Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Кыргызстандын Жогорку Соту жаңы жагдайды эске алып, Азимжан Аскаровдун ишин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушунун негизинде кайра териштирмей болду.

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер болсо БУУ комитетинин чечими сунуш гана экендигин эскертип, сот камактагы укук коргоочуну актоого эмес, жаза өтөө шартын жакшыртуу багытында гана чечим кабыл алышы мүмкүн деп жатышат.

Өлкөнүн Баш мыйзамында ар бир жаран өз укугун коргоп эл аралык уюмдарга кайрылууга акысы бар деген Жогорку Сот, учурда Аскаровдун өзүнөн арыз күтүп жатканын айтышты.

- БУУнун чечими Жогорку Сотко Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгууга негиз берип жатат. Эгерде Аскаровдун өзүнөн Жогорку Сотко арыз түшө турган болсо, сот карап чыгууга даяр, - деп билдирди Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева.

БУУ Аскаровдун атынан арыз берди

Азимжан Аскаровдун жактоочусу Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” билдиргендей, Жогорку Сот иштеги жаңы жагдайды кароо үчүн сөзсүз Аскаровдон арызды күтүп отурбашы керек. Ал БУУнун адам укугу боюнча комитетинин чечими Жогорку Сотко Аскаровдун атынан келгенин айтып, чечимдеги талаптар сөзсүз аткарылышы керектигин кошумчалады.

- БУУнун жарандык жана саясый пакты эл аралык келишим болуп саналат. Ага биздин өлкө кол койгон. Аны аткаруу мамлекеттин милдети. Андыктан Жогорку Сот эл аралык абройлуу уюмдун катынын негизинде ишти карай берсе болот. Эгерде ошончолук эле Аскаровдун атынан арыз керек болсо, аны деле жазып бергенге даярбыз. БУУнун чечиминде Аскаровдун тебеленген укугун калыбына келтирип, Аскаров бошотулушу керектиги түз жазылган. Биздин Жогорку Сот ушуларды аткарышы керек.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин чечимин аткарышы керектигин өлкөдөгү бир катар бейөкмөт уюмдар да колдошууда.

Текебаев: БУУнун чечими милдеттендирбейт

Ал ортодо БУУ комитетинин чечимин Кыргызстан аткарууга милдеттүү эмес экенин, документ сунуш иретинде жазылганын парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан БУУнун комитетинин пикирин эске алышы керек, бирок алар аны аткаруу боюнча түз көрсөтмө бере албайт.

- БУУнун чечими сөзсүз түрдө аткарылууга жатпайт. Биздин соттор ал документке таянып Азимжан Аскаровду бошотуп, күнөөсү жок деп салбашы керек. Комиссия болгону Аскаровдун жаман шартта кармалганын, кыйноолор болгонун жана башка абакта кармоо укугу бузулганын жазган. Ал эми айыптоолордун маңызы жөнүндө БУУнун комитети эч нерсе айткан жок. Ошондуктан комитеттин чечими биз дүрбөлөңгө түшкөндөгүдөй эмес, бул болгону сунуш түрүндө берилген чечим.

Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм саясый чечим болгондуктан, укук коргоочулардын кайрылууларына бийлик да, соттор да маани бербей келген. Атүгүл адам укугу жаатындагы эл аралык бир канча уюмдардын кайрылуулары ушул убакытка чейин эске алынган эмес. Ал гана эмес, 2015-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө иш сапары учурунда да Аскаровду бошотуу боюнча сөздөр айтылып, алар да сөз бойдон калган эле.

Батыш менен алака чечимге байланыштуу

Мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, жыл өткөн сайын Кыргызстандын батыш өлкөлөрү менен алакага доо кетип баратканын көргөн бийлик, тышкы саясаттагы басым астында Аскаровдун ишин кароого аргасыз болду. Жээнбеков укук коргоочу Азимжан Аскаровго карата Жогорку Сот жеңилдетилген чечим чыгара турган болсо, кайсы бир деңгээлде Кыргызстанды батыш өлкөлөрү менен жакындатат деген ойдо.

- Мен ошол маалдагы тергөөчүлөр менен да расмий эмес сүйлөшкөндө Азимжан Аскаровдун иши саясый соттук чечим болгонун айтып, күнөөсү далилденбей калганын айтышкан. Мындай пикир кармангандардын арасында ошондогу прокурор Кубатбек Байболов да бар. Бул иште президентке да туура эмес маалымат берилген. Ошондуктан президент Атамбаев эгерде эл аралык уюмдар менен мамилени оңдогусу келсе, цивилизациялуу мамлекеттер менен мамиле кургусу келсе, Аскаровдун ишинде Жогорку Соттун чечимин өзгөртүүгө туура келет. Буга биздин мыйзамдар да жол берет.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы учурда жактоочулар тобун Бишкекте толуктап, кыска аралыкта Азимжан Аскаровдун атынан Жогорку Сотко арыз жөнөтүү алдында турат. Алар алдыдагы сот жараянында Аскаровго келтирилген бардык моралдык чыгымды өкмөт төлөп беришин талап кыларын кошумчалашты.

"Мен да БУУга кайрылам"

Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган.

Аталган окуяда каза тапкан милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Аскаровдун ишинин кайра каралышына караманча каршы. Анын айтымында, бул бүтөлүп калган жараны кайра козгойт.

- Кыргызстан өзүнчө мамлекетпи? Менин оюмча Кыргызстандын ички саясатына башка мамлекеттин кийлигишүүгө акысы жок. Эмне үчүн Жогорку Сот чыгарган чечимин кайра карашы керек? Бул ишти райондук, облустук, анан Жогорку Сот караган. Жогорку Сот чыгарган чечим кайра каралбашы керек. Анда башкалар да Жогорку Соттун өкүмүн бузса болот экен, эмне үчүн Аскаровдукун каратса болот, башканыкын карабайт деп чыгышат да. Аскаровдун арызын уккан БУУ, менин деле арызымды угабы деп ойлоп жатам. Бирок кимге, кантип кайрылышты билбей жатам. Алар эмне үчүн кылмышкердин сөзүн угат да, мага окшогон жабырлануучу, жесирдин сөзүн укпаш керек?

Чынара Бечелова бул маселе боюнча, президентке, премьер-министрге, депутаттарга кайрылууну ойлоп жатканын кошумчалады.

Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөөдө.

XS
SM
MD
LG