Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

БУУда «Маш ботой» кантип жаңырды

Бириккен Улуттар Уюму - дүйнөдөгү бардык улуттардын, мамлекеттердин жалпы уюму, ал эми анын Нью-Йорктун Ист-Риверинде жайгашкан 40 кабаттуу атактуу имараты - адамзаттын өзгөчө сыйлаган ак өргөөсү, орток үйү экендиги баарыбызга маалым. Ошол имараттагы Генералдык Ассамблеянын атактуу залы кимди гана көрбөгөн, эмне деген гана тарыхый окуялардын күбөсү болбогон. Француз Ле Корбьюзе менен бразилиялык архитектор Оскар Нимейердин генийинен жаралган, жайгашкан жери Рокфеллердин акчасына сатылып алынган, сэр Говардсондун уюштуруучулук таланты менен ишке ашкан бул легендарлуу имаратта Никита Хрущев бир кезде сол туфлиси менен трибунаны дүпүлдөткөн (залдагылар анын сөзүн укпай кол чаап туруп алганда), Хаммершельд биринчи Генералдык катчы болуп шайланган, 1991-жылы 15 советтик республикалар көз карандысыз мамлекеттер катары таанылган дегендей.

Бул атактуу имарат кыргыз эли үчүн да тарыхый имарат болуп калды окшойт. Кудайдын буйругу, тарыхтын мыйзамы менен биз да ушул өзгөчө өргөдө өзүбүзгө керектүү бир катар чечимдерди чыгартып алдык, ал чечимдер улуттук тарыхыбыздын барактарына алтын тамга менен жазылды. Генералдык Ассамблея 1994-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгын эл аралык масштабда белгилөө тууралуу атайын резолюция кабыл алган, 2002 жана 2003-жылдары Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Эл аралык тоо жылы боюнча чечимин жарыялаган. Ушул имараттын көп залынын биринде Эр Манастын чакан айкели да турат.

Ошондой болсо да бул имараттагы атактуу залда Кыргызстанга тиешелүү беш маанилүү окуя болгонун санап өтпөсөк туура болбойт го. Ал окуялар убагында көңүлүбүздү көккө ыргытып, кыялыбызды эргитип, жүрөгүбүздү өзгөчө жылыткан окуялар десем эч бир аша чаппас элем. Санап берейин: биринчиси - албетте, тээ СССРдин убагында Чыңгыз Айтматов агабыздын Түштүк Африкадагы апартеид боюнча эл аралык жыйналышка өкүл болуп катышып, сөз сүйлөгөнү. Чыкебиз БУУнун трибунасынан чыгып сүйлөгөн эң биринчи кыргыз болгон. Баса, ошол окуядан бир аз кийин ошол Нью-Йорк шаарында кудайдын буйругу менен үч кыргыз бири-бирин таап, жазуучу Айтматов, опералык ырчы Миңжылкыев, журналист Азамат Алтай баш бириктерген, ал гана эмес, Азамат аганын үйүндө конок болушуп, ошол кездешүүгө арналып атайын Канададан алып келинген кой баабединге союлган.

Экинчи маанилүү окуя - «Манасыбыздын» миллениумуна дүйнө мамлекеттери жапырт кол көтөрүп колдоп бергени. Экинчиси - жогоруда атап өткөн Кыргыз мамлекеттүүлүгү тууралуу чечим. Ушул эле катардагы дагы бир жагымдуу окуя - Генералдык Ассамблеянын трибунасына Роза Отунбаева, кыргызстандык 2002-жылкы тышкы иштер министри башына кыргыздын ак элечегин кийип, апаларыбыз кийген саймалуу чапан менен БУУнун чоң трибунасынан жаш мамлекетибиздин атынан сөз сүйлөгөнү болгон. Бир караганда майда эле деталь катары көрүнөт, бирок бул деталда, улуттук кийим менен чоң трибунага чыгууда, биздин улуттук каада-салттарыбызды даңазалоо ишараты да бар экенин, ошого Роза айымдын акыл-парасаты жетип, сыймык менен көрсөтө алганы жатканын кантип танабыз.

