Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Мушкерлер Азия чемпионатында коло байгелүү болду


12-августта Кытайда дүйнө студенттеринин Универсиада оюндары башталды. Түштүк Кореяда бокс боюнча Азия чемпионатында эки жигит коло байгелүү болду.

12-августта Түштүк Кореянын Инчхон шаарында бокс боюнча Азиянын чемпионатынын күч сынашуулары соңуна чыкты. Ага кыргызстандык жети бокс чебери катышты. Алардын экөө жарым финалга чейин жетип, коло байгелүү болушту. Асылбек Назаралиев менен Анарбай уулу Абдилай үчүнчү орунду ээледи.

49 кг. салмактагы Асылбек Назаралиев жарым финалда индиялык Амандеп Синхке 12:13 эсебинде бир упай айырма менен жеңилип калды. Абдилай Анарбай уулу казакстандык атаандашына алдырып коюп, коло байге менен чектелди.

Ал эми Медер Мамакеев, Мирбек Шеров, Эмил Абышкаев менен Максат Алибаев чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калышты.

Жаштар арасында дүйнө чемпиону Айбек Абдымомуновдун устаты, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Бейшен Сабатаров “Азаттыкка” буларды айтты:

- Жети жылдан бери кыргыз жигиттери Азия чемпионатынан мөрөй алыша элек болчу. 2004-жылы Айбек Абдымомунов күмүш медаль утса, андан мурдагы жылдары Кымбатбек Рыскулов менен Илья Поликпашев коло байгелүү болушкан.

Жалпысынан Азия чемпионатына континенттин 22 өлкөсүнөн 150дөй боксчу катышты. Кыргызстандан Азия таймашына 7 спортчу барды.

Студенттердин дүйнөлүк таймашы

12-августта Кытайдын Шэнчжен шаарында дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндарынын ачылыш аземи болду. Бул оюндарга 150дөн ашуун өлкөнүн 10 миндей спортчусу катышууда. Алардын катарында 10 спортчусуна каражат тапкан Кыргызстандын чакан делегациясы да бар. Спорттун беш түрүнөн он өкүлдү өлкөнүн студенттик спорт федерациясынын жетекчиси Шаршен Касенов жетектеп барды.

13-августта Универсиада оюндарынын көркөм гимнастика мелдештери башталды. Мында өлкө намысын спорт чебери Айнура Шаршембиева коргоп жатат.

Ошондой эле үстөл теннис таймашуулары да старт алды. Анда өлкөнүн көп жолку чемпиону Саида Кудусова өнөрүн көрсөтүүдө.

15-августта Нурсултан Мамытбек уулу менен Асел Шарбекова жаа атуу мелдештерине катышат. 18-августта ок атуудагы мөрөй талашууларда Руслан Исмаилов өзүн сынайт. Алимжан Тажибаев да таэквондо таймашууларында күчүн сынап көрмөкчү.

Өлкөнүн студенттер спорт федерациясынын башкы катчысы Алик Бабаевдин айтымында, Универсиада оюндары 24-августка чейин созулуп, спортун 24 түрүнөн жеңүүчүлөрүнө 306 комплект байге ыйгарылат.

Эгемен өлкө болгону кыргызстандык бир дагы спортчу Универсиада оюндарында мөрөй алган эмес.

Майып спортчу марага ашыгат

13-августта Францияда мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортчулар арасында дүйнө чемпионаты башталды. Мында спорттук божомолдоо мелдештерине Азиза Иминова катышууда.

Өлкөнүн майып спортчулар федерациясынын президенти Роман Өмүрбековдун айтымында, Азиза Иминова 16-августта спринт, эртеси орто аралыкка мелдешет. 19-августта алыскы аралыкка жарышка түшөт.

Жеңүүчүлөр 20-августта анык болот.

Кыргыздар Киевде

Ушу тапта Киев шаарында улан-кыздар арасында дзю-до күрөшүнөн дүйнө биринчилиги өтүүдө. Мында Алмаз Алтынбек уулу менен Богдан Орозбеков чейрек финалга чейин жетип, баш байгеге талапкер болбой калышты.

Таалайбек Токтобачаев менен Азамат Кылычов жеңилүү ызасын тартышты.

Күмүш байгелүү Кылыч

Кыргыз жигити Кылыч Замиров Казакстандын Боровое шаарында өткөн эрежесиз эр кармаш турниринде экинчи орунду камсыз кылды.

Замиров 80 кило салмакта үч атаандашын утуп, финалга чейин жеткен. Кылычтын ийгилиги тууралуу анын устаты Кенжебек Чекиров “Азаттыкка” билдирди.
XS
SM
MD
LG