандар сиздерге кандай абалда түшүп жатты?

Сагынбаев: Аянттан ок тийип, кан агып, эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөй, тегерегинде жүргөн жигиттер көтөрүп эле бизге жеткирип жатышты.

Травматологияда, согуш илиминде оорулууларды жараатына карап бөлүү, тандоо деген чоң эреже бар. Ошол милдетти биздин оорукананын кызматкерлери аткарышты. Биринчи эле келгенде оорулардын канын токтотуп, байлап, анан сынып калган жерлери болсо шакшактап, бекемдеп жаттык. Бирок бизге жеткенче эле каны көп агып кеткендер болду.

Мындайды Кудай башка салбасын, кан суудай эле акты го. Алардын кан басымын толукташ үчүн чоң кан тамырларына суюктуктарды куюп, терапиялык иштерди жүргүздүк. Мындан тышкары ооруларын басандатуучу дарыларды куйдук.

Жаракат алгандарды өзүнө келтиргенден кийин экинчи баскычтагы иштерди жасадык. Кай жеринен жаракат алгандыгын тактап, мисалы баш сөөгүнөн жаракат алса нейрохирургияга, көкүрөгүнөн жаракат алса Улуттук госпиталдын көкүрөк хирургиясына, ичеги карындарынан жаракат алса Фучик көчөсүндөгү хирургиялык борборго, ошондой эле Мамакеевдин клиникасына, ал эми сөөк жана муун жаракаттарын биздин травматологиялык борборго жөнөтүп жаттык.

Бардыгы үчүн ачык

"Азаттык": Сиз жетектеген мекеме Президенттин иш башкармалыгына караштуу Дарылоо, ден соолукту чыңдоо бирикмеси деп аталат экен. Бул эл оозунда “спецполиклиника” деген ат менен белгилүү эмеспи. Бул эмне болгон оорукана, кимдер дарыланат?

Сагынбаев: Мындай ооруканалар бүткүл дүйнөдө бар. Бардык эле жерде “өзгөчө оорукана” деп коюшат. Бул жердин өзүнүн милдеттери, аткара турган иштери жана атайын бул оорукана дарылоого милдеттүү болгон адамдар бар. Негизинен ошол адамдар менен иштейбиз.

Мурда жабык түрдөгү мекеме болсо, жети-сегиз жылдын жүзү болуп калды, жарандардын бардыгын эле дарылап келатабыз. Тез жардам иштейт, реанимациябыз, ошондой эле азыркы медицинанын жогорку талаптарына жооп берген техникалык аппараттарыбыз бар.

"Азаттык": Президент, премьер-министр, алардын орун басарлары жана башка жогорку кызматтагы адамдар да ушул жерге келип дарыланышабы?

Сагынбаев:
Ооба, бизде дарыланышат.

"Азаттык": Ал эми колунда жок, карапайым адамдар келсе, алардын сиздерде дарыланууга мүмкүнчүлүгү болобу?
Күндүзгү саат экиден он беш мүнөт өткөндө биринчи жарадарлар түшө баштаган. Түшкөндө да топ-тобу менен, отуз-кырктан келип жатты.


Сагынбаев: Биз да ар бир жаранга шартына карап мамиле кылабыз. Кээ бир учурларда диагнозу жок, абалы оор адамдар келет. Ошондой учурларда чыныгы адамкерчилик парзыбызды, пенделик милдетибизди аткарып, өзүбүздүн ооруканага жаткырабыз.

Бир жылда диагнозу жок, абдан кыйналып, ооруканадан ооруканага барып жүргөн онго жакын кишилердин диагнозун үч-төрт күндө табабыз. Алардын арасынан көбүнчө онкологиялык жана туберкулез сыяктуу оорулар чыгып калат. Мындай учурлар бир топ эле болот.

Бизге кайрылган кишилерди сөзсүз түрдө карап, көңүл бурабыз. Ошол эле учурда бизде акы төлөп дарылануу башка мекемелерден эч кандай айырмаланбайт. Алардан жогору да эмес. Эгер биздин жардамыбыз керек болсо, эшигибиз дайым ачык. Он күндүн ичинде адамдардын ооруган жерлерин гана эмес, толук органдарын текшерип, так маалымат беребиз.

Бийлик да чарчайт


"Азаттык": Сизге бир окуяны эстетким келип турат. 2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиев резиденцияга кетип баратып, капыстан эле сиздердин ооруканага кайрылып, бир дүрбөлөң түшкөн окуя болгон эле. Ошондо эмне болду эле? Сиздин эсиңизде барбы?

Сагынбаев: Президент деле пенде. Ал кишилердин деле башы ооруйт, көзү ооруйт дегендей. Эгер ал адамдар ооруп калса, кайсы убакта гана болбосун биз дарылап, өз учурунда сакайтканга аракет кылабыз. Биздин бирикменин алдына коюлган максаты да бизге бекитилген адамдарды так, даана жана жогорку деңгээлде текшерүү жана дарылоо болуп саналат.

"Азаттык":
Бакиевдин учурунда премьер-министр Алмазбек Атамбаев ууланган бир окуя болду эле. Ошондо Атамбаевди сиз дарылаган экенсиз. Атамбаев чынында эле ошондо ууланган беле?

Сагынбаев: Ооба, учурунда мындай окуя болгон. Алмазбек Атамбаевдин ууланганы чындык. Аны биз лабораториялык иликтөө аркылуу тактап, маалымат бергенбиз. Ошол биздин берген маалымат чет мамлекетте да текшерилип, анын жыйынтыгы туура экендиги тастыкталган.

"Азаттык": Мамлекеттик кызматкерлер көбүнчө кандай оорулар менен жабыркашат?

Сагынбаев: Негизинен эле узакка иштөөгө байланыштуу өнөкөт чарчоо оорулары. Компьютерде отурушат, он-он эки сааттан иштешет, ал түгүл он алты саатка чейин иштегендер да бар. Аларды тешерип, бат эле мурдагы абалдарына келтирип койобуз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG