Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

"Ак марал" атасыз калды...


Мелис Асылбашев.
Мелис Асылбашев.

Жума күнү 67 жаш курагында Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Ак марал” бий ансамблинин баш балетмейстери Мелис Асылбашев каза болду.

Мелис Асылбашев 1967-жылы Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) хореографиялык окуу жайды аяктаган. 1972-жылы балетмейстерлик карьерасын баштап, 1982-жылдан өмүрүнүн аягына чейин “Ак марал” бий ансамблинин көркөм жетекчиси жана башкы балетмейстери болуп эмгектенди.

Аны менен Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда кырк жылга жакын чогуу иштеген, Эл артисти Самара Токтакунова Мелис Асылбашев өз ишин мыкты билген жетекчи болгонун эскерди:

- Мелис Асылбашев эмгек үчүн жаралган киши эле. Өзүнүн ишин баалап-барктап, андан кемчилик кетирбей тыкыр аткарчу. Жумушун дайыма биринчи катарга коюп келди. Анын жыйынтыгы менен “Ак марал” бий ансамбли көптөгөн мамлекеттерден бир нече алтын медалдарга ээ болгон.

Самара Токтакунова муну менен бирге маркумдун бийик адамкерчилигин, так, таза мүнөзүн айтып, ансамблиндеги бийчилерге өтө жогору талап коюп келгенин белгиледи.

Маркумдун дагы бир кесиптеши, Эл артисти Нуржамал Табалдиева маркум Мелис Асылбашев бир ишти баштаса, аягына чыкмайынча жаны тынбаган мээнеткеч эле дейт:

- Ал өзүнүн жамаатына темирдей тартип орноткон жигит эле. Эмгек өргүүсүнө кетип жатканда жапжакшынакай эле жүргөн. Жамаат жайга эс алууга кетерде “эми кайра аман-эсен жолугалы”- деп тараганбыз. Анан эле он экисинде жумушка барганда анын ооруканада жатканын угуп калдык.

Нуржамал Табалдиеванын айтымында, Мелис Асылбашев акыркы кезде кан басымы көтөрүлгөндөн улам дарыланып жүргөн.

Мелис Асылбашев жетектеген “Ак марал” бий ансамбли “Ак куу”, “Миң кыял”, “Беш ыргай”, “Пахтачылар бийи”, “Ак тамак, көк тамак”, “Майрам шаңы” аттуу кыргыз бийлерин, ошондой эле ондогон башка улуттун бийлерин жогорку чеберчиликте аткарып келишет.

Асылбашев 2001-жылы өлкөнүн хореография искусствосуна кошкон салымы үчүн жогорку даражадагы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Башкы балетмейстер менен коштошуу зыйнаты 18-августа Токтогул атындагы мамлекеттик филармонияда өтөт. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат.

Маркумдун артында эки уул, бир кызы калды.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG