Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Ольга Мануйлова советтик Кыргызстанда жалгыз айкелчи аял болгон. Азыркы күндө да бул кесипти аркалаган аялдар аз.

Ольга Мануйлова СССРде эң алгачкы болуп согушта курман болгондорго арнап, эстелик жасаган экен. 1942-жылы генерал-майор Панфиловдун эстелигин жасап, ал азыр баатырдын атын алып жүргөн паркка коюлган. Мануйлова эстеликти күйөөсү Апполон Мануйлов менен биргеликте жасаганы тууралуу маалымат айкелчинин үй музейинде сакталып калган.

Аполлон Мануйлов кийин Орусияга кетип, банк кызматкери болуп иштеп кеткен экен. Ольга Мануйлова болсо Кыргызстанда калып, кыргыздын биртоп көрүнүктүү инсандарынын айкелин жаратканын музейдин кызматкери Асел Жумалиева баяндап берди:

- 1947-жылы Мануйлова Жоомарт Бөкөнбаевдин Эркиндик багындагы эстелигин, Баялинов атындагы китепкананын эки капталындагы Тоголок Молдо менен Менделеевдин, опера-балет театрынын маңдайы менен төбөсүндөгү бейнелерди жасаган. 1941-жылы мурдагы Конституциялык Сот ээлеген имараттын маңдайын кооздогон, “Ала-Тоо” кинотеатрынын артындагы чынычан кызды жараткан. Бул айкелдер убагында советтик Фрунзенин көркүн ачып турган.

Токтогулдун образын ачып берген

Шаарыбыздын чок ортосундагы Ольга Мануйлова жашап, узанган үйдө бир миң төрт жүздөн ашык эмгек коюлган. Төрт бөлмөлүү чакан музейдин ичинде кичинекей айкелдер, гипстен жасалган барельефтер, жыгач бетине оюлган бейнелер менен бедиздер, боёк менен иштелген жана карандаш менен тартылган сүрөттөр орду-орду менен тизилген. Анын кыргыз жерине кантип келип калганы жөнүндө музейдин кызматкери Асел Жумалиева мындай деди:

Асел Жумалиева

Асел Жумалиева

- Алгач, Ольга Мануйлова 1939-жылы мамлекет тарабынан Токтогул Сатылгановдун айкелин жасоого чакыртылган. Ал эстелик азыр Токтогулдун кичи мекени Кетмен-Төбөдө турат. Бизде ал долбоордун бир нече кичинекей эскиздери сакталуу. Алар: “Комузчан Токтогул", "Ат үстүндөгү Токтогул", "Комузчан жаш Токтогул" деген миниатюралар. Мануйлова Токтогулдун чыгармачылыгы менен өмүрүн, келбети менен кулк-мүнөзүнөн бери сураштырып, терең изилдегенден кийин гана жасаган. Прототипке, Токтогулга бир аз окшош Кулуке деген айылдашын таап, ага Токтогулдун өзгөчөлүктөрүн кошкон. Ольга Мануйлова Токтогулду бардык жагынан толук берүүгө аракет кылган жана ошого жетишкен.

Тегерегин көп кабаттуу имараттар курчаган, чакан бул үйдө бир кезде Ольга Мануйлова эки кыз, бир уулу менен жалгыз бой жашаган экен. Бул үйдү айкелчиге ошол кездеги мамлекет башчысы Исхак Раззаков берген экен.

Токтогул Сатылгановдун айкели

Токтогул Сатылгановдун айкели

- Исхак Раззаков өзү келип Жоомарт Бөкөнбаевдин айкелин кабыл алып атканда айкелчинин Касымалы Баялинов атындагы китепкана жанындагы эски устаканасына келет. Ал имараттын чоң залында Мануйлова балдары менен жашап-иштеген. Исхак Раззаков залдын бир бурчундагы парда тартылып турган жакты карап таң калып: “Тигил жерде эмне кыймылдап атат?”, - деп сураптыр. Ал жерде балдары ойноп аткан экен. Аларды көргөн соң дароо эле Мануйлованы машинасына салып алып келип, ушул үйдү көргөзөт. Ольга Мануйлова дароо жактырып көчүп келиптир.

