Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:42

Аксыдагы элге ок атууну убагында бийлик коомчулуктан жашырып калууга аракет кылган. Ошол 17-март күнү окуяны “Азаттык” радиосу коомчулукка кандайча жеткиргени жана башка жагдайлары тууралуу мурдагы кызматкерибиз Кыяс Молдокасымовдун макаласын сунуштайбыз.

Эки күн дымып жаткан бийлик, үчүнчү күнү Аксыда мас болгон адамдар бири-бирин бычактап, ооруканага түшкөндөр, арасында каза болгондор бар деп маалымат таратууга аракет жасашкан. Бирок ага чейин эле, окуя болгон күнү кечинде “Азаттык” радиосу окуянын чындыгын жалпы коомчулукка маалымдап таштаган. Андыктан бийлик үчүнчү күнү кечинде гана элге ок атылганын моюнга алууга аргасыз болгон.

Өткөндүн сабагы

Өлкөдө Аксы окуясы эскерилип жаткан кез. Кыргызстанда болуп өткөн бул каргашалуу окуянын чыныгы күнөөкөрлөрү жазаланбаганы үчүн 2010-жылы 7-апрелде андан да эселенип кан төгүлдү, кырчындай өмүрлөр кыйылды. Каргашалуу бул окуяны ал учурда бийлик жаап-жашырууга аракет жасаган. Бирок аны ошол эле күнү Кыргызстанга, дүйнөлүк коомчулукка «Азаттык» радиосу маалымдап, алдамчы бийликтин абийирин ачып салган.

Бул каргашалуу окуя тууралуу 17-мартта кечке маал Аксы районундагы Кара-Суу айылынын тургундары телефон аркылуу кабарлаганда алгач ишене алган жокмун.

Ал күн ишемби эле. Дароо «Азаттык» радиосунун кеңсесине келип, окуянын чын-төгүнүн тактоого кириштик. Чындап эле Бозпиекте элге ок атылганын эки-үч тараптан алган маалымат аркылуу бышыктагандан кийин дароо Прага менен байланышып кабарладык. Кечки саат 8деги жаңылыктардан бул каргашалуу окуяны коомчулукка маалымдадык. Ошол эле учурда бийлик аны элден жашырууга катуу аракет жасады.

Биз элден алынган маалыматыбызды тереңдеп иликтөө максатында Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Рыспай Абдраимовду дароо Кербенге барып ооруканадагы жарадарларга, окуяга катышкандарга жолугуп, жеринде маек уюштурууну тапшырдык. Бул жерден Рыспай акенин ушунчалык так жана тез иштегенин баса белгилөө керек. Ал ошол күнү оор жараат алган Сатымбай Үркүнбаев менен Эркинаалы Четинбаевден да эң соңку интервью алганга жетишти. Анткени эртеси, 18-мартта экөө тең каза болуп калышты. Алардан башка жарадар болгондордон, дарыгерлерден, окуяга катышкандардан түнү бою интервью уюштуруп, Бишкекке жибергенге үлгүрдү. Биз жарадарлардан алынган үндөрдү өтө ишенимдүү жерге жашырдык. Анткени ал учурда бийликтен бардык нерсени күтүүгө болот эле.

Ачыгын айтуу керек Аксыда октон жарадар болгондордун үнү өтө кыйынчылык менен алынды. Ооруканага кирүү да оңойго турган жок. Аксыда жүргөн кабарчыбыз Рыспай Абдраимов артынан түшкөн укук коргоо органдарынын куугунтугунан кутулуп чыгып, бир үйгө барып, алынган маектерди телефон аркылуу Бишкекке жиберүү да зор кыйынчылыктар менен ишке ашты. Байланыш өтө начар болгондуктан алардын үндөрү зорго угулуп жатты. Биз алынган үндөрдү ошол эле замат телефон аркылуу Прагага жиберип ал учурда интернет аркылуу үндү жиберүү азыркыдай жолго коюла элек учур, анын негизинде атайын макала даярдадык. Эгер ошол күнү Прагага жибербегенде эртеси күнү алардын бардыгы бийлик тарабынан Бишкектен эле жок кылынмак экен. Бизге жүктөлгөн бул жоопкерчиликтүү ишти аткарып жатып, коркууну да сезбедик. Маалыматтын бардыгын тактап, алынган маектер Прагага жиберилгенден кийин гана ошол кезде бийлик тарабынан куугунтукка алынып, Бишкек шаардык прокуратурага сурак берип жүргөн депутат Адахан Мадумаровго жана башка саясатчыларга кабарладык. Алар да ишенишпей Адахан Мадумаров менен Мелис Эшимканов түнкү саат 1-2лерде "Азаттыктын" кеңсесине келишип, жарадар болгондордон алынган маектерди уккандан кийин гана ишеништи. Ошентип эртеси, 18-март күнү «Азаттыктын» таңкы уктуруусунда окуя толугу менен коомчулукка маалымдалып, ошол эле күнү Прагадагы жетекчибиз Нарын Айып окуяны орус, англис тилине которуп дүйнө коомчулугуна кабарлады.

Ал эми бийлик 19-мартта атайын маалымат жыйынын өткөрүп, Аксыдагы айрым адамдар бири-бирин бычакташып алты адам каза болду деп айтып чыгышты. Ошентип, бийлик болушунча жаап-жашырууга аракет жасашкан. Ал түгүл каза болгондор атылган октон эмес, бири-бирин бычакташкандан каза болушту деп айтып чыгышкан. Ага далил болсун деп каза болгон адамдардын ок тийген денелерин бычак менен тилдиришкен.

19-мартта Акүйдө өткөрүлгөн маалымат жыйынында алар атылган октон каза болгонун, аны жарадар болгондор өздөрү бышыкташканын айтканыбызда «Азаттык» ар дайым бир тараптуу, жалган маалыматтарды таратасыңар деп бизди ошол кездеги ИИМ министри Темирбек Акматалиев баш болгон мыкчыгерлер айыптап чыгышкан. Бирок бул окуя тууралуу кыргызстандыктар гана эмес, дүйнө коомчулугу да кабардар болушканын билгенден кийин бизге койгон дооматтары суу кечпей калды.

Аксыдагы кандуу окуяга ошол кезде бийлик башында отургандардын бардыгы күнөөлүү. Азыркыга чейин Аксыда элге ок аткандар, анын башында тургандар табылбады, эл алдында жазаланбады. Ошондуктан 2010-жылы апрелде кайрадан элге ок атылып, кырчындай өмүрлөр кыйылып отурбайбы. Алыста отуруп алып Акаев элге ок аттырбаганын айтып, ар убак актанат. Элге ок аткан өнөкөттү Акаев Аксыдан баштабады беле. Ошол кездеги бийлик башында отургандардын бири Акүйдүн жетинчи кабатында отуруп алып «Эки-үч айдын ичинде Азимбек Бекназаровду эл эстебей калат. Аны силер эле көбүртүп-жабыртып баатыр кылып жатасыңар. Мамлекеттик машина менен ойношпогула. Кезек силерге да жетет» - деп күпүлдөгөнү эч эсимден чыкпайт. Ошондо «силер Азимбек Бекназаровду камоо менен элдин укугун тебелеп жатасыңар. Эки-үч айдын ичинде Азимбек унутулбай эле эл силерди эсиңерге келтирет» -деп эскерткен элем. Көрсө ал кезде бийликтин көзү көр, кулагы дүлөй болуп, өтө текеберленип, кудайын тааныбай калган экен. Эки айга жетпей Аксыда кан төгүлүп, эл сел болуп толкуганда бийлик эмне кылаар айласын таппай калган. Ак үйдүн 7-кабатынан кайым айтышкан мыкчыгер тим эле лепилдеп: «Бизди эл укпай калды, «Азаттыкка» башкы прокурорду, КГБ менен ИИМдин жетекчилерин жиберейин элге чыгышып чындыкты айтышсын» - деп безилдейт. Эки ай мурдагы күпүлдөгөн ал мыкчыгерге ортобуздагы сөздү эстетсем, «аны угуза көрбө» деп чебелектейт. Бийликтеги адамдын эки жүздүүлүгүн ошондо көрүп түңүлгөм.

Эми ал учур артта калды. Ошол кездеги бийликтин маалымат каражаттары чыркыраган чындыктан утулду. Бийлик «сөз укпаган неменин башына кирпич түшүрбөйсүңөрбү» деп кол алдындагыларга ишарат кылып, мени тымызын тындым кылуу маселесин койгон. Өз убагында мага карата мындай буюртма болгонун өзгөндүк генерал агабыз азыркыга чейин жердештер отурганда айтып, «мен сактап калганмын» деп мактанып калат. Бирок түбүнөн чириген, өз элине ок аткан бийлик үч жылга жетпей өзү жок болду.

Аксы окуясы Ата Журтубуздагы жараны жарып чыкты. Бирок толук дарыланбай калды. Аксы окуясынан сабак албаган кийинки бийлик 2010-жылы апрелде кайрадан куулду. Эгерде бийлик өткөндөгү кандуу окуялардан туура жыйынтык чыгарып, сабак алып таза иштебесе, өмүрү кыска болорун соңку эки революция көргөздү. 14 жыл мурда коңгуроо болуп кагылган Аксы окуясы мына ушуну эскертет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG