Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:52

Президент Конституцияны өзгөртүүгө каршы эмес


Конституция майрамы. 5-май, 2011-жыл
Конституция майрамы. 5-май, 2011-жыл

Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн парламенттин кезексиз жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал Баш мыйзамдагы айрым мүчүлүштүктөр менен мыйзамдагы жылчыктар өлкөнүн өнүгүшүнө бөгөт болуп жатканын айтты.

- Өткөн чакырылышта фракция лидерлеринин Конституцияны өзгөртүү сунушун мен колдоп бергем. Бирок кийинки парламент кенен-кесири карасын дегем. Бизде парламенттик башкаруу деген менен андай эмес. Бүгүнкү күнгө чейин бир бутубуз менен парламенттик башкарууда, бир бутубуз менен президенттик башкарууда турабыз. Ошондуктан биз бара-бара өнүккөн Европа өлкөлөрүндөй толук эле парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Өткөн шайлоодо көрдүңүздөр, айрым партиялар формалдуу мыйзамды бузбаганы менен иш жүзүндө Конституцияны буйтап, айланып өтүп кетти. Демек азыркы Баш мыйзамдан жылчык таап, буйтап өтүп кете турган “тың” саясатчы, жигиттер аз эмес.

Президент шайлоо пропорционалдык системанын негизинде өткөн менен, парламенттик шайлоодо гендердик жана улуттук квоталар бузулганын, анын айынан 36 аялдын ордуна 24ү гана келгенин белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG