Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:35

Дүйшөн Сатыбалдиевге издөө жарыяланды


Дүйшөн Сатыбалдиев
Дүйшөн Сатыбалдиев

Мамлекеттик каттоо кызматынын калкты каттоо департаментинин мурдагы директору Дүйшөн Сатыбалдиев Ички иштер министрлиги тарабынан издөөгө алынды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтусунда, Сатыбалдиевге жасалма паспорт жасоого жол бергени үчүн кылмыш иши козголгон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 304 (Кызмат абалынан кыянат пайдалануу) жана 306 (Мамлекеттик сатып алууларга өз кызыкчылыгына байланыштуу келишим түзүү) беренелери боюнча айыпталууда.

Расмий маалыматтар боюнча, соңку эки жылда Кыргызстанда жасалма паспорт алгандардын саны 6000ден ашкан.

Ички иштер министрлиги Дүйшөн Сатыбалдиевди көргөн-билгендерди төмөнкү телефон номурларга кабар берүүсүн суранат: +996 550 788 737, +996 701 511 110.

Дүйшөн Сатыбалдиев аталган департаменттин директорлугуна 2013-жылдын 13-июнунда дайындалган. Быйыл 20-августта кызматтан алынган.(SE)

XS
SM
MD
LG