Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

Лавров: Батыш Сирия боюнча милдеттерин аткаралбай жатат


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириядагы согушту жөнгө салууда батыш өлкөлөрү милдеттерин аткара албай жатканын билдирди.

26-сентябрда орусиялык НТВ телеканалына курган маегинде Лавров АКШ Сирияны колдоо боюнча эл аралык топтун калыс теңтөрагасы болбой жатат деп билдирди.

Ушул эле күнү орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков британиялык, америкалык аткаминерлердин кинелери Сириядагы жагдайды жөнгө салууга жана эки тараптуу мамилелерге залака тийгизгенден башкага жарабасын ырастады.

25-сентябрда АКШнын БУУдагы өкүлү Саманта Пауэр Орусияны Сирияда “ээнбаштык” кылып жатат деп айыптаган.

Британ өкүлү Мэтью Рикрофт Орусия Сирия өкмөтү менен кызматташтыкта аскердик кылмышка барганын тануу кыйын деген эле.

Акыркы күндөрү Сириянын Алеппо шаарына абадан урулган соккудан 45 адам набыт болгон. Бул боюнча АКШ менен Орусия бири-бирин айыптоодо.

12-сентябрда АКШ-Орусия Сирия боюнча тынчтык келишимине жетишкен. Ал бир жума сакталса тараптар террордук топторго бирге сокку урмак. Тынчтык келишими бир жумага жетпей бузулган.

XS
SM
MD
LG