Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Сатыбалдиев үчүн "Ата Мекен" кадырын салабы?


Дүйшөн Сатыбалдиев
Дүйшөн Сатыбалдиев

Ички иштер министрлиги 28-октябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарды каттоо департаментинин мурдагы башчысы Дүйшөн Сатыбалдиевди кармаганын маалымдады.

Тартип коргоо органдары Дүйшөн Сатыбалдиевге ушул жылдын август айында издөө жарыялаган. Ага Каттоо кызматынын жарандарды каттоо департаментинин башчысы болуп турганда алты миңден ашык паспорттун мыйзамсыз берилиши, болгондо да басымдуусун чет өлкөлүк жарандар алышы боюнча кине тагылууда. Ички иштер кызматкерлеринин ишениминде, бул паспорттордогу ПИН-номурлар Социалдык фонддун уруксаты жок эле каалагандай берилген. Буга паспорт жасоочу компанияга тендер өткөрүүдө мыйзамды одоно бузган деген айып да кошулуп жатат.

Эки ай качып жүрүп, Бишкектен кармалды

ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Сатыбалдиевге эл аралык издөө жарыяланып, анын жүргөн жерин көргөндөргө өзүнчө сый пул каралган. 28-октябрда ИИМдин кылмышты иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери аны Бишкекте жүргөн жеринен кармашкан:

- Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн башкы тергөө башкармалыгына алып барылган. Андан соң убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Учурда тергөө иштери токтогон жок, алдыда дагы бир топ маалыматтар чыгат, бардык материалдарды биз сотко өткөрөбүз.

Дүйшөн Сатыбалдиевге 2011-жылы чет элдик жарандарга мыйзамсыз паспорт берүү боюнча финполиция кылмыш ишин козгоп, кийинчерээк ал кыскартылган. 2013-жылы кылмыш ишин кайрадан Ички иштер министрлиги жандантып, ага негиз катары Мамлекеттик каттоо кызматы паспорт жасоо компаниясына тендер өткөрүүдө мыйзам бузду деген негизди келтирген. Ага карабай Сатыбалдиев ушул жылдын август айына чейин жетекчилик кызматта иштеп келди.

Милиция аягына чейин барабы?

Мамлекеттик кызматкерге байланышкан кылмыш иши парламенттик шайлоого байланыштуу ал ишинен өз каалоосу менен кеткенден кийин жанданган. Ага байланыштуу “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмесинде 69-катарда турган Дүйшөн Сатыбалдиевди БШК каттаган эмес. Муну партия лидери Өмүрбек Текебаев саясий куугунтук катары баалаганы бар.

Саясат таануучу Турат Акимовдун пикиринде, Сатыбалдиевди тартип сакчылары шайлоодон кийин таап чыкканында жөн бар. Алар ишти аягына чейин жеткирип, биротоло аны жабууга кызыкдар экенин көрсөттү.

- Эми Сатыбалдиевге карата саясий куугунтук жүрүп жатат деп эч ким айта албайт. Шайлоо аяктады, милиция өз ишине киришти. Партиянын деле аны коргоого алы келбей калды, алдыда соттолуп кетиши чындыкка жакын болуп турат.

Ошол эле кезде Дүйшөн Сатыбалдиев өзү милициянын колуна түшүп берди деген пикирлер да айтылууда. Ал "Ата Мекен" партиясы түптөлгөндөн баштап партия лидеринин жанында жүргөндүктөн, партиялаштарына ишенип турат дегендер жок эмес.

"Атамекенчилер" партиялашын ара жолдо калтырбасын ачык айтышып, Сатыбалдиевге коюлган кинеде негиз жок экенин ырасташууда. Партия мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, “Ата Мекен” партиясы тергөөнүн ачык жүрүшүн талап кылат.

- Тергөө ачык-айкын жүрсө, Сатыбалдиев бат эле акталып чыгат. Себеби ал паспортту жасай турган компанияны аныктоодо тендердик комиссиянын төрагасы болгон эмес. Тендерден уткан компанияны атайын комиссия аныктайт. Ал эми Дүйшөн Сатыбалдиевдин ага тиешеси жок. Эң кызыгы, тендердик комиссиянын мүчөлөрүн эмес, комиссиянын чечимин аткарган кишини жоопко тартабыз деп жатат. Ошондуктан биз ал акталып чыгат деп бекем ишенебиз.

"Атамекенчилер" кадырын салышат"

Журналист Төлөгөн Сулаймановдун пикиринде, капчыктуу адамдардын бири катары эсептелген партиянын таасирдүү мүчөсү Сатыбалдиевди “Ата Мекен” партиясы коалицияга кирип калса, сотторго үстөмдүк кылып, актап чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

- Дүйшөн Сатыбалдиев - партия лидери Өмүрбек Текебаев үчүн керектүү адамдардын бири. "Ата Мекен" учурда эч кандай шарты жок эле коалицияга кирип баратат. Ошондуктан фракция алдыда бийликке кошулса, сотторго басым жасап эле Сатыбалдиевди чыгарып алат. Текебаев өлкөнүн түштүгүндө кетирип алган кадырын калыбына келтирем десе, Сатыбалдиевдин тагдырына кайдыгер карабайт.

Дүйшөн Сатыбалдиев “Ата Мекен” партиясынын тизмесиндеги Мелис Мырзакматовдон кийинки шайлоо учурунда издөө жарыяланган экинчи адам болчу. ПИН-номурларды өзгөртүү менен паспорт берилген деген негиздеги Сатыбалдиевдин экинчи ишинде аны менен чогуу Соцфонд, Каттоо кызматы жана ортомчуларды кошулуп 10 адамдын иши каралууда.

XS
SM
MD
LG