Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Эрика Марат: Бийлик өзүн өзү жарга такады


Эрика Марат.
Эрика Марат.

Эми бул кырдаалдан чыгуу үчүн бийликке да, саясий күчтөргө да өтө кылдаттык зарыл.

Эми бул кырдаалдан чыгуу үчүн бийликке да, саясий күчтөргө да өтө кылдаттык зарыл. Болбосо өлкөдө бейстабилдүүлүк болушу мүмкүн. Мындай пикири менен “Азаттыкка” Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат бөлүштү.

"Азаттык": “Ата Мекендин” лидери Текебаев камалгандан кийин нааразылык акциялары чыкты. Эл аралык медиалар "Кыргызстанда кайрадан ызы-чуу башталды" деп жазууда. Сырттан туруп Кыргызстандагы кырдаалга кандай баа бере аласыз?

Текебаевге каршы операция мураскер калтыруу мүдөөсүнөн улам башталды деп айтсак болот. Атамбаев азыр өзүнүн саясий оппоненттерин саясий күрөштөн оолактатып, шайлоодо эң көп добуш топтогон адам анын мураскери боло тургандай кырдаал түзүүгө даярданып жатат.

Эрика Марат: Президент Алмазбек Атамбаев мурдагы өлкө башчылардын катасын кайталап, шайлоо алдында кырдаалды күчөтүп жатат деп ойлойм. Таза, атаандаштык шартта шайлоо өткөрүп, өзүнүн алты жылдык конституциялык мөөнөтү аяктаган соң бийликти тынч өткөрүп тарыхта калуу ордуна Атамбаев тескери кадамдарга барды.

Текебаев кайсы бир деңгээлде күнөөлүү чыгаар бирок ал бийликтеги мындай күнөөсү бар жалгыз адам эмес. Бирок ушунун баарынын эми чыгып жатканы Атамбаевди көбүрөөк шайлоо тынчсыздандырып жатканын көрсөтүүдө. Текебаевге каршы операция мураскер калтыруу мүдөөсүнөн улам башталды деп айтсак болот. Атамбаев азыр өзүнүн саясий оппоненттерин саясий күрөштөн оолактатып, шайлоодо эң көп добуш топтогон адам анын мураскери боло тургандай кырдаал түзүүгө даярданып жатат.

"Азаттык": Жакында эле Брюсселде Европа лидерлери Атамбаевди жылуу кабыл алып, кыргыз парламентаризмине колдоо көрсөтүштү. Андан бир жума өткөн соң президенттин парламенттеги башкы оппонентинин кармалышы Кыргызстандын аброюна шек келтирбейби?

Эрика Марат: Албетте, бул нерсе парламентаризмдин негиздерин, 2010-жылдан бери курулуп келген демократиянын базасынын беделине шек келтирүүдө. 2016-жылы өткөрүлгөн конституциялык референдум жана алдыдагы шайлоо да Кыргызстан авторитаризмге бет алганын жана коңшу мамлекеттерге окшоп баратканын көрсөтүп жатат.

"Азаттык": Экс-президент Роза Отунбаева Ала-Тоо аянтында кайрылуу жасап бардык күчтөрдү консолидацияга чакырды. Азыркы оппозиция канчалык деңгээлде бирдиктүү күч боло алат?

Эрика Марат: Отунбаеванын кайсы күчтөрдү биригүүгө чакырганы тууралуу эч нерсе айта албайм. Бирок 2005-2010-жылдары оппозиция консолидация болгон эмес, ошону эстен чыгарбоо керек. Алар ар кандай, ар башка максаттарды көздөгөн күчтөр эле. Алардын айрымдарынын көз караштары бири-биринен аябай эле айырмаланып турчу. Бирок аларга бир учурда чогулуп, ошол кездеги бийликке каршы турууга тоскоолдук болгон жок. Бул Кыргызстанда жана башка өлкөлөр үчүн да авторитаризм күчөгөн маалда ар кайсы саясий оппоненттер бир блокко айлануусу салттуу эле көрүнүш.

Путин Кыргызстандагы өнүгүүгө жана кийинки президенттин ким болоруна Орусиянын таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракет кылат. Муну менен ал Орусиянын аймактагы таасирин дагы бир жолу бекемдейт.

"Азаттык": Бүгүн Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин келет. Анын сапарынын алдында ушунун баары уюшулуп жатышы эмнеден кабар берет?

Эрика Марат: Албетте, жөн жерден эмес. Анткени Путин Кыргызстандагы өнүгүүгө жана кийинки президенттин ким болоруна Орусиянын таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракет кылат. Муну менен ал Орусиянын аймактагы таасирин дагы бир жолу бекемдейт. Ушундай эле максат менен ал Каримов дүйнөдөн кайтканда Өзбекстанга барган. Муну менен ал Каримовдон кийин президенттикке келе турган адамга оң көз карашта экенин билдирген. Бул жолку анын сапары да Москванын Кыргызстандын саясий курсундагы чоң маанилүүлүгүн көрсөтүүгө байланышкан.

"Азаттык": Бул саясий кырдаалдан кантип чыгуу керек? Мурдагы өнөктөштөр Атамбаев менен Текебаевдин конфронтациясы өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо кетирбейби?

Эрика Марат: Абдан оор жана олуттуу кырдаал түзүлүп жатат. Атамбаев өзүн өзү жарга такады. Эгер ал күч колдонуп нааразылыкка чыккандардын оозун жабам десе, оппозициянын каршылыгы күчөйт. Бул сөзсүз эле куралдуу күч эмес, мен жалпы басым-кысымды айтып жатам. Президент оппозицияны ооздуктоого аракет кылган сайын Бишкекте, аймактарда каршылык маанайы күчөйт. Эсиңерге сала кетсем, 2010-жылкы Кыргызстандагы окуяны же башка өлкөлөрдү алсак, оппозиция ушундай кырдаалда өрчүп кетерин байкасак болот. Дестабилдешүү тез эле тутанып кетет. Ошол себептүү Атамбаев да, оппозициялык күчтөргө да саясий процесстерге кылдат карап, өлкөдө бейстабилдүүлүк орношуна жол бербөөлөрү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG