Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

1916-жылкы улуттук боштондук күрөшүнө арналган эстелик кечээ, 2-сентябрда "Ата-Бейит" комплексинде ачылды. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ачылышка Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз комиссиянын өкүлдөрү келген жок.

Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине орнотулган эстеликтин ачылышында сүйлөгөн президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттүүлүктүн мааниси менен баркы элдин ынтымагы менен биримдиги экенин белгиледи:

- Урматтуу мекендештерим! Айланайын мекендештерим! Кыргыздын канаты куураганы кыргыздардын ортосунда биримдиктин жоктугунан мыйзам ченемдүү болгон. Көрө албастыктан, бирөө бирөөгө асылгандыктан, бирөө бирөөгө бут тоскондуктан кыргыз каганаты да ураган, кыргыз каганатын да жоготконбуз, убагында. Мына, аягында элибиз чачырап, алсыз болуп, жок болуп кете жаздады. Бирок Кудай колдоп, сактап дагы бир мүмкүнчүлүк берип жатат.

Мемориалдын ачылышына Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдик жоон топ элчилер да катышты. Алардын катарында орусиялык өкүлчүлүк да болду. Ал эми Орусиянын президенти өзү бул мемориалдык комплекске КМШ мамлекет башчыларынын саммити алкагында келерин Атамбаев минтип билдирди:

"Ата-Бейит"

"Ата-Бейит"

- Мемориалды ачып жатып бул тууралуу да айта кетейин: бул эстеликтин ачылышына Орусиянын президенти Владимир Путиндин атайын өкүлү өз делегациясы менен катышып отурат. Владимир Путин өзү да 16-17-сентябрда Бишкекте өтчү самиттин алкагында 1916-жылдагы курмандыктарга зыярат кылары күтүлүп жатат. Мындан сырткары АКШ президентти Барак Обама да мага өзүнүн өкүлчүлүгүн жөнөткөнү тууралуу кат жолдоду.

Мемориалдык эстеликтин ачылышына оппозициялык маанайдагы саясатчылар, курамына алардын айрымдары кирген Улуу Үркүн боюнча коомдук комиссиянын өкүлдөрү көрүнгөн жок. Мунун себебин Коомдук комиссиянын тең төрагасы Азимбек Бекназаров мындайча билдирди:

- Бизди бул иш-чарага чакырган жок. Биз өзүбүздүн жыйынтыкты өткөн жылы эле чыгарганбыз. Коомдук комиссия “1916-жылы тукум курут саясаты жүргөн” деп жарыялаганбыз. Буга көнбөй мамлекеттик бийлик эмне деп айтып жатса ал өз иши. Кимибиздин чечимибиз туура - келечек муун өзү аныктап алат.

1916-жылдагы каргашалуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондорго эстелик тургузуу коомдук уюмдардын сүрөөнү жана президенттин жарлыгына ылайык ишке ашты. Буга чейин эстеликти тургузуу үчүн скульпторлор арасында сынак жарыяланып, атайын түзүлгөн комиссия бедизчилер Огонбаев менен Ажиевдин эмгегин тандап алган.

Үркүнгө арналып тургузулган эстелик төрт элементтен турат. Биринчиси - борбордук композиция. Ал боз үйдүн элесин берип турат. Илинген үзөңгүлөр ошол окуяда каза болгон ата-бабалар. Анын башында түндүк орнотулган. Ал эми баральефтик дубалда элдин кыргынга кантип учураганы, кайра турмушту кантип курганы айтылат. Андан кийинки 1916-жыл тууралуу жазуу жана алты сап ыр жазылган.

Мемориалдык эстеликтин маани-маңызын “Тарых жана маданият жылы” дирекциясынын жетекчиси Султан Раев минтип түшүндүрдү:

Кыргыздар азыр деле бирөөгө жакшылык каалаганда үзөңгү бооң бек болсун деген каалоо айтат.

- Баральефти карай турган болсоңуздар мына 1916-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки окуялар бар. Жакшылап байкап карасаңыздар, ал жерде биздин улуу классик художниктердин сүрөттөрү табылат. 1916-жыл тууралуу жазган кыргыз жана орус классиктеринин жазгандары пайдаланылып келип, эң аягында барып Чуйковдун “Советтик Кыргызстандын кызы” деген чыгармасы менен бүтөт. Ал эми тээтиги үзөңгүлөр 1916-жылы бизге аталарыбыз калтырып кеткен үзөңгүлөр. Биздин мамлекеттин түндүгүн көтөргүлө деген идеяны берет.

Үзөңгүлөр

Үзөңгүлөр

Авторлор түндүктөн төмөн карай илинип турган үзөңгүлөр шамал болгон сайын шылдырап, 1916-жылды эске салып турсун үчүн сыртынан күмүш менен капталганын айтышат.

Көрүүчүлөр арасында үзөңгүнүн түндүктөн төмөн илингенин жактырбагандар да болду.

Тарых илиминин кандидаты, этнограф Абдимиталип Мурзакмедов үзөңгүлөрдү илип коюу өөн көрүнүш экенин айтты:

- Үзөңгү көчмөн калк үчүн ат үстүндө ишенимдүү жүргөнгө мүмкүнчүлүк берген. Үзөңгүгө таянып туруп керилип кылыч чапканга, найза сунганга мүмкүнчүлүк болгон. Колдун күчү менен эмес бүтүндөй дененин салмагы менен жоокердик өнөргө кирип, жеңиштерге жетише баштаган. Ошондон баштап үзөңгүгө байланышкан көптөгөн ишенимдер, фразеологизмдер пайда болгон да. Кыргыздар азыр деле бирөөгө жакшылык каалаганда үзөңгү бооң бек болсун деген каалоо айтат.

Адис бул жерде скульпторлор үзөңгүнү өз учурунда, жакшы тилек менен пайдаланган деген пикирде.

Мамлекеттик курулуш иштери боюнча жетекчи Турдубек Мамбетовдун берген маалыматына караганда, жалпы жонунан бул курулуш ишине 136 миллион сом сарпталды.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG