Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Азия оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланды


Президент Роза Отунбаева 16-Азия оюндарында алтын медалга татыган балбан Данияр Көбөновго сыйлык тапшырууда, 8-декабрь.
Президент Роза Отунбаева 16-Азия оюндарында алтын медалга татыган балбан Данияр Көбөновго сыйлык тапшырууда, 8-декабрь.

8-декабрда өкмөт үйүндө өлкө башчысы Роза Отунбаева жакында Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарынан жеңиш менен кайткан спортчуларды, машыктыруучу адистерди кабыл алып, акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Өлкө башчысы Роза Отунбаева спортчуларды ийгиликтери менен куттуктап, дүйнөлүк спорттун өнүгүү ыргагынан Кыргызстан артта калып жаткандыгын белгилеп, өкмөттүк деңгээлде шарт түзүү керектигин айтты.

- Бул жолку мелдештерде спортчулардын ортосунда айыгышкан кармаш болду. Биздин өлкөдөн барган 145 спортчу Азия континентиндеги 45 мамлекеттин ичинен 25-орунду камсыз кылышты. Сиздер мындан ары да ушул калыптан жазбай, жакында Казакстанда өтө турган кышкы Азия оюндарда жана Лондон олимпиадасында да ийгиликтерди камсыз кыласыздар деп ишенем.

Эгер америкалыктар өздөрүн баскетболдон, африкалыктар чуркоодон көрсөтүшсө, кыргызстандыктар грек-рим күрөшү боюнча алдыда экендигин далилдеп, жалпы командалык эсепте 4-орунду камсыз кылышты. Ал эми веложарышчы Евгений Ваккер беш ирет Азия оюндарына катышып, дайыма байгелүү орундарды камсыз кылып келатат. Гуанчжоудагы мелдешке операция болгондон он күн өтүп катышкандыгына карабай Ваккердин байгелүү орунга жетишкендиги өзгөчө сөзгө татыйт. Мамлекет мындан ары спортту бир гана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу менен чектелип калбастан, аны жайылтууга, өнүктүрүүгө да басым жасай тургандыгын белгилеп кетейин.

Сыйлык тапшыруу аземинде президент Роза Отунбаева өлкөдө экономикалык кыйынчылыктарга карабай, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчуларга ыраазычылыгын билдирип, Лондон олимпиадасында алардын ийгилик жаратарына ишеним турганын билдирди.

“Жеңишимди кыргыз элине арнайм”

Президент грек-рим күрөшү боюнча биринчи орун алган балбан Данияр Көбөновго 15 миң доллар акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле Даниярга Бишкек мэриясы тарабынан үч бөлмөлүү үй берилди.

Президент Роза Отунбаева жана велоспортчу Евгений Ваккер
Экинчи орунду ээлеген велоспортчу Евгений Ваккер жана грек-рим күрөшүнүн балбаны Каныбек Жолчубеков 10 миң доллар жана бир бөлмөлүү үй ыйгарылды. Азия оюндарында коло медаль уткан балбан Жанарбек Кенжеев жана кайык айдоочу Александр Пароль 5 миң доллар жана бир бөлмөлүү үй алышты.

Сыйлык дагы жеңиштерге шыктандырып, алдыдагы максаты Лондон олимпиадасы экенин Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөнов “Азаттыкка” билдирди.

- Чынында Азия оюндарындагы кармашуу же беттешүүлөр кыйын болду. Бардык күч-аракетимди, чеберчилигимди жеңиш үчүн жумшадым. Сырттан караган адамга жеңиш оңой эле келгендей көрүнөт окшойт. Бул жеңишимди кыргыз элиме арнайм. Эмки максатым дүйнө чемпионатында мөрөй алып, Лондон олимпиадасына жолдомо алып, Кыргыз туусун обого көтөрүү.

10 жылдан бери грек-рим күрөшүндө ийгилик жараткан балбандарды машыктырган башкы устат, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эмил Алыкуловго акчалай сыйлык жана үч бөлмөлүү үй тартууланды.

Эмил Алыкуловдун “Азаттыкка” айтымында, балбандарды бир аз эс алдырып, келээрки жылдын январында өлкө биринчилигинде сынап, андан кийин Стамбулда өтө турган дүйнө чемпионатына камылга көрүү зарыл.

Азия оюндарында 5-орундарды ээлеген спортчуларга жана машыктыруучуларга да Бишкек мээриясы тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн Азия оюндарында Кыргызстандан 145 спортчу барып, алардын ичинен бешөө жеңиш менен кайткан.

Спортчулар жана машыктыруучулар менен болгон жолугушууга президенттин администрация жетекчиси Эмилбек Каптагаев, вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева жана Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов да катышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG