Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Талоончулук талкуусу бүтпөй калды


Бакиевдин Тейит айылындагы үйү
Бакиевдин Тейит айылындагы үйү

Жогорку Кеңеш апрель окуяларындагы талап-тоноочулук боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.

Бул корутундуну комиссиянын беш мүчөсү колдоп кол койгон, ал эми калган бешөө баш тарткан.

Комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов иликтеп-териштирүүнүн жүрүшүндө талоончулукка “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев менен Болот Шердин кыйыр түрдө тиешеси бар экени, ал эми Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөновдун түздөн-түз түрдө тиешеси бар экени аныкталганын маалымдады.

Осмонов Башкы прокуратура Мадылбеков менен Туратбековго байланыштуу корутунду чыгара электигин билдирди. Ага ылайык, былтыр август айында ИИМ “Ата Мекен” фракциясынын депутаттарына байланыштуу ишти кыскарткан.

Башкы прокуратура ИИМ аталган эки депутатка байланыштуу шашылыш чечим кабыл алганын, айрым жагдайлар дыкат иликтенбей калганын айтып, кайра тергөөгө алган. Анын жүрүшүндө айрым эпизоддор кыскарган, иш токтотулган. Корутунду чыккан эмес. Андан кийин комиссияга кирген, корутундуну колдогон беш депутатка сөз берилди.

“Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев тергөө тобу айрым күбөлөрдү коркутуп-үркүткөн деп билдирди.

Корутундуну колдобогон беш депутаттын атынан “Ата Мекендин” депутаты Наталья Никитенко баяндама жасады. Ал Курманбек Осмонов баштаган топ Ички иштер министрлигинин тергөө тобунун материалына таянбай, курулай сөздөрдүн негизинде бүтүм чыгарган деп айыптады. Юсуповдун көрсөтмөсү депутаттык комиссия түзүлгөнгө чейин бир канча жолу иликтенип, тастыкталбаганын, бул иштин көтөрүлүшүн саясий өңүт менен байланыштырды. Депутаттык комиссия ыйгарым укугунан аша чапканын белгиледи.

Талкуунун жүрүшүндө мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге сөз берилди. Экс-министр Өмүрбек Текебаев иш иликтенип жатканда чалып коркуткан деп билдирүү жасады.

- Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсү менен кырдаалды жана жагдайды кайра калыбына келтирүү үчүн тергөөдө бир дагы карама-каршылык тапкан жокмун. Кайсы жерде талап-тоноочулук болгонун, качан болгонун так көрсөттү. Жеке мага ар кандай кысымдар болду. Мисалы, Өмүрбек Чиркешович бир күнү мага эртең менен чалды. “Ай, жигит, муну коркутуу дейсиңби, же андай дебейсиңби, өзүң бил. Бүгүн сенин артыңдан УКМК менен Башкы прокуратура, өкмөттүк комиссия иштеп жатат. Эгер алар жыйынтык чыгарып камабаса, анда артыңа мен отурам”, - деди. Мына, Өмүрбек Чиркешович өзү отурат. Ошол кезде мен Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсүнүн 85 пайызы такталды деп айткам.

Текебаев Рысалиевдин айткандарын жокко чыгарып, калп аныктагычка чакырды.

Жалал-Абаддын Тейит айылында мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык үй-жайды “Ата Мекен” партиясынын тарапкерлери өрттөгөн дегенди жокко чыгаруу боюнча видео көрсөтүлдү. Текебаев бир тууганы Асылбек Текебаевдин тиешеси бар деген божомол далилденбегенин белгиледи.

Болот Шер бул комиссиянын корутундусун абсурд деп атады.

Райкан Төлөгөнов өзүнө коюлган айыптарды "саясий атаандаштардын ойдон чыгарган нерселери" деп атады. Юсупов менен бир нече жолу сүйлөшкөнүн, бирок анын баары талап-тоноочулук токтогон кезде болгонун айтты.

- Талап-тоноо болуп жаткан жерде Юсупов менен 26 жолу телефон чалышты деп мага күнөө коюп жатат. 26 жолу телефон чалгандын ичинде 7-апрелде бир дагы жолу чалган эмесмин. 8-апрелде алты жолу чалыптырмын. Бирок күндүзгү саат 12ден кечки саат тогузга чейин талап-тоноочулук болбогон учурда чалыптырмын. 9-апрелде саат 7ден кечки саат 5ке чейин алты жолу чалыптырмын. Анда да талап-тоноо токтоп калыптыр.

Аида Салянова Башкы прокуратура корутунду чыгарган жок деген дооматка жооп кайтарды. Салянова прокуратурага келген материалдардын баары каралганын, бирок башка укуктук органдардын чечимине укуктук баа бербей турганын белгиледи.

Талкуу кийинки шаршембиде уланмай болду.

XS
SM
MD
LG