Эркектер менен теңтайлашкан...

Ольга Мануйлова 1893-жылы, 30-октябрда Орусиянын Нижний Новгород шаарында төрөлгөн. Атасы аскер доктуру болгондуктан Самаркандга чакырылып, үй-бүлөсү менен ал жакка көчүп кетет. Ольга, (ал кезде атасынын аты боюнча Тихомирова) Самарканддан кыздар гимназиясын окуп бүтүптүр. Гимназиядан англис, француз, немис тилдерин үйрөнүп, жакшы билим алат. Анан, Германияга өзү сүйгөн ботаник-географ кесибине ээ болуу үчүн окуганы кетет. Бирок Биринчи дүйнөлүк согуш башталып кетип, тилеги орундалбай калган. Табиятынан шык даарыган кыз бекер жүрбөй скульпторлордун окуусуна кирип алат. Ошол жерден ал мындан ары искусствосуз жашай албасын түшүнөт да Орусияга келип, айкелчилер менен сүрөтчүлөрдүн окуусуна кирет.

Панфиловдун эстелиги

Панфиловдун эстелиги

- Ал жерден орустун чыгаан акыны Владимир Маяковский менен чогуу окуган экен. Өмүрлүк жолдошун да ошол жерден таап, фамилиясын Мануйлова кылып өзгөрткөн. Аны жакындан билгендердин баары биз анын колдоруна карап таң калчубуз дешчү. Эркектердикиндей кубаттуу, күчтүү, чоң колдору бар эле деп айтышчу,-дейт Жумалиева.

Ольга Мануйлованы көрүп, билип калган Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев айкелчинин дараметине жогорку баа берди:

- Ольга Мануйлова биринчи муундагы сүрөтчүлөрдүн катарына кирет. Билим, тарбия-таалим алганы абдан жакшы болгон. Анын опера-балет театрынын антикалык үлгүдөгү архитектурасына жараша, бийик деңгээлде жасаган маңдайкы эстеликтери мага аябай жагат. Генерал Панфиловдуку өзгөчө табит менен жасалган. Эмгектери бүт классикалык үлгү болуп калды да. Кезинде, Манас атабыздын да баянына кайрылган жайы бар эле. Анын деңгээлине, чыгармачылык бийиктигине керек болсо эркек айкелчилерибиз да жете албай жүрөт. Кыздардан көркөм академияны окуп бүтүп атышат, бирок алар анын деңгээлине жеткиче көп бар.

Опера-балет театрынын бет маңдайы

Опера-балет театрынын бет маңдайы

Кыргыз сүрөтчүлөр кошуунунун төрагасы Таалай Усубалиев скульптура менен көбүнчө эркектер иштей турганын, аялдардын арасында мыкты эмгек жараткандар чанда болорун, Мануйлова алардын башында турарын айтты:

- Бул аябай кыйын айкелчи десем жаңылбайм. Негизгиси, анын скульптуралары реалисттик болсо да, өзгөчө эле. Өзү аял болсо да аябай кыйын айкелчи болгон. Бул эми эркектер иштей турган адистик да. Баткак, цемент кармайт, жумушу оор. Мануйлованын эмгектери Тургунбай Садыковдукунан кем калбайт. Тилекке каршы, анын жолун жолдоп кеткен аялдар азыр жок.

Ольга Мануйлованын балдары өзүнө окшоп маданият, искусство, гуманитардык тармактарда эмгектенишкен. Алардын ичинен азыр улуу кызы Мария Мануйлова гана бар, ал кесиби боюнча архитектор болгондуктан, өмүр бою Бишкектин Политехникалык институтунда, Көркөм сүрөт окуу жайында мугалимдик кесипти аркалады. Кийинчерек Москвага көчүп кеткен, учурда 95 жашта.

Айкелчи 1984-жылы 91 жашында дүйнө салган. Сөөгү Бишкектин түндүк тарабындагы "Дордой" базарынын жанындагы христиан көрүстөнүнө коюлган. 2000-жылы Мануйлова жашаган үй музейге айландырылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG