Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Атамбаев жемкорлукту жеңүүгө убада берди


Президент Алмазбек Атамбаев №82 мектептин ачылышында. 20-март, 2015-жыл.
Президент Алмазбек Атамбаев №82 мектептин ачылышында. 20-март, 2015-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектин четиндеги Ала-Тоо конушундагы казак каражатына оңдолуп бүткөн №82 мектепти ачты.

Президент англис тилин үйрөнүп жатканын, чет өлкөгө качпай турганын, кызматтан кеткиче коррупцияны жеңерин айтып, саясий-экономикалык, энергетикалык маселелерге учкай токтолду.

Алмазбек Атамбаев акыркы убактарда парламентте өзүн жамандап жатышканына токтолуп, бирок депутаттарга таарынбай турганын айтты:

- Менин ага кайгырбаганымдын себеби, анын баары калп. Анын үстүнө менин бул жактан качайын деген жерим жок. Иштеп берип, эки жарым жылдан кийин деле калам. Мен дайыма Кыргызстандын топурагы буюрсун деп тилейм.

Президент эмнени калпка чыгарганын ачык айткан жок. Ошондой эле өзүн кайсы депутат, эмне үчүн каралап жатканын да айтпады. Бирок акыркы убактарда анын Молдовага бейрасмий сапарын депутат Равшан Жээнбеков катуу сындап, Атамбаев аброю таза эмес ишкердин колдоосунда, жеке учак менен Молдовага барганы жана ал жактан жергиликтүү миллиардерлердин бири менен жолукканын айыптап чыккан.

Ала-Тоо конушу
Ала-Тоо конушу

Президенттик аппарат Атамбаев бул өлкөгө Орусия, Молдова жана Евробиримдиктин өз ара мамилесин талкуулоо үчүн барып, парламент төрагасы жана башкаруучу коалициядагы фракция лидери менен жолукканын билдирген.

Сынга карабастан президенттин маанайы ачык сыяктанды. Анткени он жылдан бери быйыл гана жазды чочулабай тосконун, өлкөгө стабилдүүлүк орногонун баса белгиледи. Адаттагыдай эле качан кызматтан кетерин эсептегенди унуткан жок. Мөөнөтү бүтөрүнө 2 жыл 7 ай калганын, ал арада коррупция менен күрөштү басаңдатпай турганын айтты:

- Коррупцияны баары бир аягына чыгарабыз. Анткени мени билесиңер, аялыңбы-күйөөңбү, өзүң болосуңбу жооп бериши керек. Министр, депутат, прокурорлор таза иштегенге көнүшү зарыл. Көнбөсө жазасын алат. Кыргызстанда кол тийбес адам жок.

Акыркы жылдары маалымат каражаттарында “пара менен кармалды”, “коррупциялык схемалар ачыкталды” деген кабарлар байма-бай айтылууда. Аида Салянова баш прокурор болуп турганда бир топ аткаминерлер коррупцияга айыпталып, абакка түштү.

Бектур Асанов
Бектур Асанов

Анткен менен оппозиция президент шайлангандан бери коррупцияны жеңем дегени менен натыйжа чыкпай жатат деп, анын айткандарына ишенбей турганын билдирип келет. Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү Бектур Асанов:

- Коррупция дегенде Кумтөрдү түшүнүүбүз керек. Бул президент турганда Кумтөр чечилбейт. Турмуш-тиричиликтеги коррупция оожалып кетти. Көчөгө чыксаң, МАИ токтотуп тыйын сурайт, башка жердеги иштер тыйынсыз бүтпөйт. Салянова кандайдыр бир деңгээлде киришти эле. Бирок коррупция күчтүүлүк кылып койдубу, Салянованы кайра коррупцияга салып берди.

Кумтөр демекчи, Атамбаев бул маселенин чечилбей жатканына кабатырланды:

- Албетте иштеши керек. Жалаң Кумтөр. Аны да иштетпей атабыз. Мен эки жыл мурун айткам, бул келишимди бүтүрүп койгула, Сатыбалдиевди колдоп койгула дегем. Антпей парламентте бакылдап атышты, эми аягында 50-50% дегенди түзө алабызбы же жокпу? Анткени эки жыл ичинде акциялар камакка алынды, башка нерселер болду.

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттеги талаш-тартыштан улам Кумтөр маселесинин чечилбей келатканына кошулат. Бирок "Центерра" менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда президенттин билдирүү жасап ийишин кескин сынга алды:

- 50%-50% деген сунуш менен "Центерра" бизге кайрылган эмес. Алар бизге 46% сунуш кылып атышкан. Анан элдин, парламенттин сүрүн көргөндөн кийин 4% он жылдан кийин аласыңар, андан ашыгын сатып алышыңар мүмкүн деп койгон. Бүгүн бизге сатып алганга да тыюу салды. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда президенттин ушинтип айтканы кыргыз тараптын далысына сайылган бычак. Мамлекет башчысы эч убакта 50-50% аша албайбыз деп кайра-кайра айтып атса, сүйлөшүп аткандар макул болмок беле?

Ошондой эле Атамбаев, мектепти салууда дегеле айрым маселелерди чечүүдө казак президенти Нурсултан Назарбаевдин ролу зор экендигин, казак эли аны кайра шайласа жаңылбасын белгиледи.

Кыргызстан энергетикадагы толук көз карандысыздыкка жетүүгө аз калганын, күзгө чейин Датка-Кемин линиясы, эмки жылы Камбар-Ата-2 ГЭСи бүтөрүн, быйыл Бишкектин көчөлөрүнө чоң маани берилерин, ага акча табылганын, өзү 58 жашында араң англис тилин үйрөнүп атканын, балдарды эртелей билимге каныктыруу зарылдыгын, бирок дипломдууларды шагыратып чыгара бербей сапаттуу адистерди даярдоо зарылдыгын, андай адис даярдай албаган окуу жайларды жабуу туура болорун айтты.

XS
SM
MD
LG