Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:38

Азия чемпиондорунун курсагы ток, көңүлү куунак


Таиландда өткөн Азия чемпионатында 16 жаштагы спортчулар Рустам Тейишов жана Рашид Абыканов грек-рим күрөшү боюнча чемпион болушту. Бул эл аралык спорт мелдешине 10 бала барып, тогуз медал алып келишти.

"Азаттык": Жеңишиңер кут болсун! Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу Азия чемпионатында 19 өлкө ичинде командалык биринчи орунду ээледи. Таймашуулар кандай өттү?

Рашид Абыканов: Атаандаштарыбыз абдан күчтүү болду. Адегенде мен казак менен күрөштүм. Экинчиси корей бала, үчүнчүсү ирандык болду. Булардан мен үчүн финалда эң күчтүүсү ирандык болду.

"Азаттык": Рустам, сизге кандай болду?

Рустам Тейишов: Биринчи айлампада өзбек бала менен, финалда ирандык менен беттештим. Экөө тең кыйын экен.

"Азаттык": Силер азыр 16-17 жаштасыңар. Күрөш менен качантан бери машыгып жүрөсүңөр?

Рустам Тейишов
Рустам Тейишов: Мен 4-класстан эле Таласта машыга баштагам. Эсентай Чоңуралиев биринчи машыктыруучум болду.

Рашид Абыканов: Менин атам тренер. Андыктан кичине кезимден эле машыга баштагам.

"Азаттык": Силер үчүн кимдер үлгү болуп берди? Кайсы балбандардын күрөшү жагат?

Рустам Тейишов: Мен Данияр Көбөнов, Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Жолчубек Кабылбековду сыйлайм.

"Азаттык": Бээжин олимпиадасынан грек-рим күрөшүнө кызыккандар көп болуп атат, атаандаштарыңар көппү? Ошолордон суурулуп чыгуу кыйынбы?

Рустам Тейишов: Ооба, көп. Бир салмакта 20-30 бала бар.

"Азаттык": Силер күнүгө машыгууга канча убактыңарды бөлөсүңөр?

Рустам Тейишов: Эки сааттан төрт саатка чейин.

"Азаттык": Көп эле убактыңарды алып койот экен. Ал эми кантип эс аласыңар?

Рустам Тейишов: Көп деле эс албайбыз. Биз режим менен жашайбыз. Мисалы, эртең менен 8де турабыз. Эртең мененки тамактан кийин эле саат 10до машыгуу болот. Түшкү тамактануу, анан сабакка киребиз.

Төрт сабак, түшкү тыныгуу, экиден алтыга чейин эс алабыз. Компьютер чукулайбыз, же уктасаң болот. Алтыдан кечки саат сегизге чейин машыгуу болот.

"Азаттык": Спортчулар ден соолугун жакшы караш керек, анын ичинде тамак-ашы да тың болушу шарт. Силерде кандай?

Рашид Абыканов
Рустам Тейишов: Биз Шераалы Сыдыков атындагы республикалык окуу жайынын олимпиадалык резервинде окуйбуз. Кудайга шүгүр, тамак-ашы оңолуп келе жатат. Жаткан жери да жакшы. Учурда толугу менен оңдоп-түзөө иштери жүрүп атат.

"Азаттык": Кыздар менен кантип таанышасыңар?

Рустам Тейишов: (Күлүп) "Мен спортчумун" деп.

"Азаттык": Грек-рим күрөшүнө барган балдардын кулактары ары-бери буралат дегендей формасын жоготуп калат го...

Рустам Тейишов: (Күлүп) Кыздарга жагат экен...

"Азаттык": Келечекке пландарыңар кандай?

Рустам Тейишов: Кудай буйруса спорттун туу чокусуна жетсек дейбиз.

Рашид Абыканов: Мен да ошону тилейм. Олимпиада, дүйнө оюндарына катышууну эңсейм.

"Азаттык": Силерге ийгилик каалайбыз.
XS
SM
MD
LG