Бешинчи жүрөк сүйүнгөн окуя - ушул жылдын 28-мартында дал ошол легендарлуу залда Атайдын «Маш ботою», кыргыздын кыялды эргиткен, көңүлдү сергиткен, ойду алда кайда ала качып, каныбызды дүргүткөн улуу күүсүнүн жаңырганы болду го деп эсептейм. Ошол окуяга өзүм күбө болуп, өз кулагым менен угуп отуруп, кыргыздын шаңдуу музыкасынын ушул улуу залда кандай керемет жаңырганын көрүп, көзүмө жаш келгенин эч бир жашыргым келбейт.

Эми «Маш ботой» кантип БУУнун чоң залында жаңырып калганын эске сала кетейин. Ушул жылдан 27-28 - мартында ал жерде «Улуу Жибек жолу жана анын Борбор Азиянын келечегине таасири» деген темада Эл аралык симпозиум болду. Кыргызстандан мен докладчы катары катыштым. Ошол окуяга карата Түрксой аттуу эл аралык уюм атайын музыкалык программа уюштуруп, болжол менен 150 гө жакын бүтүн түрк дүйнөсүнүн музыканттарын, ырчы-чоорчуларын Америкага алып келиптир. Ошол группанын ичинде Кыргызстандан бир нече киши келген экен. Атап айтканда, «Акак» аттуу музыкалык-этнографиялык ансамбль да катышып, эки номерди аткарып беришти. Биринчиси - Атайдын «Маш ботою», экинчиси - кыргыз обондорунан куралган музыкалык попурри. Баса белгилей кетээрим, Атайдын улуу күүсүн жалаң гана кыргыз артисттери эмес, түрк дүйнөсүнүн музыканттарынан курулган өтө чоң курама ансамбль аткарып берди.

Эми бул күүнүн Генералдык Ассамблеясында кандай жаңырганын, кандай керемет угулганын, бул Фернан Леже кооздогон легендарлуу аудиторияда шумдуктуудай кооз да, татыктуу да, акыл менен мээни жыргата турган болуп угулганын айтып отурбайын. Бир гана өкүнүч -колумда атайын видео аппаратуранын жоктугунан телефонго гана тартып алууга туура келгени болду. Ошондуктан эгерде музыканын угулушу ойдогудай болбосо, угуучулардан алдын ала кечирим сурайым.

Акырында айтаарым, кыргыздын музыкасы БУУнун чоң залында жаңырышынын, албетте, тарыхый да, маданий да мааниси бар. Эгер кары тарыхтын контекстинде карай келсек, биз ушул залга, ушул имаратка жетиш үчүн, ушул эң эле абройлуу деген эл аралык уюмга мүчө болуш үчүн миңдеген жылдарга созулган сапарды баштан кечиргенбиз. Тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өткөнбүз. Таманыбызды таш тилип, керек болсо качкын болгонбуз, өз жерибизде өгөй катары кабыл алынып, 1916-жылы кызыл кыргынга учураганбыз. Ал эми СССРдин убагында БУУ эмне экенин, ЮНЕСКО эмне экенин гезиттен окучубуз, бирок эч качан көзүбүз менен көргөн эмеспиз. Ошентип жүрүп, кудайдын кудурети, тарыхтын табышмагы менен 1991-жылы дүйнөдөгү чоң катарга кошулганбыз. Акыры жүрүп ушул уюмдун башкы залында Атай Огомбаевдин топ жараар күүсү, кыргыздын элдик маршы «Маш ботой» көчмөндөрдүн жер жарган дүбүртү, күлүктөрдүн даңкан чыргыткан жүрүшү сыяктанып БУУнун залын жаңыртты го.

Бул окуя - бул эл аралык уюмдагы эч качан эстен чыкпай турган беш зор окуянын бири дегеним да ошондон.

"Маш ботой" Бириккен Улуттар Уюмунда жаңырды (автордун тасмасы)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG